https://sputnik.kg/20241201/batysh-ukraina-zhanzhaldy-toktotuu-kadamdary-1090542212.html
Батыш Украинадагы жаңжалды токтотуунун үч кадамын атады
Батыш Украинадагы жаңжалды токтотуунун үч кадамын атады
Sputnik Кыргызстан
Эксперт тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болорун айткан. 01.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-01T23:20+0600
2024-12-01T23:20+0600
2024-12-02T15:31+0600
дүйнөдө
батыш
украина
киев
нато
атайын операция
сүйлөшүүлөр
эксперт
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090547177_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_9c1c3dcc964a1c6bb219ce6f001eb46a.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Британиялык саясат таануучу Анатоль Ливен Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн негизги үч кадамды сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болсо керек деген пикирин айткан.Анын пикиринде, биринчи кезекте алыска учуучу ракеталарды Россиянын аймагына колдонууга тыюу салуу керек. Ошол эле учурда Украинага коргонуу линиясын чыңдоого болушунча жардам көрсөтүп, кошумча курал-жарак менен камсыздоо зарыл.Экинчиден, саясат таануучу Батыштын Россияга каршы айрым санкцияларын алып салуу керек деп эсептейт. Анткени жаңжал башталса, алар кайра күчүнө кирерин айткан. Чектөөлөрдүн арасынан Германияга катуу таасир эткен Россия газын импорттоого тыюу салууну, Россиянын SWIFT банк системасынан чыгарылышын мисал келтирген.Ливен үчүнчү сунушунда жаңжалды жөнгө салууга кызыкдар тараптарды, эң ириде БРИКС өлкөлөрү менен БУУнун тынчтык келишимин расмий ратификациялоо керек экенин айткан.Июлда Владимир Путин Украинада "каршылаш тараптын" макулдугусуз ок атышууну токтотуу чечими Россия үчүн олуттуу кадам экенин билдирген. Бул позицияны душман тарап өзүнө колдонуп кетиши мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле Путин Украинанын НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирерин айткан. Ал Киевдин альянска кирүү тобокелдиги атайын операциянын башталышынын бирден-бир себеби болгон деп эсептейт.Россия буга чейин да Киевдин НАТОго кошулуу ниети согушту токтотууга эмес, улантууга жол ачып жатканын белгилеген.
https://sputnik.kg/20241128/bajdendin-kievge-zhardamy-kechikti-1090468524.html
батыш
украина
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/02/1090547177_199:0:2930:2048_1920x0_80_0_0_52d2025fa096345f7c0061c60b7421a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, батыш, украина, киев, нато, атайын операция, сүйлөшүүлөр, эксперт
дүйнөдө, батыш, украина, киев, нато, атайын операция, сүйлөшүүлөр, эксперт
Батыш Украинадагы жаңжалды токтотуунун үч кадамын атады
23:20 01.12.2024 (Жаңыртылды: 15:31 02.12.2024) Эксперт тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болорун айткан.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Британиялык саясат таануучу Анатоль Ливен Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн негизги үч кадамды сунуштады. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө чечиле турган нерселердин ичинен эң татаалы Украинага кепилдик берүү маселеси болсо керек деген пикирин айткан.
Анын пикиринде, биринчи кезекте алыска учуучу ракеталарды Россиянын аймагына колдонууга тыюу салуу керек. Ошол эле учурда Украинага коргонуу линиясын чыңдоого болушунча жардам көрсөтүп, кошумча курал-жарак менен камсыздоо зарыл.
Экинчиден, саясат таануучу Батыштын Россияга каршы айрым санкцияларын алып салуу керек деп эсептейт. Анткени жаңжал башталса, алар кайра күчүнө кирерин айткан. Чектөөлөрдүн арасынан Германияга катуу таасир эткен Россия газын импорттоого тыюу салууну, Россиянын SWIFT банк системасынан чыгарылышын мисал келтирген.
Ливен үчүнчү сунушунда жаңжалды жөнгө салууга кызыкдар тараптарды, эң ириде БРИКС өлкөлөрү менен БУУнун тынчтык келишимин расмий ратификациялоо керек экенин айткан.
Июлда Владимир Путин Украинада "каршылаш тараптын" макулдугусуз ок атышууну токтотуу чечими Россия үчүн олуттуу кадам экенин билдирген. Бул позицияны душман тарап өзүнө колдонуп кетиши мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле Путин Украинанын НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирерин айткан. Ал Киевдин альянска кирүү тобокелдиги атайын операциянын башталышынын бирден-бир себеби болгон деп эсептейт.
Россия буга чейин да Киевдин НАТОго кошулуу ниети согушту токтотууга эмес, улантууга жол ачып жатканын белгилеген.
28 Жетинин айы 2024, 13:07