https://sputnik.kg/20250125/slovakiya-ficzo-miting-1091637629.html
Словакияда бийликке каршы митинг өтүп, Фицо уюштуруучулар өлкөдөн чыгарыларын айтты
Словакияда бийликке каршы митинг өтүп, Фицо уюштуруучулар өлкөдөн чыгарыларын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Словакиянын борбору Братислава шаарында миңдеген адам бийликке каршы митингге чыкканын РИА Новости жазды. 25.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-25T14:31+0600
2025-01-25T14:31+0600
2025-01-26T14:11+0600
дүйнөдө
словакия
братислава
роберт фицо
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e9/01/19/1091634680_0:200:3071:1927_1920x0_80_0_0_4f643c27df64268cc63e0c4b9cff8c35.jpg
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Словакиянын борбору Братислава шаарында миңдеген адам бийликке каршы митингге чыкканын РИА Новости жазды. Аны киевчил уюм уюштурган. Нааразычылык акциясы борбордук аянтта болору белгиленип, полиция жума күнү аянттан бир нече квартал аралыкта кыймылды бөгөттөгөн. Митингчилер премьер-министр Роберт Фицонун отставкага кетишин талап кылышууда. ЖМКлардын маалыматы боюнча, нааразычылык акциясына 35-40 миңдей адам чыккан. Фицо бул активисттердин Грузияда жана Украинадагы майданга тиешелүү чет элдик адистер менен байланышы бар экенин айтууда. Премьер алар мамлекеттик имараттарга кирүүгө жана маморгандардын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кыларын да белгилеген. Активисттер болсо Фицонун жүргүзгөн саясатына каршылыгын тынчтык жолу менен гана көрсөткүсү келгендигин белгилешүүдө."Словакиянын бардык тургундарына кайрылам, нааразылыгыңарды көрсөткүңөр келсе каалашыңарча чыккыла, кыйкыргыла, бирок суранарым, өзүңөрдү чет жактан каржыланып жаткан оппозиция, бейөкмөт уюмдар, уюштуруучулар жана словакиялык ЖМКнын бир бөлүгүнө алдатууга жол бербегиле. Жакынкы күндөрү бул уюштуруучуларды өлкөдөн чыгарабыз", — деген Фицо журналисттерге.Митингдин уюштуруучулары буга чейин Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, премьер-министрдин Москва менен жакындашып жаткан мамилесин текшерүүгө алууну өтүнүшкөн. Нааразычылык Фицонун 22-декабрда Россияда президент Владимир Путин менен жолугушкандан кийин күч алган.
https://sputnik.kg/20250117/yeb-sanktsiyalardan-ulam-ataandashtykka-zhondomduulugun-zhogottu-1091485360.html
словакия
братислава
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/19/1091634680_171:0:2900:2047_1920x0_80_0_0_46cdafb9c6d7387ab165537b870ee12e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, словакия, братислава, роберт фицо, владимир путин
дүйнөдө, словакия, братислава, роберт фицо, владимир путин
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Словакиянын борбору Братислава шаарында миңдеген адам бийликке каршы митингге чыкканын
РИА Новости жазды.
Аны киевчил уюм уюштурган. Нааразычылык акциясы борбордук аянтта болору белгиленип, полиция жума күнү аянттан бир нече квартал аралыкта кыймылды бөгөттөгөн. Митингчилер премьер-министр Роберт Фицонун отставкага кетишин талап кылышууда. ЖМКлардын маалыматы боюнча, нааразычылык акциясына 35-40 миңдей адам чыккан.
Фицо бул активисттердин Грузияда жана Украинадагы майданга тиешелүү чет элдик адистер менен байланышы бар экенин айтууда. Премьер алар мамлекеттик имараттарга кирүүгө жана маморгандардын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кыларын да белгилеген. Активисттер болсо Фицонун жүргүзгөн саясатына каршылыгын тынчтык жолу менен гана көрсөткүсү келгендигин белгилешүүдө.
"Словакиянын бардык тургундарына кайрылам, нааразылыгыңарды көрсөткүңөр келсе каалашыңарча чыккыла, кыйкыргыла, бирок суранарым, өзүңөрдү чет жактан каржыланып жаткан оппозиция, бейөкмөт уюмдар, уюштуруучулар жана словакиялык ЖМКнын бир бөлүгүнө алдатууга жол бербегиле. Жакынкы күндөрү бул уюштуруучуларды өлкөдөн чыгарабыз", — деген Фицо журналисттерге.
Митингдин уюштуруучулары буга чейин Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, премьер-министрдин Москва менен жакындашып жаткан мамилесин текшерүүгө алууну өтүнүшкөн. Нааразычылык Фицонун 22-декабрда Россияда президент Владимир Путин менен жолугушкандан кийин күч алган.