https://sputnik.kg/20250122/borbor-aziyanyn-respublikalarynyn-oz-ara-investitsiyasy-1091579483.html
Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара инвестициясы. Инфографика
Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара инвестициясы. Инфографика
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Борбор Азиянын өлкөлөрү өз ара инвестиция боюнча активдүүлүктү көрсөтүп, ал 40 пайызга өстү. 22.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-22T15:03+0600
2025-01-22T15:03+0600
2025-01-22T15:03+0600
борбор азия
кыргызстан
казакстан
өзбекстан
экономика
инвестициялар
евразиялык өнүктүрүү банкы
https://sputnik.kg/img/07e6/07/15/1066228209_180:144:1598:942_1920x0_80_0_0_22c434592ccb7bb6f5e39bdd9e207147.jpg
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Борбор Азиянын өлкөлөрү өз ара инвестиция боюнча активдүүлүктү көрсөтүп, ал 40 пайызга өстү.Бул маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) 2024-жылдагы өз ара инвестицияларынын мониторингинде айтылган. Көрсөткүчтөр аталган аймактагы республикалар арасында инвестициялык байланыштардын өсүшүнөн кабар берет.2024-жылдын биринчи жарым жылынын соңунда Борбор Азиянын аймактар ичинде топтолгон инвестициясы 40 пайызга көбөйүп, жарым жылда 834 миллион долларга жеткен.Региондогу экспорт капиталы боюнча Казакстан алдыда. Бул өлкөнүн инвесторлору аймак ичиндеги 25 долбоордун 18ин ишке ашырып жатат. Анын жалпы көлөмү өткөн жылдын алты айынын соңунда 671 миллион доллар болуп, өсүш бир жарым жылда 17 пайызды түздү.2018-жылдан тарта Өзбекстандын аймак ичинде топтолгон инвестициясынын көлөмү тездик менен өсүп келет. 2024-жылдын алты айынын соңунда аталган өлкөнүн Борбор Азия республикаларынын экономикасына салымы 6,8 эсе көбөйгөн. Ал эми бир жарым жылда 164 миллион долларга өскөн.Кыргызстан — аймак ичинде тартылган инвестициялар боюнча лидер. Аймак ичиндеги топтолгон инвестициялардын жарымына жакыны (48,6 пайыз) биздин өлкөгө туура келет. Өткөн жылдын алты айынын соңуна карата анын көлөмү 406 миллион долларды чапчып, бир жарым жылда көрсөткүч 23 пайызга өскөн.
https://sputnik.kg/20250104/kyrgyz-rossiya-dialogu-kolumnistika-1091248383.html
борбор азия
казакстан
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/15/1066228209_179:0:1598:1064_1920x0_80_0_0_eabf06404e291ed1815ebfb5e87a714e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
борбор азия, кыргызстан, казакстан, өзбекстан, экономика, инвестициялар, евразиялык өнүктүрүү банкы
борбор азия, кыргызстан, казакстан, өзбекстан, экономика, инвестициялар, евразиялык өнүктүрүү банкы
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Борбор Азиянын өлкөлөрү өз ара инвестиция боюнча активдүүлүктү көрсөтүп, ал 40 пайызга өстү.
Бул маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) 2024-жылдагы өз ара инвестицияларынын мониторингинде айтылган. Көрсөткүчтөр аталган аймактагы республикалар арасында инвестициялык байланыштардын өсүшүнөн кабар берет.
2024-жылдын биринчи жарым жылынын соңунда Борбор Азиянын аймактар ичинде топтолгон инвестициясы 40 пайызга көбөйүп, жарым жылда 834 миллион долларга жеткен.
Региондогу экспорт капиталы боюнча Казакстан алдыда. Бул өлкөнүн инвесторлору аймак ичиндеги 25 долбоордун 18ин ишке ашырып жатат. Анын жалпы көлөмү өткөн жылдын алты айынын соңунда 671 миллион доллар болуп, өсүш бир жарым жылда 17 пайызды түздү.
2018-жылдан тарта Өзбекстандын аймак ичинде топтолгон инвестициясынын көлөмү тездик менен өсүп келет. 2024-жылдын алты айынын соңунда аталган өлкөнүн Борбор Азия республикаларынын экономикасына салымы 6,8 эсе көбөйгөн. Ал эми бир жарым жылда 164 миллион долларга өскөн.
Кыргызстан — аймак ичинде тартылган инвестициялар боюнча лидер. Аймак ичиндеги топтолгон инвестициялардын жарымына жакыны (48,6 пайыз) биздин өлкөгө туура келет. Өткөн жылдын алты айынын соңуна карата анын көлөмү 406 миллион долларды чапчып, бир жарым жылда көрсөткүч 23 пайызга өскөн.