https://sputnik.kg/20241209/taalatbek-masadykov-afganstan-taliban-1090701519.html
ЖККУда талибдер туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин далилдегени айтылды
ЖККУда талибдер туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин далилдегени айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУ Афганстандагы абалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары... 09.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-09T17:50+0600
2024-12-09T17:50+0600
2024-12-09T17:50+0600
дүйнөдө
жкку
таалатбек масадыков
афганистан
"талибан" кыймылы
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090701721_0:250:3072:1978_1920x0_80_0_0_e7368022ac2fb81b9e86de8e2ff47051.jpg
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУ Афганстандагы абалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков айтканын РИА Новости жазды.Анын айтымында, талибдер коңшулары менен туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө.Ал ошондой эле бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар кошулууга аракет кылып жаткан ЖККУдагы Афганстан боюнча жумушчу топтун ишинин актуалдуу экенин белгиледи.Масадыков Тажикстан менен Афганстандын чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттик программанын кабыл алынышы ЖККУ региондогу терроризм, экстремизм жана баңгизат коркунучун аңдап жатканынан кабар берерин кошумчалады.Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Москва Афганстан менен конструктивдүү диалог түзүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле Россияда "Талибан" кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору сунушталган.
https://sputnik.kg/20241207/kyrgyzstan-sadyr-zhaparov-afganstan-koopsuzduk-1090664767.html
афганистан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090701721_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_135b13903a71b085f98c8ac095bd3780.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жкку, таалатбек масадыков, афганистан, "талибан" кыймылы
дүйнөдө, жкку, таалатбек масадыков, афганистан, "талибан" кыймылы
ЖККУда талибдер туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин далилдегени айтылды
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУ Афганстандагы абалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков айтканын
РИА Новости жазды.
Анын айтымында, талибдер коңшулары менен туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө.
"Катчылык Афганстандагы абалды мониторингдөө, андан чыга турган тобокелдиктерге каршы туруу боюнча аракеттерди координациялоо маанилүү деп эсептейт. Ошол эле учурда талибдердин режими узак мөөнөттүү саясий фактор экенин далилдеп, кошуналары менен туруктуу алака курууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө", — деген Масадыков.
Ал ошондой эле бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар кошулууга аракет кылып жаткан ЖККУдагы Афганстан боюнча жумушчу топтун ишинин актуалдуу экенин белгиледи.
Масадыков Тажикстан менен Афганстандын чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттик программанын кабыл алынышы ЖККУ региондогу терроризм, экстремизм жана баңгизат коркунучун аңдап жатканынан кабар берерин кошумчалады.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Москва Афганстан менен конструктивдүү диалог түзүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле Россияда "Талибан" кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору сунушталган.