https://sputnik.kg/20241213/kyrgyzstan-siylyk-madaniyat-ministr-1090807694.html
Өзбекстандын маданият министрине Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылды
Өзбекстандын маданият министрине Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйлады. Бул... 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T17:25+0600
2024-12-13T17:25+0600
2024-12-13T17:25+0600
кыргызстан
садыр жапаров
өзбекстан
сыйлык
маданият
министр
озодбек назарбеков
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090807526_0:0:3140:1767_1920x0_80_0_0_186c87d04e8f31378fff5c9aa89de3f1.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Кабарга ылайык, министрди мамлекет башчысы кабыл алып, эки элдин ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар аркылуу байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү тармак экенин белгиледи.Президент Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөнүн, анда кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерт, көргөзмөлөр жана кино көрсөтүүлөр уюштурулганын эске салды. Мамлекет башчысы 2025-жылга белгиленген Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.Жапаров Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.Өз кезегинде Озодбек Назарбеков Өзбекстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.
https://sputnik.kg/20241203/kyrgyzstan-chyngyz-aytmatov-krsu-forum-1090579897.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090807526_25:0:2756:2048_1920x0_80_0_0_153ab9ce5f44c70b7fcb0a67a0af52e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, өзбекстан, сыйлык, маданият, министр, озодбек назарбеков
кыргызстан, садыр жапаров, өзбекстан, сыйлык, маданият, министр, озодбек назарбеков
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, министрди мамлекет башчысы кабыл алып, эки элдин ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар аркылуу байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү тармак экенин белгиледи.
"Биздин элдерди кылымдардан бери келе жаткан достук жана коңшулук байланыштар бириктирип турат. 1992-жылы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери эки тараптуу байланыштар жаңы деңгээлге чыкты, бул өнөктөштүктү бекемдөөдө маданият негизги ролду ойнойт", — деди Жапаров.
Президент Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөнүн, анда кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерт, көргөзмөлөр жана кино көрсөтүүлөр уюштурулганын эске салды. Мамлекет башчысы 2025-жылга белгиленген Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.
Жапаров Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.
Өз кезегинде Озодбек Назарбеков Өзбекстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.