https://sputnik.kg/20241120/kamchybek-tashiyev-korkutuu-kat-keldi-1090307805.html
Камчыбек Ташиев ага коркутуу каты келгенин билдирди
Камчыбек Ташиев ага коркутуу каты келгенин билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Камчыбек Ташиев өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутуу каты келгенин айтты. Бул тууралуу АКИpress кабарлады. 20.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-20T18:30+0600
2024-11-20T18:30+0600
2024-11-21T10:22+0600
кыргызстан
укмк
камчыбек ташиев
коркутуу
кат
криминал
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/14/1090306375_0:107:2048:1259_1920x0_80_0_0_d00d673a813421bc2a69cca026aac311.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Камчыбек Ташиев өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутуу каты келгенин айтты. Бул тууралуу АКИpress кабарлады.Ташиев окуя уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөн кийин башталганын айтып, бул туурасында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коомго жарыялап жатканын билдирген.АКИpress агенттигинин маалыматында, УКМК башчысы катты иш сапарынан келгенден кийин алган. Конверттин ичине флешка салынып, сыртына “Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке өзүнө” деп жазылган.Ал ошондой эле катта өзүн жана үй-бүлөсүн жок кылбаш үчүн белгилүү шарттарды аткарышы керектиги айтылганын кошумчалады.“Бул жерде түз коркутуу бар. Бул атайын кызматтардын жана кызматкерлеринин иши экени көрүнүп турат, ага кримтөбөлдөр менен ишкерлер көп акча төлөгөн”, — деди Ташиев.Ал өлкөдө криминал менен олигархтар болбой турганын, катты жөнөткөндөрдөн коркпой турганын айткан.“Бул адамдар менен “согуш” уланууда. Өлкөбүз мыйзамды сактаган, демократиялык өлкө болот. Башка өлкөлөрдөн артта калбайбыз. Бизге бут тосушууда, бирок экономикабызда жылыш бар. Азырынча азыраак, бирок бул башаты гана”, — деген Ташиев.
https://sputnik.kg/20241120/tashievge-kol-saluunu-plandagan-kishi-karmaldy-1090290985.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/14/1090306375_114:0:1934:1365_1920x0_80_0_0_39bf88816279553be9980ad3edf5d80b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, камчыбек ташиев, коркутуу, кат, криминал
кыргызстан, укмк, камчыбек ташиев, коркутуу, кат, криминал
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Камчыбек Ташиев өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата коркутуу каты келгенин айтты. Бул тууралуу АКИpress кабарлады.
Ташиев окуя уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөн кийин башталганын айтып, бул туурасында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коомго жарыялап жатканын билдирген.
АКИpress агенттигинин маалыматында, УКМК башчысы катты иш сапарынан келгенден кийин алган. Конверттин ичине флешка салынып, сыртына “Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке өзүнө” деп жазылган.
“Флешканын ичиндеги маалымат президентке жеткирилди. Катты ким калтырганын аныктоо оорчулук жаратпайт. Президенттин тапшырмасы менен тергөө жүрүүдө. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМКга тапшырма берилди. Эгерде мага, президентке же биздин үй-бүлө мүчөлөрүнө бир нерсе болсо, бул маалымат боюнча баары кабардар болушу керек”, — деген УКМК төрагасы.
Ал ошондой эле катта өзүн жана үй-бүлөсүн жок кылбаш үчүн белгилүү шарттарды аткарышы керектиги айтылганын кошумчалады.
“Бул жерде түз коркутуу бар. Бул атайын кызматтардын жана кызматкерлеринин иши экени көрүнүп турат, ага кримтөбөлдөр менен ишкерлер көп акча төлөгөн”, — деди Ташиев.
Ал өлкөдө криминал менен олигархтар болбой турганын, катты жөнөткөндөрдөн коркпой турганын айткан.
“Бул адамдар менен “согуш” уланууда. Өлкөбүз мыйзамды сактаган, демократиялык өлкө болот. Башка өлкөлөрдөн артта калбайбыз. Бизге бут тосушууда, бирок экономикабызда жылыш бар. Азырынча азыраак, бирок бул башаты гана”, — деген Ташиев.