https://sputnik.kg/20250116/izrail-kajradan-gazany-atkylap-zhatat-1091464091.html
Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылады
Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылап, 71 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости палестиналык Al Aqsa... 16.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-16T22:05+0600
2025-01-16T22:05+0600
2025-01-17T09:09+0600
израиль
палестина
хамас
газа сектору
атышуу
өлүм
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0f/1088719918_0:0:3073:1729_1920x0_80_0_0_0117e38602df7cddca9ee390dcdcb7e5.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылап, 71 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости палестиналык Al Aqsa телеканалына таянып билдирди. Израиль бүгүн ХАМАСты "макулдашууну бузду" деп айыптап, келишимди бекитүүдөн баш тартты. Тель-Авив палестиналык кыймылдан келишимдин чоо-жайын ортомчулар аркылуу ырастоону талап кылды.Ал эми ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк атышууну токтотуу келишимин жактай турганын белгилеген.Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан. Тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган. Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт.Документтин шарты боюнча, туткундарды бошотуу, Газа секторундагы Израилдин аскерлерин акырындан чыгаруу каралган.
https://sputnik.kg/20241224/izrail-haniyanyn-olumuno-tieshesi-bar-ehkenin-moyundady-1091029207.html
израиль
палестина
газа сектору
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/0f/1088719918_172:0:2903:2048_1920x0_80_0_0_a1221c1f5112779eb5f8ae6763c88f1c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
израиль, палестина, хамас, газа сектору, атышуу, өлүм
израиль, палестина, хамас, газа сектору, атышуу, өлүм
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылап, 71 киши каза болду. Бул тууралуу
РИА Новости палестиналык Al Aqsa телеканалына таянып билдирди.
“Атышууну токтотуу келишими жарыялангандан бери сионисттик баскынчылардын күчтөрү 71 кишини, анын ичинде 61 адамды Газа шаарында жок кылышты”, — деген Газанын жарандык коргонуу өкүлү Махмуд Басаль.
Израиль бүгүн ХАМАСты "макулдашууну бузду" деп айыптап, келишимди бекитүүдөн баш тартты. Тель-Авив палестиналык кыймылдан келишимдин чоо-жайын ортомчулар аркылуу ырастоону талап кылды.
Ал эми ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк атышууну токтотуу келишимин жактай турганын белгилеген.
Израиль менен Палестина ок атууну токтотуп, тынчтык
cүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашкан. Тараптарга Катар, АКШ жана Египет ортомчулук кылган. Катар өкмөтүнүн башчысы жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдурахман Аль Тани билдиргендей, келишим 19-январда күчүнө кирет. Биринчи этапта 33 израилдик туткун, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жарандар бошотулат. Жооп катары Израилден палестиналык туткундар чыгарылат.
Келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Катар, Египет жана АКШ Каирде биргелешкен топ түзөт.
Документтин шарты боюнча, туткундарды бошотуу, Газа секторундагы Израилдин аскерлерин акырындан чыгаруу каралган.

24 Бештин айы 2024, 09:55