https://sputnik.kg/20241227/bishkek-alam-d-n-zhol-koopsuzduk-skhema-1091113265.html
"Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылынын схемасы өзгөртүлөт
"Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылынын схемасы өзгөртүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 27.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-27T10:55+0600
2024-12-27T10:55+0600
2024-12-27T10:56+0600
кыргызстан
бишкек
"аламүдүн" базары
жол
коопсуздук
схема
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0f/1062055014_0:98:2835:1693_1920x0_80_0_0_2bd501d14655ec3c3ba68f7aefb5b88f.jpg
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, чечим транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, азайтуу жана көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынууда.Бул өзгөртүүлөрдү 1-январдан баштап пилоттук долбоордун алкагында киргизүү пландалып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын сактоого багытталган иштер дагы жасалары күтүлүүдө.Унаа кыймылын өзгөртүү тиешелүү органдар менен макулдашылганы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20241224/kyrgyzstan-bishkek-tygyn-1091043958.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0f/1062055014_224:0:2611:1790_1920x0_80_0_0_bc4ef07add5e059b8d0dd3c39c360bfd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, "аламүдүн" базары, жол, коопсуздук, схема
кыргызстан, бишкек, "аламүдүн" базары, жол, коопсуздук, схема
"Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылынын схемасы өзгөртүлөт
10:55 27.12.2024 (Жаңыртылды: 10:56 27.12.2024) БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, азайтуу жана көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынууда.
"Жибек Жолу проспектинде жана Курманжан датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу "чөнтөктөр" демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка, андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.
Бул өзгөртүүлөрдү 1-январдан баштап пилоттук долбоордун алкагында киргизүү пландалып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын сактоого багытталган иштер дагы жасалары күтүлүүдө.
Унаа кыймылын өзгөртүү тиешелүү органдар менен макулдашылганы кошумчаланды.