Мамытов: БРИКС дүйнөгө адилеттүү системаны алып келерине ишенгендер көбөйдү
"БРИКСти коомчулук адилеттүү дүйнөлүк саясатты, экономиканы кура алган күч катары кабыл алууда. Уюм мындай ишенимге жөн эле кирип калган жок. Ал демилге артынан демилге көтөрүп, иши менен тастыктап жатат. Дагы бир дүйнө коомчулугуна жакканы — бир тарапка гана ыңгайлуу болгон эрежеге баарын киргизбей, тескерисинче, улуттардын өздүгүн сактоо менен иш жүргүзүүгө жол ачылууда. Ошол эле каржы системасын алсак, Батыш мамлекеттериндей болуп өз валютасын күчтөндүрбөй, рубль, юань же рупий болсун, баары менен ийкемдүү иштеген клиринг системасын киргизүүгө аракет жасап жатат. АКШга БРИКСтин дагы бир жакпай жаткан учуру — ал өзүнүн технологиялык рыногун Кытайга, дан эгиндери анын ичинен өтө маанилүү болгон буудай рыногун Россияга тарттырып баратканында болууда", — деди Мамытов.