https://sputnik.kg/20241122/kyrgyzstan-eaeb-russia-chektoo-1090352082.html
Кулубаев: мигранттар үчүн чектөөлөрдүн КР жарандарына тиешеси болбошу керек
Кулубаев: мигранттар үчүн чектөөлөрдүн КР жарандарына тиешеси болбошу керек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын чет элдиктер үчүн киргизип жаткан чектөөлөрү Кыргызстандын жарандарына жайылтылбашы керек. Анткени өлкө ЕАЭБдин мүчөсү... 22.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-22T16:30+0600
2024-11-22T16:30+0600
2024-11-22T16:30+0600
кыргызстан
еаэб
жээнбек кулубаев
россия
мигрант
https://sputnik.kg/img/07e8/02/05/1082448695_0:62:1200:737_1920x0_80_0_0_7bbd3f1077987df532dda66cf1c9066c.jpg.webp
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын чет элдиктер үчүн киргизип жаткан чектөөлөрү Кыргызстандын жарандарына жайылтылбашы керек. Анткени өлкө ЕАЭБдин мүчөсү болуп саналат. Бул тууралуу республиканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев РИА Новостиге курган маегинде билдирди. Ал Кыргызстандын жарандарына карата Россияга кирүү жана анда жүрүү эрежелери өзгөрбөгөнүн, кошумча талаптар да жок экенин белгиледи. Анткен менен "Крокус сити холлдогу" каргашалуу окуядан кийин Россиянын көзөмөл-өткөрмө пунктуларында коопсуздукту камсыздоого багытталган текшерүү иштери уланып жатканын кошумчалады.Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына преференциялар каралганын эске салды.
https://sputnik.kg/20241122/rossiya-emgek-migranttarga-muktazh-1090344449.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/05/1082448695_68:0:1133:799_1920x0_80_0_0_145e2d22b58bc26764a54803f6c77a05.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, жээнбек кулубаев, россия, мигрант
кыргызстан, еаэб, жээнбек кулубаев, россия, мигрант
Кулубаев: мигранттар үчүн чектөөлөрдүн КР жарандарына тиешеси болбошу керек
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын чет элдиктер үчүн киргизип жаткан чектөөлөрү Кыргызстандын жарандарына жайылтылбашы керек. Анткени өлкө ЕАЭБдин мүчөсү болуп саналат. Бул тууралуу республиканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев
РИА Новостиге курган маегинде билдирди.
Ал Кыргызстандын жарандарына карата Россияга кирүү жана анда жүрүү эрежелери өзгөрбөгөнүн, кошумча талаптар да жок экенин белгиледи. Анткен менен "Крокус сити холлдогу" каргашалуу окуядан кийин Россиянын көзөмөл-өткөрмө пунктуларында коопсуздукту камсыздоого багытталган текшерүү иштери уланып жатканын кошумчалады.
"Миграциялык режимди катаалдантуунун алкагында Россиянын чет элдиктер үчүн киргизген чектөөлөрү Кыргызстандын жарандарына жайылтылбашы керек деп эсептейбиз. Анткени биздин өлкө — ЕАЭБдин мүчөсү", — деди Кулубаев.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына преференциялар каралганын эске салды.