00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Промышленность Кыргызстана и ЕАЭС: влияние инвестиций и интеграции
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Саламдашуу — адептин башаты. Канткенде жаштарга учурашуунун маанисин, адебин үйрөтөбүз?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги Российско-Кыргызского медиафорума: как медиа формируют ценности молодежи?
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Орто Азияда кыз-келиндердин арасынан чыккан биринчи хирург, академик Какиш Рыскулова
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
20:06
55 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мезенцев Минск конференциясын БРИКС диалогунун уландысы катары сыпаттады

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинск конференциясы
Минск конференциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2024
Жазылуу
Мамлекеттик катчы Батыш лидерлери Москва менен Минскинин позициясын уккусу келбей турганын айтып, муну саясий кереңдик катары сыпаттады.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Евразиялык коопсуздук боюнча Минск эл аралык экинчи конференция — Казандагы БРИКС саммитинде башталган диалогдун уландысы. Бул тууралуу союздук өлкөнүн мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Аталган конференция Россиянын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында Казанда өткөн мазмундуу, масштабдуу диалогдун уландысы болду. БРИКС бири-биринин принциптерин жана кызыкчылыктарын урматтаган, ар биринин үнү угула турган, көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрүн бириктирген формат катары ондогон өлкөлөргө өзүнүн баалуулугун жана жагымдуулугун көрсөттү", — деди Мезенцев.
Ал иш-чара Россия менен Беларуска болуп көрбөгөндөй басым жасалып жаткан маалда өтүп жатканын айтып, ишеним, теңдик, өнөктөштүк жана эл аралык укукка негизделген көп полярдуу дүйнөнүн моделин коргоо катары сунушталып жаткан күн тартибине көңүл бурарын белгиледи.
Мамлекеттик катчы Батыш лидерлери Москва менен Минскинин позициясын уккусу келбей турганын айтып, муну саясий кереңдик катары сыпаттады.
Ал ошондой эле Минск конференциясынын алкагында ШКУнун баш катчысынын орун басары Нурлан Ермекбаев менен жолугуп, Беларусь менен Россиянын союздук мамлекеттин форматындагы алакалары, интеграциялык программаларды ишке ашыруу боюнча тараптардын аракети тууралуу маалымат бергенин билдирди. Мамлекеттик катчынын айтымында, бул ШКУга мүчө өлкөлөр үчүн жакшы тажрыйба болуп калышы мүмкүн.
Евразиялык коопсуздук боюнча II Минск эл аралык конференциясы 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Беларустун борборунда өттү. Беларустун Тышкы иштер министрлиги конференциянын максаты — дүйнөдөгү негизги оюнчулардын ортосундагы аскердик жана саясий карама-каршылыктар шартында евразиялык коопсуздукту талкуулоо экенин белгиледи.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан баштап БРИКСке төрагалыкты алган. Быйыл уюмга жаңы мүчөлөр кирди. Эми аталган уюмга Россия Федерациясы, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет. Россиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны менен өтүүдө. Казанда БРИКСтин саммити 22-октябрдан 24-октябрга чейин созулду.
Тбилисиде Грузия жана АКШ желектерин кармап турган эркек менен бала - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2024
Лукашенко: ачык-айкындуулукка умтулган Грузия бийлигин Батыш басынтып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0