https://sputnik.kg/20241126/bortnikov-batyshtyn-kmshdagy-kyrdaaldy-kurchutuu-araketi-tuuraluu-aytty-1090429181.html
Курал берип, добуштарды бурмалап... Батыштын КМШдагы абалды чайпалтуу аракети
Курал берип, добуштарды бурмалап... Батыштын КМШдагы абалды чайпалтуу аракети
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. НАТОнун бир катар мамлекеттери КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы тараптарды эки жаат кылып, чатакты ырбатуу максатында аларга куралды... 26.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-26T20:06+0600
2024-11-26T20:06+0600
2024-11-26T20:06+0600
дүйнөдө
кмш
батыш
нато
акш
кооптуулук
украина
александр бортников
фсб
атайын кызматтар
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1a/1090429901_0:156:2994:1840_1920x0_80_0_0_258c256cbc31bd90052c1029ed87361b.jpg
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. НАТОнун бир катар мамлекеттери КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы тараптарды эки жаат кылып, чатакты ырбатуу максатында аларга куралды болушунча шыкап берип жатат. Бул туурасында ФСБ директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын, коопсуздук боюнча органдардын жетекчилеринин отурумунда айтты.Ал АКШ КМШ өлкөлөрүндө башаламандык уюштурууну максат кылып алсыз ресурстук база түзгөнүн кошумчалады.ФСБ жетекчисинин Москвадагы аталган жолугушууда айткандарынын өзгөчө маанилүү учурлары:
https://sputnik.kg/20241126/naryshkin-batyshtyn-niyeti-tuuraluu-aytty-1090426355.html
кмш
батыш
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/1a/1090429901_166:0:2826:1995_1920x0_80_0_0_c37f7d8528bd011e50d891eefd39d127.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кмш, батыш, нато, акш, кооптуулук, украина, александр бортников, фсб, атайын кызматтар
дүйнөдө, кмш, батыш, нато, акш, кооптуулук, украина, александр бортников, фсб, атайын кызматтар
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. НАТОнун бир катар мамлекеттери КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы тараптарды эки жаат кылып, чатакты ырбатуу максатында аларга куралды болушунча шыкап берип жатат. Бул туурасында ФСБ директору Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын, коопсуздук боюнча органдардын жетекчилеринин отурумунда айтты.
Ал АКШ КМШ өлкөлөрүндө башаламандык уюштурууну максат кылып алсыз ресурстук база түзгөнүн кошумчалады.
ФСБ жетекчисинин Москвадагы аталган жолугушууда айткандарынын өзгөчө маанилүү учурлары:
НАТО Кара деңиз менен Каспийге чыга турган согуштук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү караштырып жатат;
альянс союздаш Россия менен Беларустун чек араларында бекем орун алып, Арктика менен Балтика деңизинин аймактарына тереңдеп кирүүсүн активдештирүүдө;
англосакстар унчукпай Киевди өзөктүк террорчулук акциясын өткөрүүгө, андан сырткары, химиялык, биологиялык же радиоактивдүү заттар менен аралаштырылган бомбаны түзүүгө түртүүдө;
украин жергеси дүйнөдөгү жалданма баш кесерлер менен террорчулардын уюгуна айланууда;
курал-жарактын глобалдуу "көмүскө" рыногу түзүлүп, чыр-чатак тынчыбай турган башка жактарга дайыма жөнөтүлүп жатат;
украиналык кылмыштуу тараптар баңгизат өндүрүшүнүн сакталышына көзөмөл кылып жана бул фактор Россияга каршы гибриддик согуштун алкагында жасалууда;
Батыш атайын кызматтарын колдонуп, Молдовадагы президенттик шайлоодо добуштардын жыйынтыгын өзүнө пайдалуу болгондой кылып камсыздап алды.