https://sputnik.kg/20250124/chernaya-transplantologiya-zapad-zakharova-1091612531.html
Захарова: мыйзамсыз трансплантология — Батыштын Украинадагы сүйүктүү иши
Захарова: мыйзамсыз трансплантология — Батыштын Украинадагы сүйүктүү иши
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Батыш Украинада мыйзамсыз трансплантология менен алектенгенин РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова "Известия" басылмасына берген маегинде... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T11:18+0600
2025-01-24T11:18+0600
2025-01-24T11:19+0600
дүйнөдө
украина
мария захарова
россия
мыйзамсыз
трансплантология
армия
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091612705_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_409e2d4850707043c0f829331d872dd7.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Батыш Украинада мыйзамсыз трансплантология менен алектенгенин РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова "Известия" басылмасына берген маегинде айткан.Анын айтымына караганда, бул — Батыштын сүйүктүү иши.Ал "Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу алдында пентагондук лаборатория ачып", "мыйзамсыздык мыйзамдаштырылганын" белгилеген.Захарованын айтымында, украин тарап "мыйзамсыз трансплантологиясы менен" акырындап тажрыйба жүргүзгөн полигонго айланып, бул нерсе менен шугулданган Украина "болушунча ылдыйлады"."Украинанын жарандары Киев режими үчүн, (Владимир) Зеленский үчүн керектелүүчү материалга айлангандыгын дал ушул нерсе көрсөтүп турат. Атүгүл бул Балкан аймагында тиешелүү мүмкүнчүлүктөр түгөнгөндүктөн жаңы донорлорго муктаж адамдар тарабынан демилгенленген көрүнүш болду", — деди Захарова.Былтыр сентябрь айында Россия тараптуу николаевскилик жашыруун уюмдун координатору Сергей Лебедев РИА Новостиге украиналык жарадарлар госпиталга бөйрөгү жок түшүп жатканын билдирген эле. Россиялык аскерлер августта украин армиясынын Сумсиден Курскиге болгон чабуулунда чет элдик, кыязы, батыштык мыйзамсыз трансплантологдорду байкашкандыгын айтышкан.Буга чейин 2022-жылга чейин украиналык армия көзөмөлдөгөн Северодонецк шаарынын аймагында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында мыйзамсыз трансплантологдор болгону тууралуу далилдер, документтер табылган. 2021-жылы Украинада өлгөндөрдүн органдарын алуу процедурасын жеңилдеткен трансплантация жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага алдын ала макулдук бербеген адамдар да камтылган.
https://sputnik.kg/20250120/rf-timi-kurskidegi-ukrain-askerlerinin-mykaachylygy-tuuraluu-1091525115.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091612705_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_429473f37417213289fd016358e228ba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, мария захарова, россия, мыйзамсыз, трансплантология, армия
дүйнөдө, украина, мария захарова, россия, мыйзамсыз, трансплантология, армия
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Батыш Украинада мыйзамсыз трансплантология менен алектенгенин РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова "
Известия" басылмасына берген маегинде айткан.
Анын айтымына караганда, бул — Батыштын сүйүктүү иши.
"Кеп Украинада, тагыраагы, согуш болгон, украин аскерлери жана алардын куралдуу батальондору, улуттук батальондор жайгашкан жерлерде болгонун көрсөткөн фактылар тууралуу гана эмес. Андан сырткары, органдар кесип алынганы даана эле билинген адамдардын денелери жана калдыктары табылган. Батыш кайрадан эле өзүнө жаккан эрмегин, тактап айтканда, "мыйзамсыз трансплантологияны" колдонду", — деп белгилеген Захарова.
Ал "Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу алдында пентагондук лаборатория ачып", "мыйзамсыздык мыйзамдаштырылганын" белгилеген.
Захарованын айтымында, украин тарап "мыйзамсыз трансплантологиясы менен" акырындап тажрыйба жүргүзгөн полигонго айланып, бул нерсе менен шугулданган Украина "болушунча ылдыйлады".
"Украинанын жарандары Киев режими үчүн, (Владимир) Зеленский үчүн керектелүүчү материалга айлангандыгын дал ушул нерсе көрсөтүп турат. Атүгүл бул Балкан аймагында тиешелүү мүмкүнчүлүктөр түгөнгөндүктөн жаңы донорлорго муктаж адамдар тарабынан демилгенленген көрүнүш болду", — деди Захарова.
Былтыр сентябрь айында Россия тараптуу николаевскилик жашыруун уюмдун координатору Сергей Лебедев РИА Новостиге украиналык жарадарлар госпиталга бөйрөгү жок түшүп жатканын билдирген эле. Россиялык аскерлер августта украин армиясынын Сумсиден Курскиге болгон чабуулунда чет элдик, кыязы, батыштык мыйзамсыз трансплантологдорду байкашкандыгын айтышкан.
Буга чейин 2022-жылга чейин украиналык армия көзөмөлдөгөн Северодонецк шаарынын аймагында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында мыйзамсыз трансплантологдор болгону тууралуу далилдер, документтер табылган. 2021-жылы Украинада өлгөндөрдүн органдарын алуу процедурасын жеңилдеткен трансплантация жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ага алдын ала макулдук бербеген адамдар да камтылган.