https://sputnik.kg/20250112/kyrgyzstan-kelerki-zhumada-kar-zhaabajt-1091358419.html
Келе жаткан жумада кар жаабайт. Кыргызстан боюнча аба ырайы
Келе жаткан жумада кар жаабайт. Кыргызстан боюнча аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
Жума этегинде гана өлкөнүн түштүгүндөгү тоолуу аймактарда кар жаайт. 12.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-12T09:15+0600
2025-01-12T09:15+0600
2025-01-13T11:45+0600
кыргызстан
кыргызгидромет
аба ырайы
кар
жаан-чачын
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0d/1082668085_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_7228fef418490061316e8af844d93d6b.jpg
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет республика боюнча 18-январга чейин күтүлгөн аба ырайы божомолун жарыялады.Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда жума ичи күн ачык болот. Борбор калаа Бишкекте дагы жаан-чачын жаабайт.Чүй, ТаласАймактарда 12-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.ОшОш облусунда 12-17-январда жаан-чачын болбойт. 18-январда тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңуп, тайгак болот.Жалал-Абад, БаткенБул облустарда 12-16-январда жана 17-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 17-январда күндүз жана 18-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгалак болот.Ысык-Көл, НарынТүндүк аймактарда жума ичи жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
https://sputnik.kg/20250108/kosmoston-tartylgan-kyzyktuu-surottor-1091299746.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0d/1082668085_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_b55b1bc46737a3c7bf7444c84255677e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, кар, жаан-чачын
кыргызстан, кыргызгидромет, аба ырайы, кар, жаан-чачын
Келе жаткан жумада кар жаабайт. Кыргызстан боюнча аба ырайы
09:15 12.01.2025 (Жаңыртылды: 11:45 13.01.2025) Жума этегинде гана өлкөнүн түштүгүндөгү тоолуу аймактарда кар жаайт.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет республика боюнча 18-январга чейин күтүлгөн аба ырайы божомолун жарыялады.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда жума ичи күн ачык болот. Борбор калаа Бишкекте дагы жаан-чачын жаабайт.
Аймактарда 12-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Ош облусунда 12-17-январда жаан-чачын болбойт. 18-январда тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңуп, тайгак болот.
Бул облустарда 12-16-январда жана 17-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 17-январда күндүз жана 18-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгалак болот.
Түндүк аймактарда жума ичи жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.