https://sputnik.kg/20241121/batysh-civilizaciyasy-ustomduk-kylgan-door-sonuna-chykty-orban-1090328838.html
Орбан Батыш цивилизациясы үстөмдүк кылган доор соңуна чыкканын айтты
Орбан Батыш цивилизациясы үстөмдүк кылган доор соңуна чыкканын айтты
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы Батыштын санкциялар камтылган саясатынан улам дүйнөлүк экономика батыш жана чыгыш блокторго бөлүнүп калуу тобокелчилигинде турганын эскерткен. 21.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-21T18:18+0600
2024-11-21T18:18+0600
2024-11-21T18:18+0600
дүйнөдө
венгрия
виктор орбан
батыш
чыгыш
цивилизация
экономика
евразия
https://sputnik.kg/img/07e8/04/11/1084318789_0:193:3072:1921_1920x0_80_0_0_95f87ee08a993e0b0f2c4af54a5ef607.jpg
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Батыш цивилизациясынын 500 жылдан бери үстөмдүк кылып келе жаткан доору соңуна чыкты, аалам чордонун Батышка оодаруу стратегиясы кыйрап, дүйнөлүк экономика Чыгышка нугун бурду, кийинки кылым Евразиянын мезгили болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Будапештте өтүп жаткан "Евразия" форумунда билдиргенин РИА Новости жазды. "Батыш цивилизациясынын 500 жылдык үстөмдүгү аяктады... Бүтүндөй дүйнө батыш модели менен түзүлүп, тандалып алынган элдер буга экономикалык жана финансылык кызыкчылыгын алмаштырууга даяр болот деген идея ишке ашкан жок", — деген премьер-министр.Орбандын айтымында, ушу тапта Азия мамлекеттери "күчтүүлүк кылып, бутуна туруп, экономикалык жана саясий жактан көз каранды болбой жашап кетерин далилдешти". Натыйжада "дүйнөлүк экономиканын нугу Чыгышка бурулуп, чыгыш экономикасы Батыштыкына караганда төрт эсе ылдам өнүгүүдө".Премьер-министр "кийинки кылым Евразиянын доору болорун" божомолдоду. Анын айтымында, Евразия Жер калкынын 70 пайызы жашаган жана дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 70 пайыздан ашкан эң ири континент болуп саналат."Европа бүгүнкү күндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам жеңилген тарап болуп саналат. Сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнө келсек, эгер Евробиримдик АКШнын бир бөлүгү болсо жакырчылык боюнча үчүнчү орунда турган штат болмок. Бул Европа дайым жеңилүүгө дуушар болуп келгенин, азыр да биринчи кезекте турган жеңилүүчү экенин көрсөтөт. Дүйнөлүк экономиканын тизмесинде турган алдыңкы бештикте Европа мамлекеттери жок", — деди Орбан.Премьердин айтымында, Европа азыр өзүн евразиялык контекстке да сыйдыра албайт, бүгүнкү күндө европалык лидерлердин арасында бөлүп-жаруу идеясынан алыс, Азия мамлекеттери менен карым-катыш түзүп, Европа Евразиянын бир бөлүгү деген жүйө менен түзүлгөн кырдаалдан пайда көрүүгө "акыл-эси жетиги" жок. Демек, Европа дагы көп жылдар бою артта калып келе берет.Буга чейин Орбан Батыштын санкциялар камтылган саясатынан улам дүйнөлүк экономика батыш жана чыгыш блокторго бөлүнүп калуу тобокелчилигинде турганын эскерткен. Анын айтымында, Венгрия тигил тарапка да, бул жагына да кошулууну каалабайт, бирок эки жээк менен тең экономикалык алаканы сактап калууга ниети күч. Батыштын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп бара жаткан мезгилде Венгрия дүйнөлүк моделдерден иргеп, өзүнүн экономикалык моделин табууга кызыкдар.Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто да Будапешт жаңы кансыз согуш жана Чыгыш менен Батышты эки жээкке бөлгөн "темир тор" идеяларын колдобой турганын бир нече ирет белгилеген. Анын айтымында, Европа экономикалык кыйроонун алдын алып азыркы геосаясий кырдаалда Азия менен кызматташтыгын күчөтүүсү зарыл. Сийярто ири экономикалык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү Чыгыш мамлекеттери деген пикирде.
