2030-жылга чейин КРСУну өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык сессия болуп өттү
© Фото / пресс-служба КРСУ2030-жылга чейин КРСУну өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык сессия болуп өттү
© Фото / пресс-служба КРСУ
Жазылуу
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. КРСУда 2030-жылга чейин университетти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык сессия болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Россия менен Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, стратегиялык өнөктөштөрү жана эксперттер катышты.
КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков сессия узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын түзүүгө чоң салым кошконун белгиледи.
© Фото / пресс-служба КРСУКРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков
КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков
© Фото / пресс-служба КРСУ
"КРСУ — бул Россия менен Кыргызстандын ортосундагы илимди, технологияларды жана маданий баалуулуктарды алмашуунун борбору. Сессиянын жүрүшүндө заманбап дүйнөлүк деңгээлдеги кампус куруу жана медициналык, технологиялык кластерлерди түзүү сыяктуу негизги багыттар аныкталды", — деди Волков.
Иш-чаранын негизги жыйынтыгы катары жаңы билим берүү программаларын, өнөктөштөр менен алаканы кеңейтүү жана университеттин илимий потенциалын жогорулатуу боюнча планын иштеп чыгуу болгону айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КРСУнун Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достуктун символу гана эмес, билим берүүнү да флагманы экенин белгиледи.
© Фото / пресс-служба КРСУМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
© Фото / пресс-служба КРСУ
"Биз университеттин келечегин түзүү боюнча талкууга катышуу үчүн келдик. Бул өнүгүүнүн пайдубалын курууга уникалдуу мүмкүндүк. КРСУнун өз потенциалын ишке ашырарына ишенебиз, бардык колдоо көрсөтүлөт", — деди Байсалов.
Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө 2032-жылга чейин дүйнөлүк деңгээлдеги кампустун курулушу белгиленди. Анын негизги бөлүгү 2030-жылы бүтөрү кошумчаланды.