https://sputnik.kg/20250107/moskva-kiev-ehnergodar-zaporozhe-aehs-chabuul-ayyptoo-1091281153.html
Москва Киевдин Энергодарга жана Запорожье АЭСине жасаган чабуулун айыптоого чакырды
Москва Киевдин Энергодарга жана Запорожье АЭСине жасаган чабуулун айыптоого чакырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россия эл аралык коомчулукту, анын ичинде МАГАТЭни Украинанын Энергодарга жана Запорожье атомдук электр станциясына жасаган чабуулун... 07.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-07T17:11+0600
2025-01-07T17:11+0600
2025-01-07T17:11+0600
дүйнөдө
россия
украина
магатэ
энергодар
запорожье облусу
чабуул
айыптоо
мария захарова
тим
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0c/1086950065_466:545:3007:1974_1920x0_80_0_0_ea09c6933714cfb187eae8ad12de7ee3.jpg
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россия эл аралык коомчулукту, анын ичинде МАГАТЭни Украинанын Энергодарга жана Запорожье атомдук электр станциясына жасаган чабуулун айыптоого чакырды. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Владимир Зеленскийдин "батыштык демөөрчүлөрү" аны "тартипке чакырууга" күчү жетет деген үмүтүн арткан."Биз МАГАТЭнин жетекчилигинен бул маселе боюнча объективдүү баа берүүсүн жана ачык реакция кылуусун күтөбүз. Чабуулдар 5-январда агенттиктин Запорожье АЭСинде жайгашкан адистеринин көз алдында болгону маалым", — деген дипломат.Ал МАГАТЭнин Киевге Запорожье атомдук электр станциясына, ошондой эле Россиянын башка атомдук электр станцияларына кол салууга жол берилбестигин айтууга убакыт жеткенин белгилеген.Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 5-январда Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье АЭСине жана Энергодар шаарына сегиз пилотсуз учак менен чабуул жасоого аракет кылганын, алардын бардыгы атып түшүрүлгөнүн, станцияда жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирген.
https://sputnik.kg/20250105/rf-timi-rossiyalyk-zhurnalist-olum-1091256272.html
украина
энергодар
запорожье облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/0c/1086950065_473:451:2603:2048_1920x0_80_0_0_c7c786e87b6bf98e58c666eae3475e8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, магатэ, энергодар, запорожье облусу, чабуул, айыптоо, мария захарова, тим
дүйнөдө, россия, украина, магатэ, энергодар, запорожье облусу, чабуул, айыптоо, мария захарова, тим
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россия эл аралык коомчулукту, анын ичинде МАГАТЭни Украинанын Энергодарга жана Запорожье атомдук электр станциясына жасаган чабуулун айыптоого чакырды. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Эл аралык коомчулук Россиянын өзөктүк-энергетикалык инфраструктурасына тынымсыз жасалып жаткан чабуулдарына тезинен жана олуттуу түрдө үн катышы керек. Ошондой эле Киевди Европадагы жана башка континенттердеги адамдардын жашоосу менен ойногонун мажбурлап токтотушу керек. Акылынан адашкан режим Запорожье атомдук электр станциясын кырсыкка учуратып, курмандыктарга алып келүүдөн да кыя өтпөйт", — деген Захарова.
Ал Владимир Зеленскийдин "батыштык демөөрчүлөрү" аны "тартипке чакырууга" күчү жетет деген үмүтүн арткан.
"Биз МАГАТЭнин жетекчилигинен бул маселе боюнча объективдүү баа берүүсүн жана ачык реакция кылуусун күтөбүз. Чабуулдар 5-январда агенттиктин Запорожье АЭСинде жайгашкан адистеринин көз алдында болгону маалым", — деген дипломат.
Ал МАГАТЭнин Киевге Запорожье атомдук электр станциясына, ошондой эле Россиянын башка атомдук электр станцияларына кол салууга жол берилбестигин айтууга убакыт жеткенин белгилеген.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 5-январда Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье АЭСине жана Энергодар шаарына сегиз пилотсуз учак менен чабуул жасоого аракет кылганын, алардын бардыгы атып түшүрүлгөнүн, станцияда жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирген.