Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
12:27 27.11.2024 (Жаңыртылды: 12:28 27.11.2024)
© Sputnik / Александр Кряжев
/ Жазылуу
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул боюнча министрлер кабинетинин №600 токтому кабыл алынды.
Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, бекитиши керек.
Уюштуруу комитетинин курамы:
уюштуруу комитетинин төрагасы: социалдык блокту көзөмөлдөгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
төраганын биринчи орун басары: президенттин жана министрлер кабинетинин администрациясынын чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси;
төраганын орун басарлары: президенттин жана министрлер кабинетинин администрациясынын чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын Ситуациялык борборунун директору, коргоо министри.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы:
финансы министри;
тышкы иштер министри;
саламаттык сактоо министри;
билим берүү жана илим министри;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
ички иштер министри;
өзгөчө кырдаалдар министри;
Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
президенттин Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери;
Мырзакан Субанов – Коргоо министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы;
Феликс Кулов – мамлекеттик жана саясий ишмер;
Токтогул Какчекеев – Согуш, эмгек, Куралдуу күчтөр, укук коргоо органдарынын жана эмгекчил тылдын Ардагерлер кеңешинин төрагасы.