https://sputnik.kg/20241010/bishkek-inspektsiya-bashalaman-sooda-1089337022.html
Бишкекте жол боюнда соода кылгандар менен муниципалдык инспекция күрөшмөй болду
Бишкекте жол боюнда соода кылгандар менен муниципалдык инспекция күрөшмөй болду
Sputnik Кыргызстан
Белгиленбеген жерлерде соода кылгандарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат. 10.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-10T08:56+0600
2024-10-10T08:56+0600
2024-10-10T08:56+0600
бишкек
мэрия
инспекция
башаламан соода
https://sputnik.kg/img/104240/11/1042401162_0:133:1280:853_1920x0_80_0_0_ceaa77c8b03dcb2f0af6423e893e5361.jpg
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы эми жол боюнда соода кылгандар менен күрөшүп, рейддерди өткөрө баштайт. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан билдиришти.Буга чейин мыйзамсыз башаламан соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген.Эске салсак, буга чейин "Башаламан соода" аталышындагы рейдди Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгы дагы жүргүзүп жатканы маалым болгон. Кайгуул кызматы жол боюна соода кылууга тыюу салынганын, анткени унааларды токтотуу дагы, өткөрүү дагы кыйынчылык жаратарын белгилеген.Милиция башаламан соода кылгандарды (0312) 53-01-81 номерине кабарлап же (0509) 102-122, (0777) 102-102 WhatsApp номерлерине жазып коюуну өтүнөт.
https://sputnik.kg/20240929/bishkek-mehriya-tashtandyny-kechinde-chygargyla-1089073295.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104240/11/1042401162_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_b854ff2670057e5952188987c7609410.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
бишкек, мэрия, инспекция, башаламан соода
бишкек, мэрия, инспекция, башаламан соода
Бишкекте жол боюнда соода кылгандар менен муниципалдык инспекция күрөшмөй болду
Белгиленбеген жерлерде соода кылгандарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы эми жол боюнда соода кылгандар менен күрөшүп, рейддерди өткөрө баштайт. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Буга чейин мыйзамсыз башаламан соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген.
"Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт. Белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат", — деп эскертти мэрия.
Эске салсак, буга чейин "Башаламан соода" аталышындагы рейдди Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгы дагы жүргүзүп жатканы маалым болгон. Кайгуул кызматы жол боюна соода кылууга тыюу салынганын, анткени унааларды токтотуу дагы, өткөрүү дагы кыйынчылык жаратарын белгилеген.
Милиция башаламан соода кылгандарды (0312) 53-01-81 номерине кабарлап же (0509) 102-122, (0777) 102-102 WhatsApp номерлерине жазып коюуну өтүнөт.