https://sputnik.kg/20241125/izrail-dmitriy-peskov-sogush-askerdik-1090402526.html
Кремль: Газа оор гуманитардык кризиске батты, Ливанда да абал татаал
Кремль: Газа оор гуманитардык кризиске батты, Ливанда да абал татаал
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Газа үрөй учурган гуманитардык кризиске батты, Ливанда дагы кырдаал курч. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий... 25.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-25T16:40+0600
2024-11-25T16:40+0600
2024-11-25T17:45+0600
дүйнөдө
израиль
газа сектору
дмитрий песков
согуш
аскердик операция
“хезболлах” кыймылы
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/19/1090405457_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_9cf237b7c6df3cb2641265ebbbf14f68.jpg
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Газа үрөй учурган гуманитардык кризиске батты, Ливанда дагы кырдаал курч. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Изарилдин коргонуу аскери (ЦАХАЛ) Бейруттун түштүгүндөгү "Хезболла" кыймылынын командалык борборлоруна 12 сокку урганын билдирген.1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө "Хезболла" кыймылына каршы операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү бомбалоодо. Натыйжада жай тургундар, шиит кыймылынын лидерлери набыт болуп, миллиондон ашуун адамдар качкынга айланган. Жоготууларга карабастан кыймыл салгылашып, Израилдин аймагына ракеталык чабуулдарды токтотпой жатат.Аскердик кампаниянын негизги максаты катары "Хезболла" кыймылынын бир жыл мурдагы чабуулунан улам эвакуацияланган 60 миң тургундун кайтып келишине шарт түзүү айтылууда.
https://sputnik.kg/20241121/izrail-palestina-order-1090331647.html
израиль
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/19/1090405457_0:323:2300:2048_1920x0_80_0_0_549494e6f9441336e30c260e98925cf9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, израиль, газа сектору, дмитрий песков, согуш, аскердик операция, “хезболлах” кыймылы
дүйнөдө, израиль, газа сектору, дмитрий песков, согуш, аскердик операция, “хезболлах” кыймылы
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Газа үрөй учурган гуманитардык кризиске батты, Ливанда дагы кырдаал курч. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Газа тууралуу айтсак, ал жактагы коркунучтуу гуманитардык кризиске күбө болуп жатабыз. Ливанда да абал оор", — деди Песков жакында Израилдин аба күчтөрүнүн Бейруттун түштүгүнө жасаган соккуларына комментарий берип жатып.
Буга чейин Изарилдин коргонуу аскери (ЦАХАЛ) Бейруттун түштүгүндөгү "Хезболла" кыймылынын командалык борборлоруна 12 сокку урганын билдирген.
1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө "Хезболла" кыймылына каршы операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү бомбалоодо. Натыйжада жай тургундар, шиит кыймылынын лидерлери набыт болуп, миллиондон ашуун адамдар качкынга айланган. Жоготууларга карабастан кыймыл салгылашып, Израилдин аймагына ракеталык чабуулдарды токтотпой жатат.
Аскердик кампаниянын негизги максаты катары "Хезболла" кыймылынын бир жыл мурдагы чабуулунан улам эвакуацияланган 60 миң тургундун кайтып келишине шарт түзүү айтылууда.