https://sputnik.kg/20250223/1092237287.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600... 23.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-23T15:00+0600
2025-02-23T15:00+0600
2025-02-23T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/17/1092237155_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8bedd13941610bd958a5426bc02d62cc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек. "Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөн баанын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", — деп жазылган маалыматта. Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады. Маалымдалгандай, быйыл Орозо айы 1-мартта башталат. Таравих намазы 28-февралда окулат.
Белгилүү адамдардын катышуусундагы алдамчылык жарнамалары көп жайылууда. Мындан улам Маданият министрлиги жаза каралганын эскертти Мекеме жарнама берүүчүлөр менен аны таратуучуларга кайрылып, "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 5-7-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды сактоону эскертти. Министрлик ошону менен катар мыйзамдын 31-беренесинде жеке жана юридикалык жактарга аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтер каралганын билдирди. Айта кетсек, "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамдын 5-беренесинде лицензиясы, шайкештик сертификаты жок товарларды жарнамалоого болбой тургандыгы жана жарнамада агрессия, зомбулуктар көрсөтүлбөшү керектиги жазылган. Ал эми 7-беренеде жарнамалана турган товар бардык жактан анык болушу керектиги көрсөтүлөт.
Бишкекте Транспорт департаментинин башкы адиси кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, муниципалдык кызматкер 60 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. "А.Т.Т. аттуу адис көзөмөлдөөчү органдар менен текшеребиз деп коркутуп, акча талап кылган. Ошондой эле ал кишиден ар кандай маселелерин чечип берем деп бир нече жолу акча алган", — деп жазылат кабарда. Бул факт боюнча иш козголуп, башкы адис 19-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилди.
23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү. Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады. Мушкерлер алгачкы раунддарды "чалгындоо" менен өткөрүштү. Андан кийин Бетербиев капталга, башка бир нече сокку берүүгө үлгүрдү. Анткен менен Бивол жетинчи раунддан баштап катар-катар сокку узатууга өттү. Бетербиев бул учурда коргонууну улантып, ошол эле учурда жооптук соккуларды берип жатты. Жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.
АКШ Украинадан мунай жана "колуна тийген" ресурсун алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Вашингтон Украинаны колдоого бөлгөн каражаттарды кайтарууга ниеттенүүдө. Ал эми АКШнын каржы министри Скотт Бессенттин түшүндүрмөсүнө ылайык, Вашингтон менен Киевдин экономикалык өнөктөштүгү боюнча келечектеги келишим долбоору Украинанын кен байлыктарынан жана башка активдеринен түшкөн кирешени атайын фондго багыттоону караштырат. Бул фондду башкаруу укугу АКШда болот. Ошондой эле Бессент АКШ Украинанын активдерин көзөмөлгө албай турганын жана өлкөгө жаңы карыз таңууланбасын белгиледи.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы садага-битир берүүнүн тартибин жана өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, битирди буудай, ун, мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай наркы менен берүү керек. "Садага-битир берүүчү адам көрсөтүлгөн баанын кайсынысын чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел", — деп жазылган маалыматта. Муфтият садага-битирди эсептөөдө ошол учурдагы бааны карап берүүнү сунуштады. Маалымдалгандай, быйыл Орозо айы 1-мартта башталат. Таравих намазы 28-февралда окулат.Белгилүү адамдардын катышуусундагы алдамчылык жарнамалары көп жайылууда. Мындан улам Маданият министрлиги жаза каралганын эскертти Мекеме жарнама берүүчүлөр менен аны таратуучуларга кайрылып, "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 5-7-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды сактоону эскертти. Министрлик ошону менен катар мыйзамдын 31-беренесинде жеке жана юридикалык жактарга аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтер каралганын билдирди. Айта кетсек, "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамдын 5-беренесинде лицензиясы, шайкештик сертификаты жок товарларды жарнамалоого болбой тургандыгы жана жарнамада агрессия, зомбулуктар көрсөтүлбөшү керектиги жазылган. Ал эми 7-беренеде жарнамалана турган товар бардык жактан анык болушу керектиги көрсөтүлөт.Бишкекте Транспорт департаментинин башкы адиси кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, муниципалдык кызматкер 60 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. "А.Т.Т. аттуу адис көзөмөлдөөчү органдар менен текшеребиз деп коркутуп, акча талап кылган. Ошондой эле ал кишиден ар кандай маселелерин чечип берем деп бир нече жолу акча алган", — деп жазылат кабарда. Бул факт боюнча иш козголуп, башкы адис 19-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилди.23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү. Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады. Мушкерлер алгачкы раунддарды "чалгындоо" менен өткөрүштү. Андан кийин Бетербиев капталга, башка бир нече сокку берүүгө үлгүрдү. Анткен менен Бивол жетинчи раунддан баштап катар-катар сокку узатууга өттү. Бетербиев бул учурда коргонууну улантып, ошол эле учурда жооптук соккуларды берип жатты. Жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.АКШ Украинадан мунай жана "колуна тийген" ресурсун алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Вашингтон Украинаны колдоого бөлгөн каражаттарды кайтарууга ниеттенүүдө. Ал эми АКШнын каржы министри Скотт Бессенттин түшүндүрмөсүнө ылайык, Вашингтон менен Киевдин экономикалык өнөктөштүгү боюнча келечектеги келишим долбоору Украинанын кен байлыктарынан жана башка активдеринен түшкөн кирешени атайын фондго багыттоону караштырат. Бул фондду башкаруу укугу АКШда болот. Ошондой эле Бессент АКШ Украинанын активдерин көзөмөлгө албай турганын жана өлкөгө жаңы карыз таңууланбасын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/17/1092237155_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f5ea3b74b8ee4a4ae12a9fd010cbc604.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио