https://sputnik.kg/20250223/1092236350.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600... 23.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-23T13:00+0600
2025-02-23T13:00+0600
2025-02-23T14:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/17/1092236218_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6bd44118db77b9ab97bc56476a67b9cc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек. "Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөн баанын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", — деп жазылган маалыматта. Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады. Маалымдалгандай, быйыл Орозо айы 1-мартта башталат. Таравих намазы 28-февралда окулат.
Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов темир жолдорду куруу үчүн жабдууларды чыгарууга адистешкен компаниясына барды. Элчиликтен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө швейцариялык компания өзүнүн серпилгич рельс бекитүү системаларын жана темир-бетон шпалдарга төшөлгөн атайын элементтеринин эң жаңы технологияларын көрсөттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын темир жолдорун куруу жана оңдоо үчүн компаниядан технологияларды тартуунун перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна аталган компанияны тартуу тууралуу сүйлөшүштү.
Ысык-Көлдүн Барскоон айылында өз өмүрүнө кол салгандан кийин ооруканада көз жумган окуучу кыздын өлүмү боюнча мектептин дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, окутуучу 15-февралда колго түшүрүлгөн. Эскерте кетсек, каргашалуу окуя Барскоон айылында 5-февраль күнү болгон. 17 жашар кызды өмүрүнө кол салгандыгын дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирип, андан кийин Бишкектеги медициналык жайга которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болуп калган. Милиция "Өзүнө кол салууга жеткирген" деген берене менен иш козгоп, экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.
23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү. Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады. Мушкерлер алгачкы раунддарды "чалгындоо" менен өткөрүшүп, жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.
2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек. "Мен, Александр Дубинский, 1981-жылы Киевде туулгам. Украинанын президенттигине өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтөм", — деп жазган ал. Депутат ошондой эле Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип жок кылып жатканын айткан.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек. "Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөн баанын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", — деп жазылган маалыматта. Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады. Маалымдалгандай, быйыл Орозо айы 1-мартта башталат. Таравих намазы 28-февралда окулат.Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов темир жолдорду куруу үчүн жабдууларды чыгарууга адистешкен компаниясына барды. Элчиликтен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө швейцариялык компания өзүнүн серпилгич рельс бекитүү системаларын жана темир-бетон шпалдарга төшөлгөн атайын элементтеринин эң жаңы технологияларын көрсөттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын темир жолдорун куруу жана оңдоо үчүн компаниядан технологияларды тартуунун перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна аталган компанияны тартуу тууралуу сүйлөшүштү.Ысык-Көлдүн Барскоон айылында өз өмүрүнө кол салгандан кийин ооруканада көз жумган окуучу кыздын өлүмү боюнча мектептин дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, окутуучу 15-февралда колго түшүрүлгөн. Эскерте кетсек, каргашалуу окуя Барскоон айылында 5-февраль күнү болгон. 17 жашар кызды өмүрүнө кол салгандыгын дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирип, андан кийин Бишкектеги медициналык жайга которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болуп калган. Милиция "Өзүнө кол салууга жеткирген" деген берене менен иш козгоп, экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү. Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады. Мушкерлер алгачкы раунддарды "чалгындоо" менен өткөрүшүп, жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек. "Мен, Александр Дубинский, 1981-жылы Киевде туулгам. Украинанын президенттигине өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтөм", — деп жазган ал. Депутат ошондой эле Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип жок кылып жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/17/1092236218_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_832f6078fc445f4f9dbd3475be2fdd50.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио