https://sputnik.kg/20241222/germaniya-saud-arabiya-terakt-1091000793.html
Сауд Арабия Магдебургдагы терактыга шектүүнүн кооптуу экенин үч ирет эскерткен
Сауд Арабия Магдебургдагы терактыга шектүүнүн кооптуу экенин үч ирет эскерткен
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Сауд Арабия буга чейин Германиянын бийлигине Магдебургдагы терактыны жасаган адамдын кооптуулугу тууралуу үч ирет эскерткенин, бирок... 22.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-22T15:24+0600
2024-12-22T15:24+0600
2024-12-23T10:52+0600
дүйнөдө
германия
теракт
сауд аравиясы
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091009299_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_5103a205f8deaec2db5eeefa091e19c6.jpg
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Сауд Арабия буга чейин Германиянын бийлигине Магдебургдагы терактыны жасаган адамдын кооптуулугу тууралуу үч ирет эскерткенин, бирок Берлин муну саясатка байланыштырып көңүл бурбай койгонун РИА Новости Spiegel басылмасына шилтеме берип жазды. Welt гезити шектүү Х социалдык тармактагы баракчасында Берлин Сауд Арабиядан келген динден оолак качкындарды куугунтукка алгандыгы үчүн жооп берет деген сөзүн келтирди.Эске салсак, өткөн жума күнү Магдебургдагы (Германия) рождестволук жарманкеде унаанын айдоочусу топтолуп турган адамдарды сүзүп кеткен. Германиянын Саксония-Анхальт федералдык аймагынын премьер-министри Райнер Хазелоффтун айтымында, кол салуудан беш киши каза болуп, 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Welt басылмасынын маалыматы боюнча, айдоочу Сауд Арабиясынын 1974-жылы туулган жараны болгон. Süddeutsche Zeitung гезити өз булактарына таянуу менен билдиргендей, шектүү 2016-жылы качкын деп таанылган.
https://sputnik.kg/20241221/zhaparov-germaniya-prezident-konul-aytty-1090997171.html
германия
сауд аравиясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091009299_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_b3ce5fc4de0e352ca41544e57ed94029.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, германия, теракт, сауд аравиясы
дүйнөдө, германия, теракт, сауд аравиясы
Сауд Арабия Магдебургдагы терактыга шектүүнүн кооптуу экенин үч ирет эскерткен
15:24 22.12.2024 (Жаңыртылды: 10:52 23.12.2024) БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Сауд Арабия буга чейин Германиянын бийлигине Магдебургдагы терактыны жасаган адамдын кооптуулугу тууралуу үч ирет эскерткенин, бирок Берлин муну саясатка байланыштырып көңүл бурбай койгонун
РИА Новости Spiegel басылмасына шилтеме берип жазды.
"Сауд Арабия 2023-жылы Германия бийлигине Интерпол аркылуу кайрылып, Талеб А. аттуу адамды террордук ишмердүүлүккө шектүү катары камакка алууну өтүнгөн. Берлин сунушту саясий негиз болушу деген жүйө менен четке каккан. Жыйынтыгында ал киши Сауд Арабияда куугунтукталган деп эсептелип, Германиядан башпаанек алган", — деп билдирген басылма.
Welt гезити шектүү Х социалдык тармактагы баракчасында Берлин Сауд Арабиядан келген динден оолак качкындарды куугунтукка алгандыгы үчүн жооп берет деген сөзүн келтирди.
Эске салсак, өткөн жума күнү Магдебургдагы (Германия) рождестволук жарманкеде унаанын айдоочусу топтолуп турган адамдарды сүзүп кеткен. Германиянын Саксония-Анхальт федералдык аймагынын премьер-министри Райнер Хазелоффтун айтымында, кол салуудан беш киши каза болуп, 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Welt басылмасынын маалыматы боюнча, айдоочу Сауд Арабиясынын 1974-жылы туулган жараны болгон. Süddeutsche Zeitung гезити өз булактарына таянуу менен билдиргендей, шектүү 2016-жылы качкын деп таанылган.