https://sputnik.kg/20240719/orban-ebge-rossiya-boyuncha-sunush-kirgizdi-1087147690.html
венгрия
батыш
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/11/1084318789_0:238:2413:2048_1920x0_80_0_0_f34f8d09093d28945ece706ac7a9883d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, венгрия, виктор орбан, батыш, чыгыш, цивилизация, экономика, евразия
дүйнөдө, венгрия, виктор орбан, батыш, чыгыш, цивилизация, экономика, евразия
Орбан Батыш цивилизациясы үстөмдүк кылган доор соңуна чыкканын айтты
Өкмөт башчы Батыштын санкциялар камтылган саясатынан улам дүйнөлүк экономика батыш жана чыгыш блокторго бөлүнүп калуу тобокелчилигинде турганын эскерткен.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Батыш цивилизациясынын 500 жылдан бери үстөмдүк кылып келе жаткан доору соңуна чыкты, аалам чордонун Батышка оодаруу стратегиясы кыйрап, дүйнөлүк экономика Чыгышка нугун бурду, кийинки кылым Евразиянын мезгили болот. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Будапештте өтүп жаткан "Евразия" форумунда билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Батыш цивилизациясынын 500 жылдык үстөмдүгү аяктады... Бүтүндөй дүйнө батыш модели менен түзүлүп, тандалып алынган элдер буга экономикалык жана финансылык кызыкчылыгын алмаштырууга даяр болот деген идея ишке ашкан жок", — деген премьер-министр.
Орбандын айтымында, ушу тапта Азия мамлекеттери "күчтүүлүк кылып, бутуна туруп, экономикалык жана саясий жактан көз каранды болбой жашап кетерин далилдешти". Натыйжада "дүйнөлүк экономиканын нугу Чыгышка бурулуп, чыгыш экономикасы Батыштыкына караганда төрт эсе ылдам өнүгүүдө".
"Канча кылымдан бери Батыш эң эле акылдуу, өнүккөн, бай аталып көнүп калган. Андай болбой калганын моюнга алуу жеңил нерсе эмес", — деген Венгриянын өкмөт башчысы.
Премьер-министр "кийинки кылым Евразиянын доору болорун" божомолдоду. Анын айтымында, Евразия Жер калкынын 70 пайызы жашаган жана дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 70 пайыздан ашкан эң ири континент болуп саналат.
"Европа бүгүнкү күндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам жеңилген тарап болуп саналат. Сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнө келсек, эгер Евробиримдик АКШнын бир бөлүгү болсо жакырчылык боюнча үчүнчү орунда турган штат болмок. Бул Европа дайым жеңилүүгө дуушар болуп келгенин, азыр да биринчи кезекте турган жеңилүүчү экенин көрсөтөт. Дүйнөлүк экономиканын тизмесинде турган алдыңкы бештикте Европа мамлекеттери жок", — деди Орбан.
Премьердин айтымында, Европа азыр өзүн евразиялык контекстке да сыйдыра албайт, бүгүнкү күндө европалык лидерлердин арасында бөлүп-жаруу идеясынан алыс, Азия мамлекеттери менен карым-катыш түзүп, Европа Евразиянын бир бөлүгү деген жүйө менен түзүлгөн кырдаалдан пайда көрүүгө "акыл-эси жетиги" жок. Демек, Европа дагы көп жылдар бою артта калып келе берет.
Буга чейин Орбан Батыштын санкциялар камтылган саясатынан улам дүйнөлүк экономика батыш жана чыгыш блокторго бөлүнүп калуу тобокелчилигинде турганын эскерткен. Анын айтымында, Венгрия тигил тарапка да, бул жагына да кошулууну каалабайт, бирок эки жээк менен тең экономикалык алаканы сактап калууга ниети күч. Батыштын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп бара жаткан мезгилде Венгрия дүйнөлүк моделдерден иргеп, өзүнүн экономикалык моделин табууга кызыкдар.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто да Будапешт жаңы кансыз согуш жана Чыгыш менен Батышты эки жээкке бөлгөн "темир тор" идеяларын колдобой турганын бир нече ирет белгилеген. Анын айтымында, Европа экономикалык кыйроонун алдын алып азыркы геосаясий кырдаалда Азия менен кызматташтыгын күчөтүүсү зарыл. Сийярто ири экономикалык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү Чыгыш мамлекеттери деген пикирде.