https://sputnik.kg/20241114/eaehb-menen-tushtuk-amerikanyn-ortosundagy-sooda-ostu-1090183969.html
ЕАЭБ менен Түштүк Американын ортосундагы сооданын көлөмү кыйла өстү
ЕАЭБ менен Түштүк Американын ортосундагы сооданын көлөмү кыйла өстү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ менен МЕРКОСУР (Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу) мамлекеттеринин ортосундагы соода кыйла өстү. Бул тууралуу Евразиялык... 14.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-14T16:44+0600
2024-11-14T16:44+0600
2024-11-14T17:20+0600
дүйнөдө
еаэб
түштүк америка
соода
экономика
идп
https://sputnik.kg/img/103584/20/1035842069_0:126:3195:1923_1920x0_80_0_0_fdd9e0bae9f673ed52828e61917c5189.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ менен МЕРКОСУР (Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу) мамлекеттеринин ортосундагы соода кыйла өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов билдирди.Ал Бразилиянын Финансы министрлигинин бажы процесстерин жөндөө катчылыгынын жетекчиси Клаудиа Томаз менен жолуккан.Анын айтымында, жалпы сооданын 87,9 пайызы Бразилияга туш келет. Сегиз айда 2023-жылга салыштырмалуу 15,9 пайызга жогорулаган. Ал эми ЕАЭБден Бразилияга жасалган экспорттун көлөмү 32,1 пайызга өскөн.МЕРКОСУР — 1991-жылы негизделген Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу. Бүгүнкү күндө курамына Аргентина, Бразилия, Венесуэла, Парагвай жана Уругвай кирет. Жалкы калкынын саны 300 миллиондон, ИДПсы 3 триллион доллардан ашат (Бразилияга 70 пайызы туура келет).
https://sputnik.kg/20241113/yeaebdegi-kyrgyzstandagy-ondurush-kolomu-ostu-1090153676.html
түштүк америка
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103584/20/1035842069_231:0:2962:2048_1920x0_80_0_0_178c28e33739df2d653a6e5f5e570403.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, еаэб, түштүк америка, соода, экономика, идп
дүйнөдө, еаэб, түштүк америка, соода, экономика, идп
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ менен МЕРКОСУР (Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу) мамлекеттеринин ортосундагы соода кыйла өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов билдирди.
Ал Бразилиянын Финансы министрлигинин бажы процесстерин жөндөө катчылыгынын жетекчиси Клаудиа Томаз менен жолуккан.
"Быйылкы жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен МЕРКОСУРдун ортосундагы соода былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 16,7 пайызга өскөн", — деди Давыдов.
Анын айтымында, жалпы сооданын 87,9 пайызы Бразилияга туш келет. Сегиз айда 2023-жылга салыштырмалуу 15,9 пайызга жогорулаган. Ал эми ЕАЭБден Бразилияга жасалган экспорттун көлөмү 32,1 пайызга өскөн.
МЕРКОСУР — 1991-жылы негизделген Түштүк Америка өлкөлөрүнүн соода союзу. Бүгүнкү күндө курамына Аргентина, Бразилия, Венесуэла, Парагвай жана Уругвай кирет. Жалкы калкынын саны 300 миллиондон, ИДПсы 3 триллион доллардан ашат (Бразилияга 70 пайызы туура келет).