https://sputnik.kg/20241216/rossiya-eksporttuk-borbor-emne-menen-alektenet-1090861223.html
Россиянын экспорттук борбору Кыргызстанда эмне менен алектенет
Россиянын экспорттук борбору Кыргызстанда эмне менен алектенет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы Экспорттук борборунун (РЭБ) жетекчиси Ишхан Буюклянов аткарылган иштер, алдыдагы максаттар жана пландар... 16.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-16T17:03+0600
2024-12-16T17:03+0600
2024-12-16T17:03+0600
пресс-борбор
кыргызстан
россия
импорт
экспорт
экономика
ишхан буюклянов
россия экспорттук борбору
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090858053_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_0f4f2a61c1d95f089bb3bda8c4313549.jpg
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы Экспорттук борборунун (РЭБ) жетекчиси Ишхан Буюклянов аткарылган иштер, алдыдагы максаттар жана пландар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде айтып берди.Ал белгилегендей, РЭБдин милдети россиялык чийки эмес энергетикалык продукцияны чет өлкөлөргө жайылтуу болуп саналат, ошондуктан анын өкүлчүлүгү 2023-жылы Бишкекте ачылган. Буюклянов РЭБ сүйлөшүүлөр процессин колдоого, өнөктөштөрдү издөөгө жана тышкы соода операцияларын түзүүгө россиялык гана эмес, кыргыз компаниялары үчүн да колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.Буюклянов компенсация өнөр жай товарларын, агроөнөр жай комплексинин (АӨК) продукциясын ташууга, сатуудан кийинки тейлөөгө тиешелүү экенин белгиледи. Башкача айтканда, мамлекет материалдык-техникалык жактан камсыздоого, техникалык тейлөөгө жана башкаларга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып берет."Эгер РЭБ Кыргызстанда эмне иш кылары жөнүндө айта турган болсок, анда биринчи кезекте ал каржылык эмес колдоо көрсөтөт. Мунун ичине эки өлкөдөгү бизнеске өнөктөштөрдү издөө кирет", — деди уюмдун жетекчиси.Анын айтымында, 2024-жылы 11 айдын жыйынтыгы менен кыргызстандык ишканаларга ушундай 50 кызмат көрсөтүлгөн.Буюклянов жергиликтүү компаниялар контрагентти тааныбастан 100 пайыз алдын ала төлөө шарттары менен иштөөгө даяр эместигин, экспортчулар дагы алдын ала төлөмсүз товарларды жөнөтпөй турганын белгиледи. Мындай учурда факторингдик компания ортомчулук милдетти аткарат. Ал тийиштүү келишимдин алкагында экспортчу үчүн финансылык милдеттенмелерди жабууга даяр.Буюклянов ошондой эле Россиянын канча фирмасы Кыргызстан менен РЭБ аркылуу соода жүргүзүп жатканына токтолду. Анын айтымында, 2023-жылга салыштырмалуу борбор 864 уникалдуу экспорттук кызмат көрсөтүү аркылуу 500 россиялык компанияга жалпы суммасы 408,4 миллион долларлык колдоо көрсөткөн.
https://sputnik.kg/20241216/bishkek-ishkhan-buyuklyanov-eksport-1090859704.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/10/1090858053_343:0:3074:2048_1920x0_80_0_0_c719db43b17cffc5e23aa2646ed792a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, импорт, экспорт, экономика, ишхан буюклянов, россия экспорттук борбору
кыргызстан, россия, импорт, экспорт, экономика, ишхан буюклянов, россия экспорттук борбору
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы Экспорттук борборунун (РЭБ) жетекчиси Ишхан Буюклянов аткарылган иштер, алдыдагы максаттар жана пландар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингде айтып берди.
Ал белгилегендей, РЭБдин милдети россиялык чийки эмес энергетикалык продукцияны чет өлкөлөргө жайылтуу болуп саналат, ошондуктан анын өкүлчүлүгү 2023-жылы Бишкекте ачылган. Буюклянов РЭБ сүйлөшүүлөр процессин колдоого, өнөктөштөрдү издөөгө жана тышкы соода операцияларын түзүүгө россиялык гана эмес, кыргыз компаниялары үчүн да колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.
"РЭБ мамлекеттик колдоо чаралары боюнча Россия өкмөтүнүн агенти болуп саналат. Бул — биринчи кезекте отчеттук мезгилде келтирилген иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн россиялык экспортчуларга берилүүчү компенсациялык төлөмдөр", — деди ал.
Буюклянов компенсация өнөр жай товарларын, агроөнөр жай комплексинин (АӨК) продукциясын ташууга, сатуудан кийинки тейлөөгө тиешелүү экенин белгиледи. Башкача айтканда, мамлекет материалдык-техникалык жактан камсыздоого, техникалык тейлөөгө жана башкаларга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн кайтарып берет.
"Эгер РЭБ Кыргызстанда эмне иш кылары жөнүндө айта турган болсок, анда биринчи кезекте ал каржылык эмес колдоо көрсөтөт. Мунун ичине эки өлкөдөгү бизнеске өнөктөштөрдү издөө кирет", — деди уюмдун жетекчиси.
Анын айтымында, 2024-жылы 11 айдын жыйынтыгы менен кыргызстандык ишканаларга ушундай 50 кызмат көрсөтүлгөн.
Буюклянов жергиликтүү компаниялар контрагентти тааныбастан 100 пайыз алдын ала төлөө шарттары менен иштөөгө даяр эместигин, экспортчулар дагы алдын ала төлөмсүз товарларды жөнөтпөй турганын белгиледи. Мындай учурда факторингдик компания ортомчулук милдетти аткарат. Ал тийиштүү келишимдин алкагында экспортчу үчүн финансылык милдеттенмелерди жабууга даяр.
Буюклянов ошондой эле Россиянын канча фирмасы Кыргызстан менен РЭБ аркылуу соода жүргүзүп жатканына токтолду. Анын айтымында, 2023-жылга салыштырмалуу борбор 864 уникалдуу экспорттук кызмат көрсөтүү аркылуу 500 россиялык компанияга жалпы суммасы 408,4 миллион долларлык колдоо көрсөткөн.