https://sputnik.kg/20241114/rayym-matraimov-byudzhet-200-mln-dollar-tolodu-1090177669.html
Ташиев Матраимов бюджетке 200 млн. доллар төлөп үй камагына чыкканын айтты
Ташиев Матраимов бюджетке 200 млн. доллар төлөп үй камагына чыкканын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөп үй... 14.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-14T12:22+0600
2024-11-14T12:22+0600
2024-11-14T12:25+0600
кыргызстан
үй камагы
сот
кылмыш
райымбек матраимов
бюджет
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1f/1067396895_444:221:993:530_1920x0_80_0_0_87e578e8b24515c0e60ac489c3c6a748.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөп үй камагына чыкты. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев парламентте депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.Депутат "Райым Матраимов эмнеге түрмөдөн чыкты, бюджетке акча төлөдүбү" деген суроо узаткан.Эске салсак, Райым Матраимовго үстүбүздөгү жылдын январь айында издөө жарыяланып, апрелде колго түшүрүлгөн. Ал эми март айында соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу (адалдоо") беренелери менен күнөөлөнүп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деп шектелүүдө.
https://sputnik.kg/20241114/dobushtardy-satyp-aluuga-shektelip-eks-deputat-karamushkina-karmaldy-1090170180.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1f/1067396895_406:159:1027:625_1920x0_80_0_0_b5bfcb26df4e5b3c2ee644f477f1f60c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, үй камагы, сот, кылмыш, райымбек матраимов, бюджет
кыргызстан, үй камагы, сот, кылмыш, райымбек матраимов, бюджет
Ташиев Матраимов бюджетке 200 млн. доллар төлөп үй камагына чыкканын айтты
12:22 14.11.2024 (Жаңыртылды: 12:25 14.11.2024) БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөп үй камагына чыкты. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев парламентте депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат "Райым Матраимов эмнеге түрмөдөн чыкты, бюджетке акча төлөдүбү" деген суроо узаткан.
"Матраимов кармалганда үч кылмыш ишин козгогонбуз: "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү", "Бейбаштык", "Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу". Сегиз ай тергедик, эки күн мурун чыгардык. Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд сом) төлөп, анан чыкты. Буга чейин 2,5 миллиард сом төлөгөн. Жалпысынан Матримов бюджетке 19,5 миллиард сом төлөдү. Анын баарын накталай төлөгөн жок, мүлкү менен да төлөдү. Мүлкүнүн баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан кылып алдык", — деди УКМК төрагасы.
Эске салсак, Райым Матраимовго үстүбүздөгү жылдын январь айында издөө жарыяланып, апрелде колго түшүрүлгөн. Ал эми март айында соттун чечими менен
тергөө абагына киргизилген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу (адалдоо") беренелери менен күнөөлөнүп жатат. Ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деп шектелүүдө.