https://sputnik.kg/20241005/sukuk-islam-karzhy-baalu-sertifikaty-1089245169.html
Молдокматов: ислам баалуу кагаздары Орто Азияда актуалдуу болууда
Молдокматов: ислам баалуу кагаздары Орто Азияда актуалдуу болууда
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык шериктештик жана каржы ассоциациясынын төрагасы Асылбек Молдокматов ислам принцибиндеги баалуу кагаз болгон "сукук" тууралуу маалымат берди. 05.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-05T18:48+0600
2024-10-05T18:48+0600
2024-10-05T18:48+0600
асылбек молдокматов
радио
ислам каржысы
санарип
акча
сукук
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1b/1089049012_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_1b692d962076af6a5fecbf3ae2e85cbb.jpg
Молдокматов: ислам баалуу кагаздары Орто Азияда актуалдуу болууда
Sputnik Кыргызстан
Молдокматов: ислам баалуу кагаздары Орто Азияда актуалдуу болууда
Ислам каржы принцибинде иш жүргүзгөн "сукук" баалуу кагазы алгачкы ирет ачык сатууга чыкканы турат. Бул тууралуу Асылбек Молдокматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, былтыр ислам принцибинде иш жүргүзгөн баалуу кагаздар 19 миллиард 450 миллион сомго басылып чыккан.Ал "сукук" баалуу сертификаттары пенсионерлерден баштап ишкерлерге чейин ылайыктуу болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/1b/1089049012_226:0:2955:2047_1920x0_80_0_0_3531253036e2a2078432e89993dd52c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
асылбек молдокматов, ислам каржысы, санарип, акча, сукук, аудио
асылбек молдокматов, ислам каржысы, санарип, акча, сукук, аудио
Молдокматов: ислам баалуу кагаздары Орто Азияда актуалдуу болууда
Эл аралык шериктештик жана каржы ассоциациясынын төрагасы Асылбек Молдокматов ислам принцибиндеги баалуу кагаз болгон "сукук" тууралуу маалымат берди.
Ислам каржы принцибинде иш жүргүзгөн "сукук" баалуу кагазы алгачкы ирет ачык сатууга чыкканы турат. Бул тууралуу Асылбек Молдокматов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр ислам принцибинде иш жүргүзгөн баалуу кагаздар 19 миллиард 450 миллион сомго басылып чыккан.
"Кыргызстанда ислам принцибинде каржылоо системасына ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүктөн банктык бул тармак жакшы өнүгүүдө. Борбор Азия боюнча абдан активдүү иштеп жатат. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, ислам каржы принцибинде эки түрдүү баалуу кагаз чыгарууга уруксат берилген. Алар жабык түрүндө, бул инвестор менен түз иштешүү жана ачык түрүндө. Мында жалпы коомго ылайыкташып, сатып алуучулар жалпы кыргызстандыктар боло алат. Бул негизде иш алып барган "сукук" баалуу сертификаты алгач ирет ишке киргени турат. Ага 80-100 миллиард сом инвестиция кылууга даяр инвестролор бар. "Сукук" баалуу сертификаттары Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатыкка чыгат. 500 сом, 1000 сом, 10 000, 100 000 сом номиналындагы баалуу сертификаттар болот. Коопсуздугу да каралган. Ар бир сомдук баалуу кагаз материалдык каражатка байланат", — деди Молдокматов.
Ал "сукук" баалуу сертификаттары пенсионерлерден баштап ишкерлерге чейин ылайыктуу болорун кошумчалады.