https://sputnik.kg/20241205/sholts-taurustun-rossiyaga-zhasagan-chabuuldary-boyuncha-un-katty-1090617349.html
Шольц Россиянын аймактарына Taurus менен сокку уруу боюнча жаңы билдирүү кылды
Шольц Россиянын аймактарына Taurus менен сокку уруу боюнча жаңы билдирүү кылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Германия Украинага алыска атылуучу куралдарды Россиянын аймагына колдонууга уруксат кылууга ниеттенбейт жана канаттуу Taurus... 05.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-05T10:30+0600
2024-12-05T10:30+0600
2024-12-05T10:31+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
германия
канцлер
олаф шольц
украина
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/05/1090617578_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_82d6d57455c750dae284401771844ffa.jpg
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Германия Украинага алыска атылуучу куралдарды Россиянын аймагына колдонууга уруксат кылууга ниеттенбейт жана канаттуу Taurus ракеталарын берүү планы жок. Бул туурасында өлкөнүн канцлери Олаф Шольц Киевдеги сапарынан кийин Бундестагда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды.Канцлер Германия Украинага жардамын улантарын, мындай кадамдар Киев менен макулдашылып турарын кайрадан баса белгилеген. Согуш башталгандан тарта аталган өлкө Киев бийлигине жардам кылып 28 миллиард евро берген.Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Киевге Владимир Зеленский менен жолугуу үчүн келген. Сапар учурунда Шольц Украинага жаңы пакет менен жардам катары 650 миллион евро берилерин, анын ичинде Leopard 1 танкалары, согуштук түзүмдөр, Iris-T зениттик ракеталык комплекс бар экенин айткан.Август айында немец ЖМКлары Германия өкмөтү кезектеги бюджетин пландашы үчүн Украинага караган аскердик жардамын кыскартууга мажбур болгондугун, кийинчерээк жаңы каражаттар бул максатка колдонулбастыгын жазган.Мурда бекитилген жардам жөнөтүлө берилерин, бирок немецтик Коргоо минстрлигинен кошумча каралбастыгын, себеби бул боюнча канцлердин буйругу болгондугу айтылган. Анткен менен кийинчерээк Щольц Германия Украинага жардам кылууда Европа мамлекеттеринин ичинен ири донор катары кала берерин айткан эле.
https://sputnik.kg/20241204/batysh-zelenskiydi-kunoologongo-shyltoo-izdep-zhatat-1090609658.html
германия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/05/1090617578_137:0:2868:2048_1920x0_80_0_0_6d75078bf1cfcae6d0edf2fe67071b62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, канцлер, олаф шольц, украина, атайын операция
дүйнөдө, германия, канцлер, олаф шольц, украина, атайын операция
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Германия Украинага алыска атылуучу куралдарды Россиянын аймагына колдонууга уруксат кылууга ниеттенбейт жана канаттуу Taurus ракеталарын берүү планы жок. Бул туурасында өлкөнүн канцлери Олаф Шольц Киевдеги сапарынан кийин Бундестагда сүйлөп жатканда айтканын
РИА Новости жазды.
"Мен кырдаалдын татаалданып, НАТО менен Россиянын ортосунда согуш чыгып кетпеши үчүн мурдагыдай эле бардыгын жасайм... Андыктан чечимим туура деген пикирдемин: биз жөнөткөн куралдар менен Россиянын түпкүрүнө сокку урууга уруксат бербейбиз. Бул канаттуу ракеталарга да тиешелүү", — деген Шольц.
Канцлер Германия Украинага жардамын улантарын, мындай кадамдар Киев менен макулдашылып турарын кайрадан баса белгилеген. Согуш башталгандан тарта аталган өлкө Киев бийлигине жардам кылып 28 миллиард евро берген.
Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Киевге Владимир Зеленский менен жолугуу үчүн келген. Сапар учурунда Шольц Украинага жаңы пакет менен жардам катары 650 миллион евро берилерин, анын ичинде Leopard 1 танкалары, согуштук түзүмдөр, Iris-T зениттик ракеталык комплекс бар экенин айткан.
Август айында немец ЖМКлары Германия өкмөтү кезектеги бюджетин пландашы үчүн Украинага караган аскердик жардамын кыскартууга мажбур болгондугун, кийинчерээк жаңы каражаттар бул максатка колдонулбастыгын жазган.
Мурда бекитилген жардам жөнөтүлө берилерин, бирок немецтик Коргоо минстрлигинен кошумча каралбастыгын, себеби бул боюнча канцлердин буйругу болгондугу айтылган. Анткен менен кийинчерээк Щольц Германия Украинага жардам кылууда Европа мамлекеттеринин ичинен ири донор катары кала берерин айткан эле.