https://sputnik.kg/20241210/izrail-asker-siriya-tushtuk-zhetti-1090710394.html
ЖМК: Израилдин аскерлери Сириянын Дамаск провинциясынын түштүгүнө жетти
ЖМК: Израилдин аскерлери Сириянын Дамаск провинциясынын түштүгүнө жетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Израилдин армиясы Сириянын Дамаск провинциясынын түштүгүндө жүргөнү катталууда. Бул тууралуу РИА Новости Al-Watan гезитине таянуу... 10.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-10T15:42+0600
2024-12-10T15:42+0600
2024-12-10T15:42+0600
кыргызстан
дүйнөдө
сирия
саясат
израиль
провинция
дамаск
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0a/1090716710_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_d49aa11820899a5efd3a9d1dd4ea81a6.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Израилдин армиясы Сириянын Дамаск провинциясынын түштүгүндө жүргөнү катталууда. Бул тууралуу РИА Новости Al-Watan гезитине таянуу менен жазды.Дүйшөмбү, 9-декабрда, Израиль армиясы өлкөнүн ар кайсы провинцияларындагы Сириянын аба күчтөрүнүн базаларына, изилдөө борборлоруна жана коргонуу өнөр жай объектилерине 250 жолу абадан сокку урганын билдирди.Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху 1973-жылкы согуштан кийинки Голан дөңсөөсүндөгү күчтөрдү ажыратуу боюнча макулдашуу сириялык аскерлер позициясын таштап кеткенден кийин күчүн жоготкондугун айткан. Мындан улам ЦАХАЛга экиге бөлүп турган аймакты жана армия көзөмөл кылып келген позицияны ээлегенге буйрук берилген. Израиль Голан дөңсөөсүндөгү коргонуусун Сириядагы кырдаалдан улам бекемдеп жатат.Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя журналисттерге РФ Голан дөңсөөсүнүн статусу боюнча Израилдин карама-каршы билдирүүлөрүнө байкоо салып жатканын жана Израиль бул аймактын кайсы бөлүгүн өзүнүкү деп эсептей турганын түшүнбөстүгүн айтты.
https://sputnik.kg/20241210/tim-siriya-koopsuzduk-1090708391.html
сирия
израиль
дамаск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0a/1090716710_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_15d87c026512d7192b41609edab113a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дүйнөдө, сирия, саясат, израиль, провинция, дамаск
кыргызстан, дүйнөдө, сирия, саясат, израиль, провинция, дамаск
ЖМК: Израилдин аскерлери Сириянын Дамаск провинциясынын түштүгүнө жетти
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Израилдин армиясы Сириянын Дамаск провинциясынын түштүгүндө жүргөнү катталууда. Бул тууралуу
РИА Новости Al-Watan гезитине таянуу менен жазды.
"Күчтөр Дамаск провинциясынын түштүгүндөгү Ливан менен чектеш жерде жүрөт. Алар Ливандын Рашайя администрациясынын каршысындагы Катна аймагындагы Хинех (Дамаскиден 50 чакырым алыстыкта) жана Хан-эль-Шейхтин этегине чейинки шаарчаны басып алышты", — деп айтылат маалыматта.
Дүйшөмбү, 9-декабрда, Израиль армиясы өлкөнүн ар кайсы провинцияларындагы Сириянын аба күчтөрүнүн базаларына, изилдөө борборлоруна жана коргонуу өнөр жай объектилерине 250 жолу абадан сокку урганын билдирди.
Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху 1973-жылкы согуштан кийинки Голан дөңсөөсүндөгү күчтөрдү ажыратуу боюнча макулдашуу сириялык аскерлер позициясын таштап кеткенден кийин күчүн жоготкондугун айткан. Мындан улам ЦАХАЛга экиге бөлүп турган аймакты жана армия көзөмөл кылып келген позицияны ээлегенге буйрук берилген. Израиль Голан дөңсөөсүндөгү коргонуусун Сириядагы кырдаалдан улам бекемдеп жатат.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя журналисттерге РФ Голан дөңсөөсүнүн статусу боюнча Израилдин карама-каршы билдирүүлөрүнө байкоо салып жатканын жана Израиль бул аймактын кайсы бөлүгүн өзүнүкү деп эсептей турганын түшүнбөстүгүн айтты.