00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Мёд, мэр и Минздрав: события недели, которые не оставили равнодушными
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Алтайдагы "Миң жүрөк" курортуна жасаган сапары боюнча айтып берди

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүФранциянын белгилүү "Куршевель" лыжа базасы. Архив
Франциянын белгилүү Куршевель лыжа базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Алтайдын "Миң жүрөк" (Манжерок) курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабардагы" маегинде билдирди.
Айтымында, ал жерде эки күн жүргөн.
"Миң жүрөк" курорту — жаңы салынып жаткан эс алуу жайы. Анын жарымы курулуп бүтүп, калганы курулуш стадиясында экен. Мага ал жакта инфратүзүм, тейлөө жагын жолго коюу, конок үйлөрүн куруу жана жайгаштыруу өңдүү маселелерди жеринде көрүү маанилүү болчу. Азыр эми башкы архитекторду баш кылып, курулушчуларды төш кылып Алтайга жөнөтүп жатам. Барып өз көздөрү менен көрүп келишсин. Биз ири долбоорду ишке киргизгенге чейин дүйнөлүк тажрыйбаны толук иликтейли, алардын кемчилиги болсо, анда биз долбоорду ишке ашырууда ошол кемчиликтерди кетирбейли, артыкчылыктарын өзүбүздүн долбоорго кошолу деп жатабыз", — деди президент.
Ал ошондой эле декабрь айында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен Франциянын белгилүү "Куршевель" лыжа базасына жибергенин айтты.
"Алардын бардык чыгымдарын демөөрчүлук фондуман төлөтүп, курортту толук изилдеп, маалымат алып, өз көзүңөр менен көрүп келгиле деп жибердим", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Кыргызстанда дагы "Үч чоку" лыжа базасын куруу пландалып жатканын эске салды.
"Учурда Кумтөр бүтүндөй мамлекетти багып жаткан болсо, бул курорт экинчи Кумтөр болот. Тамчыдагы аэропорттун айланасында жүрүп жаткан курулуштар үчүнчү Кумтөр болот. Кызыл-Омпол төртүнчү Кумтөр болуп, мамлекетибизге миллиарддаган долларларды берет. Ошондуктан "Үч чоку" курорту башталышы гана", — деди ал.
Президент долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жылда бүтөрүн кошумчалады.
Садыр Жапаров Алтайга барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2025
Садыр Жапаров Алтайга барып, жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0