https://sputnik.kg/20241014/aksh-ozoktuk-kural-boyuncha-sujloshuugo-dayar-1089445601.html
АКШ Россия, Кытай жана КЭДР менен өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүгө даяр
АКШ Россия, Кытай жана КЭДР менен өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүгө даяр
Sputnik Кыргызстан
АКШ лидери өзөктүк курал-жарагын бекемдөөгө өлкө бийлиги канча каражат жумшап жатканын сөз кылган эмес. 14.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-14T10:33+0600
2024-10-14T10:33+0600
2024-10-14T10:33+0600
дүйнөдө
өзөктүк курал
акш
россия
кытай
түндүк корея
сүйлөшүүлөр
келишим
украина
курал-жарак
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/0e/1089444064_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9811da3908ac5682dc78d5dea3bf1dc5.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк куралдан биротоло баш тартышы керектигин, Америка Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен ушул багытта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Анткен менен өлкө башчысы АКШ өзүнүн өзөктүк арсеналын бекемдөө үчүн канча каражат жумшап жатканын айткан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Байден "өзөктүк арсеналды кыскартуу процессине жолтоо болуудан" жогорудагы мамлекеттер пайда таппай турганын белгилеген.АКШ президенти билдирүүсүн Нобель сыйлыгын тапшырууга байланыштуу жасаганы айтылды. Буга чейин 2024-жылы сыйлык Хиросима менен Нагасакини бомбалоодон кийин аман калган "Нихон Хиданкё" уюмуна бериле турганы белгилүү болгон.Анткен менен АКШ лидери өзөктүк курал-жарагын бекемдөөгө өлкө бийлиги канча каражат жумшап жатканын сөз кылган эмес.АКШнын ушул жылдын 1-октябрында башталган жаңы финансылык жылында федералдык бюджеттен стратегиялык кармап туруу күчтөрүн өнүктүрүүгө 49 миллиард доллар бөлүү каралган. Мындан тышкары, америкалык Конгресстин бюджет башкармалыгынын эсеби боюнча, АКШнын өзөктүк күчүнө 2023-2032-жылдар аралыгында 756 миллиард доллар сарптоо пландалган.АКШ администрациясы 2026-жылдын февралында аягына чыга турган стратегиялык чабуул коюучу курал-жарак тууралуу россиялык-америкалык келишимди узартуу ниетин билдирип, Россия президенти Владимир Путиндин чечимин күтүп жатканын айткан.Мындай "эл көзүнө" жасалган дипломатия Киевге куралдуу жардам көрсөтүү жана Россияны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылуу аракети менен коштолуп келет. Андан сырткары, АКШ Европага Киев үчүн деп байма-бай курал-жарак жөнөтүүдө, эми Германияга ыраакка атылуучу системаларды жайгаштырууну көздөп жатат.РФ ТИМи Москва АКШнын антироссиялык көз карашы өзгөрмөйүнчө стратегиялык чабуул коюучу курал-жарак тууралуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даяр эмес экенин ачык айтып келет. Октябрь айында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен жүрүшү керектигин билдирген. Анын айтымында, Европанын аскерий-өзөктүк инфраструктурасын эсепке албай, Европа мамлекеттерин четте калтырып жана стратегиялык коопсуздуктун башка бир элементтери тууралуу кеп козгобой туруп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү дээрлик мүмкүн эмес.
https://sputnik.kg/20241009/mariya-zaharova-brifing-sayasat-atajyn-operaciya-1089352090.html
акш
кытай
түндүк корея
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/0e/1089444064_91:0:2822:2048_1920x0_80_0_0_9752d254023812ee6c216b2998a99586.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, өзөктүк курал, акш, россия, кытай, түндүк корея, сүйлөшүүлөр, келишим, украина, курал-жарак
дүйнөдө, өзөктүк курал, акш, россия, кытай, түндүк корея, сүйлөшүүлөр, келишим, украина, курал-жарак
АКШ Россия, Кытай жана КЭДР менен өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүгө даяр
АКШ лидери өзөктүк курал-жарагын бекемдөөгө өлкө бийлиги канча каражат жумшап жатканын сөз кылган эмес.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк куралдан биротоло баш тартышы керектигин, Америка Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен ушул багытта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Анткен менен өлкө башчысы АКШ өзүнүн өзөктүк арсеналын бекемдөө үчүн канча каражат жумшап жатканын айткан жок. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Биз ааламды биротоло өзөктүк куралдан арылта турган күнгө умтула беришибиз керек. Кошмо Штаттар өзөктүк кооптуулукту азайтуу үчүн Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө даяр", — деп жазылат америкалык лидердин билдирүүсүндө.
Байден "өзөктүк арсеналды кыскартуу процессине жолтоо болуудан" жогорудагы мамлекеттер пайда таппай турганын белгилеген.
АКШ президенти билдирүүсүн Нобель сыйлыгын тапшырууга байланыштуу жасаганы айтылды. Буга чейин 2024-жылы сыйлык Хиросима менен Нагасакини бомбалоодон кийин аман калган "Нихон Хиданкё" уюмуна бериле турганы белгилүү болгон.
Анткен менен АКШ лидери өзөктүк курал-жарагын бекемдөөгө өлкө бийлиги канча каражат жумшап жатканын сөз кылган эмес.
АКШнын ушул жылдын 1-октябрында башталган жаңы финансылык жылында федералдык бюджеттен стратегиялык кармап туруу күчтөрүн өнүктүрүүгө 49 миллиард доллар бөлүү каралган. Мындан тышкары, америкалык Конгресстин бюджет башкармалыгынын эсеби боюнча, АКШнын өзөктүк күчүнө 2023-2032-жылдар аралыгында 756 миллиард доллар сарптоо пландалган.
АКШ администрациясы 2026-жылдын февралында аягына чыга турган стратегиялык чабуул коюучу курал-жарак тууралуу россиялык-америкалык келишимди узартуу ниетин билдирип, Россия президенти Владимир Путиндин чечимин күтүп жатканын айткан.
Мындай "эл көзүнө" жасалган дипломатия Киевге куралдуу жардам көрсөтүү жана Россияны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылуу аракети менен коштолуп келет. Андан сырткары, АКШ Европага Киев үчүн деп байма-бай курал-жарак жөнөтүүдө, эми Германияга ыраакка атылуучу системаларды жайгаштырууну көздөп жатат.
РФ ТИМи Москва АКШнын антироссиялык көз карашы өзгөрмөйүнчө стратегиялык чабуул коюучу курал-жарак тууралуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даяр эмес экенин ачык айтып келет. Октябрь айында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен жүрүшү керектигин билдирген. Анын айтымында, Европанын аскерий-өзөктүк инфраструктурасын эсепке албай, Европа мамлекеттерин четте калтырып жана стратегиялык коопсуздуктун башка бир элементтери тууралуу кеп козгобой туруп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү дээрлик мүмкүн эмес.