https://sputnik.kg/20241119/putin-ozoktuk-kural-1090276891.html
Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти
Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Президент Владимир Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти. Документти Кремль жарыялады. 19.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-19T15:33+0600
2024-11-19T15:33+0600
2024-11-19T15:33+0600
россия
саясат
владимир путин
кол коюу
тышкы саясат
өзөктүк курал
ооздуктоо
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1b/1076590955_0:0:2127:1197_1920x0_80_0_0_5087a385c1a1dad4616ba1326e010a19.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Президент Владимир Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти. Документти Кремль жарыялады.Жарлык кол коюлган күндөн тарта, тагыраагы, 19-ноябрдан баштап күчүнө кирет.25-сентябрда Путин Коопсуздук кеңештин өзөктүк куралды ооздуктоо боюнча жыйынында өлкөнүн өзөктүк доктринасынын жаңыланышын жарыялады. Ал өзөктүк куралы жок ар бир мамлекеттин Россияга жасаган агрессиясы өзөктүк державалардын колдоосу менен алардын биргелешкен чабуулу катары караларын баса белгиледи. Ошол эле учурда Москва агрессия болгон учурда, анын ичинде душман кадимки куралды колдонуп, суверенитетке олуттуу коркунуч жаратса өзөктүк куралды колдонуу укугун өзүнө калтырат.Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын өзөктүк доктринасындагы өзгөртүүлөр дос эмес өлкөлөргө белги экенин айтты. Ал Путиндин сөздөрүнүн олуттуулугун эси бар мамлекет башчылары мурда эле түшүнүшкөнүн белгиледи.
https://sputnik.kg/20241105/uchunchu-dujnoluk-sogush-chykpashy-uchun-ehmne-kyluu-kerek-1090002433.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/1b/1076590955_121:0:2006:1414_1920x0_80_0_0_ebe2c37342771a418729ed0a462ffe2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, саясат, владимир путин, кол коюу, тышкы саясат, өзөктүк курал, ооздуктоо
россия, саясат, владимир путин, кол коюу, тышкы саясат, өзөктүк курал, ооздуктоо
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Президент Владимир Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти. Документти
Кремль жарыялады.
Жарлык кол коюлган күндөн тарта, тагыраагы, 19-ноябрдан баштап күчүнө кирет.
"Өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясат коргонуу мүнөзүнө ээ. Ал өзөктүк күчтөрдүн потенциалын өзөктүк ооздуктоонун жетиштүү деңгээлинде кармап турууга багытталган жана суверендүүлүктү, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоого, Россия менен анын союздаштарын душмандардан коргоого кепилдик берет. Ал эми согуштук кагылышуу болгон учурда — согуштук аракеттердин күчөшүнө жол бербөө жана Россия менен (же) анын союздаштары үчүн алгылыктуу шарттарда токтотуу каралды", — деп айтылат документте.
25-сентябрда Путин Коопсуздук кеңештин өзөктүк куралды ооздуктоо боюнча жыйынында өлкөнүн өзөктүк доктринасынын жаңыланышын жарыялады. Ал өзөктүк куралы жок ар бир мамлекеттин Россияга жасаган агрессиясы өзөктүк державалардын колдоосу менен алардын биргелешкен чабуулу катары караларын баса белгиледи. Ошол эле учурда Москва агрессия болгон учурда, анын ичинде душман кадимки куралды колдонуп, суверенитетке олуттуу коркунуч жаратса өзөктүк куралды колдонуу укугун өзүнө калтырат.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын өзөктүк доктринасындагы өзгөртүүлөр дос эмес өлкөлөргө белги экенин айтты. Ал Путиндин сөздөрүнүн олуттуулугун эси бар мамлекет башчылары мурда эле түшүнүшкөнүн белгиледи.