https://sputnik.kg/20241214/gruziya-prezidenttik-shajloo-1090814849.html
Грузияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Өнөктүккө бир гана талапкер катышууда
Грузияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Өнөктүккө бир гана талапкер катышууда
Sputnik Кыргызстан
Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу. 14.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-14T11:26+0600
2024-12-14T11:26+0600
2024-12-14T17:43+0600
дүйнөдө
грузия
президенттик шайлоо
талапкер
коллегия
эреже
михаил кавелашвили
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090814980_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_10e42b61d82a88d435a5e1b505b92b24.jpg
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн Грузияда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка бир гана Михаил Кавелашвилинин талапкерлиги катталганын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.Маалым болгондой, Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.Шайлоо бир аз башкача, жаңы система боюнча өтөт. Тагыраагы, Грузиянын тарыхында биринчи жолу шайлоо жалпы элдик добуш берүү жолу менен эмес, шайлоочулар коллегиясынын негизинде өткөрүлөт. Анын курамына парламенттин бардык 150 депутаты, Ажария менен Абхазиянын Жогорку кеңештеринин 41 депутаты жана муниципалдык кеңештерден 109 делегат кирет.Шайлоочулар коллегиясынын кеминде 2/3 добушун алган талапкер биринчи турда шайланды деп эсептелет. Эгерде шайлоо өтпөй калса, 30 күндүн ичинде кайра болот.Эске салсак, Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы уткан. Президенттик мөөнөтү 16-декабрда аяктай турган Зурабишвили парламенттик да, президенттик да шайлоону тааныбай турганын билдирген.Белгилей кетсек, Грузия парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, чыныгы бийлик премьер-министрде.Грузиянын президенти өкмөттүн макулдугу жок башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт. Келишимдерди түзүп, башка өлкөлөрдүн жана уюмдардын элчилеринин, дипломаттардын аккредитациясын кабыл албайт. Элчилерди жана коргоо күчтөрүнүн башчыларын кызматка коюп же иштен ала да албайт.Парламенттик шайлоодон кийин аталган мамлекетте абал олку-солку болду. Зурабишвили баштаган оппозициялык күчтөр премьер-министр Ираклий Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин нааразычылык акцияларды уюштуруп, ал башаламандыкка алып келген.
https://sputnik.kg/20241129/tbilisidegi-mitingdin-videosu-1090511229.html
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090814980_222:0:2953:2048_1920x0_80_0_0_01e71f4cd5522a5e63edbed1e85de5c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, грузия, президенттик шайлоо, талапкер, коллегия, эреже, михаил кавелашвили
дүйнөдө, грузия, президенттик шайлоо, талапкер, коллегия, эреже, михаил кавелашвили
Грузияда президенттик шайлоо өтүп жатат. Өнөктүккө бир гана талапкер катышууда
11:26 14.12.2024 (Жаңыртылды: 17:43 14.12.2024) Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн Грузияда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка бир гана Михаил Кавелашвилинин талапкерлиги катталганын Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Маалым болгондой, Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.
Шайлоо бир аз башкача, жаңы система боюнча өтөт. Тагыраагы, Грузиянын тарыхында биринчи жолу шайлоо жалпы элдик добуш берүү жолу менен эмес, шайлоочулар коллегиясынын негизинде өткөрүлөт. Анын курамына парламенттин бардык 150 депутаты, Ажария менен Абхазиянын Жогорку кеңештеринин 41 депутаты жана муниципалдык кеңештерден 109 делегат кирет.
Шайлоочулар коллегиясынын кеминде 2/3 добушун алган талапкер биринчи турда шайланды деп эсептелет. Эгерде шайлоо өтпөй калса, 30 күндүн ичинде кайра болот.
Эске салсак, Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы уткан. Президенттик мөөнөтү 16-декабрда аяктай турган Зурабишвили парламенттик да, президенттик да шайлоону тааныбай турганын билдирген.
Белгилей кетсек, Грузия парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, чыныгы бийлик премьер-министрде.
Грузиянын президенти өкмөттүн макулдугу жок башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт. Келишимдерди түзүп, башка өлкөлөрдүн жана уюмдардын элчилеринин, дипломаттардын аккредитациясын кабыл албайт. Элчилерди жана коргоо күчтөрүнүн башчыларын кызматка коюп же иштен ала да албайт.
Парламенттик шайлоодон кийин аталган мамлекетте абал олку-солку болду. Зурабишвили баштаган оппозициялык күчтөр премьер-министр Ираклий Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин нааразычылык акцияларды уюштуруп, ал
башаламандыкка алып келген.