https://sputnik.kg/20241016/kyrgyzstan-krsu-sergey-volkov-1089505850.html
КРСУ ректорунун милдетин аткарган Волков расмий ишке кирди. Коюлган тапшырмалар
КРСУ ректорунун милдетин аткарган Волков расмий ишке кирди. Коюлган тапшырмалар
Sputnik Кыргызстан
Жаңы жетекчини жамаатка Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары... 16.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-16T12:45+0600
2024-10-16T12:45+0600
2024-10-16T12:45+0600
кыргызстан
крсу
сергей волков
жож
билим берүү
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/10/1089500894_0:40:1280:760_1920x0_80_0_0_16c9cd7f62add005b83d12d1f3798fa2.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде ректордун милдетин аткаруучу Сергей Волков расмий ишке киришти. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.Жаңы жетекчини жамаатка кеңейтилген окумуштуулар кеңешинде Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырган.Волков жаңы кызматтагы пландары жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, университетте бир катар көйгөйлөр топтолуп калган.
https://sputnik.kg/20241015/krsu-rektor-kyrgyzstan-elchi-zholuktu-1089481851.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/10/1089500894_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_55e7cf611c20997c2ec77e1bce836d8b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, крсу, сергей волков, жож, билим берүү
кыргызстан, крсу, сергей волков, жож, билим берүү
КРСУ ректорунун милдетин аткарган Волков расмий ишке кирди. Коюлган тапшырмалар
Жаңы жетекчини жамаатка Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырган.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде ректордун милдетин аткаруучу Сергей Волков расмий ишке киришти. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини жамаатка кеңейтилген окумуштуулар кеңешинде Россиянын илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский жана Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырган.
Волков жаңы кызматтагы пландары жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, университетте бир катар көйгөйлөр топтолуп калган.
"Окумуштуулар кеңеши университеттин убактылуу башкаруу структурасын бекитти. Жакынкы арада башкаруу кеңеши түзүлүп, анын курамына Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрү кирет. Бул орган университеттин жаңы уставын бекитет. Жаңы жетекчилик университетте аудит жүргүзүп, декандар менен жолугушууларды уюштуруп, учурдагы маселелерди талкуулоону пландоодо. Волковдун алдында турган негизги милдеттердин бири 2030-жылга чейин заманбап университет кампусун куруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

15 Тогуздун айы 2024, 13:00