https://sputnik.kg/20241007/kyrgyzstan-krsu-okuu-zhay-bilim-1089298521.html
КРСУну трансформациялоонун биринчи этабы жыйынтыкталды
КРСУну трансформациялоонун биринчи этабы жыйынтыкталды
Sputnik Кыргызстан
Жакында университеттин жаңы жетекчилиги дайындалат, ал Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунун эксперттик тобунун колдоосу менен КРСУнун позициясын бекемдөө боюнча ишти... 07.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-07T21:14+0600
2024-10-07T21:14+0600
2024-10-08T09:33+0600
кыргызстан
крсу
окуу жай
билим берүү
https://sputnik.kg/img/102413/84/1024138447_0:308:2486:1706_1920x0_80_0_0_037c8790314e270e803f0ab5cc242f12.jpg
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетин трансформациялоонун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.Кабарда былтыр университетке башкаруу тобу дайындалып, алдына трансформация жүргүзүп, КРСУну алдыңкы окуу жайлардын катарына кайтаруу милдети коюлганы жазылган. Аны ишке ашырууда окуу курстары эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырылып, инновациялык билим берүү долбоорлору ишке киргизилип, материалдык-техникалык база жаңыланганы белгиленди.
https://sputnik.kg/20240824/abiturient-kajsy-okuu-zhajga-kop-tapshyrdy-1088129907.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102413/84/1024138447_45:0:2776:2048_1920x0_80_0_0_3af401aedefd4e719148891a77f114b6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, крсу, окуу жай, билим берүү
кыргызстан, крсу, окуу жай, билим берүү
КРСУну трансформациялоонун биринчи этабы жыйынтыкталды
21:14 07.10.2024 (Жаңыртылды: 09:33 08.10.2024) Жакында университеттин жаңы жетекчилиги дайындалат, ал Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунун эксперттик тобунун колдоосу менен КРСУнун позициясын бекемдөө боюнча ишти улантат.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетин трансформациялоонун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарда былтыр университетке башкаруу тобу дайындалып, алдына трансформация жүргүзүп, КРСУну алдыңкы окуу жайлардын катарына кайтаруу милдети коюлганы жазылган. Аны ишке ашырууда окуу курстары эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтырылып, инновациялык билим берүү долбоорлору ишке киргизилип, материалдык-техникалык база жаңыланганы белгиленди.
"КРСУ Россиянын алдыңкы университеттери менен өнөктөштүк мамилелерди түздү. Бул байланыштар студенттердин жана мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгүнө, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жакынкы убакта, өкмөттөр аралык макулдашуунун жоболоруна ылайык, Россия тарап университеттин жаңы жетекчилигин дайындайт. Ал алдыңкы ЖОЖдордун эксперттик тобунун колдоосу менен КРСУнун позициясын бекемдөө боюнча ишти улантат”, — деп айтылат университеттин маалыматында.