https://sputnik.kg/20241223/uluttuk-bank-dollar-finansy-komissiya-1091019263.html
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Улуттук банк "ак" доллар (2006-жылга чейин чыгарылган банкнота) менен жүргүзүлгөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T14:55+0600
2024-12-23T14:55+0600
2024-12-23T14:55+0600
кыргызстан
улуттук банк
доллар
финансы
комиссия
https://sputnik.kg/img/101326/45/1013264570_0:35:512:323_1920x0_80_0_0_c9af50cf9af25f9511a1013027a4bca2.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Улуттук банк "ак" доллар (2006-жылга чейин чыгарылган банкнота) менен жүргүзүлгөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору даярдалган.Анда белгиленгендей, бул банкноталар жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак.Ошол эле учурда кардарлар эч кандай чектөөсү жок эле "ак" долларды которуп, аны менен эсептерин толтурууда. Бирок эски банкноталарды жаңысына алмаштыруу максатында кардарлар банктан эсепти толтуруп, андан соң башка филиалдан жаңы үлгүдөгү долларларды алып жатышат."Алардан арылуу максатында банктар өлкөнүн валюта рыногун "ликвиддүү эмес" чет элдик валюталык купюралардан үзгүлтүксүз тазалап турат. Бирок нак долларды алып келүүдө жана экспорттоодо банктар комиссиялык төлөм түрүндө чыгашага учурайт", — деди Улуттук банк.Ошондой эле айрым банктарда шектүү банкноталар пайда болгонун эске алып, "ак" доллар менен жүргүзүлгөн операциялар үчүн комиссия киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталган.
https://sputnik.kg/20241214/uluttuk-bank-dollar-satty-1090815796.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101326/45/1013264570_23:0:479:342_1920x0_80_0_0_63fcae16ed287a7972b132cdfbbedc50.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуттук банк, доллар, финансы, комиссия
кыргызстан, улуттук банк, доллар, финансы, комиссия
Улуттук банк "ак" доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Улуттук банк "ак" доллар (2006-жылга чейин чыгарылган банкнота) менен жүргүзүлгөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору даярдалган.
Анда белгиленгендей, бул банкноталар жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак.
"Эски көрүнгөнү менен "ак" доллар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок айрым учурларда финансылык-кредиттик уюмдар жана кардарлар аларды алмаштырууда же кабыл алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Бул жасалма акчадан кооптонуудан улам болот", — деп айтылат негиздемеде.
Ошол эле учурда кардарлар эч кандай чектөөсү жок эле "ак" долларды которуп, аны менен эсептерин толтурууда. Бирок эски банкноталарды жаңысына алмаштыруу максатында кардарлар банктан эсепти толтуруп, андан соң башка филиалдан жаңы үлгүдөгү долларларды алып жатышат.
"Алардан арылуу максатында банктар өлкөнүн валюта рыногун "ликвиддүү эмес" чет элдик валюталык купюралардан үзгүлтүксүз тазалап турат. Бирок нак долларды алып келүүдө жана экспорттоодо банктар комиссиялык төлөм түрүндө чыгашага учурайт", — деди Улуттук банк.
Ошондой эле айрым банктарда шектүү банкноталар пайда болгонун эске алып, "ак" доллар менен жүргүзүлгөн операциялар үчүн комиссия киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталган.