https://sputnik.kg/20250125/tramp-rossiyaga-ultimatum-kojdu-kolumnistika-1091625143.html
Трамп Россияга ультиматум койду. Москва аны байкабай калган шекилдүү
Трамп Россияга ультиматум койду. Москва аны байкабай калган шекилдүү
Sputnik Кыргызстан
Кремль Москва Вашингтон менен тең ата диалогго даяр экенин, тиги тараптан да ушундай эле мамилени күтөрүн, бирок бир да ишарат боло электигин билдирди... 25.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-25T20:07+0600
2025-01-25T20:07+0600
2025-01-25T20:17+0600
дүйнөдө
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
акш
россия
украина
дональд трамп
саясат
экономика
опузалоо
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091620004_0:10:1441:820_1920x0_80_0_0_31e62f575db10b88b0ba93e6400c668f.png
Кремль Москва Вашингтон менен тең ата диалогго даяр экенин, тиги тараптан да ушундай эле мамилени күтөрүн, бирок бир да ишарат боло электигин билдирди. Кадыресе сөз, буга чейин далай жаңырган. Бирок бу сапар РФ президентинин маалымат катчысы бул ойду АКШнын жаңы президентинин резонанстуу билдирүүсүнөн кийин айтты.Эмнегедир азыр Жо Байден кетип баратып Дональд Трампка катуураак сүйкөнүп же түбүн ичирип кеткен сыяктуу сезилип жатат. Жаңы президенттин соцтармакка жарыялаган сөздөрүн окуп жатып ушундай пикирге келет экенсиң дейт россиялык колумнист Виктория Никифорова. Украина боюнча кеп козгоп Россияга кайрылган ар бир посту өзүнчө эле учкул ой экени жазылат макалада. Алгач Трамп орус элин сүйүп-күйүп атып эле бир аздан соң шарт кое баштады. Мыңызы — орустар "бул күлкү келтирген согушту" токтотушу керек. Жөн эле боору эзилип атыптыр. Шольц деген канцлер сымал бирөө бар эле, Донбасстагы геноцидге күлө берип, азыр саясий өлүккө айланып калды.Эгер Россия сунушка макул болбосо Трамп Тариф, Пошлина жана Санкцияларды күчөтөт имиш. Чын, ушинтип баш тамга менен балтайта жазыптыр, жүрөктү түшүрүп. Мындай акылга сыйбаган сөздү талдап отургуң деле келбейт экен, бирок Трамптын да тарапташтары бар эмеспи, жок дегенде ошолорго түшүнүк берип коелучу.Урматтуу президент, кайсы санкция? Акыркы жылы Россияга каршы салынбаган санкция калдыбы? Россиянын экономикасы анын баарынын таш-талканын чыгарбадыбы. Ишенбесеңиз Обамадан сурап көрсөңүз, айтып берет.Баса, ошол сиздердин санкцияларыңыздардан улам Россия ушу тапта дүйнөлүк экономикада төртүнчү орунда турат, бул чети эле. Эгер ИДПга өлкөңүздөгү баңгизаттын айлануусу менен бүтүндөй порнобизнестин үлүшүн камтысаңыз жыйынтык мындан да сонун болот.Россия АКШ менен соодасын дээрлик жокко чыгарып койду, ошондо сиз кайсы товарга Тариф жана Пошлина киргизмекчи болуп жатасыз? Москва алда канча ишенимдүү, туруктуу, абийирдүү өнөктөштөр менен алака түзүп, ошолор менен алыш-бериш жасоодо, дүйнөлүк көпчүлүк да ошол мамлекеттер менен мамиле куруп жатат.Сүйлөчү сөзүңүздү ким жазат, кеңешчилериңиз ким деги? Кат-сабаты жоюлуп, дүйнө таанымы кененирээк бирөөнү таап, "америкалыктарга 60 миллион кишисин жоготуп Экинчи дүйнөлүк согушту жеңүүгө жардам берген орус эли" тууралуу болбогон постторду жарыялабасаңыз болот беле?Ири мамлекеттин лидери тарыхты жакшы билүүсү милдет эмеспи. Манераларыңыз өзүнчө сөз. Администрацияңызга Москва өз ара пайдалуу, тең укуктуу, сый-урматка негизделген сүйлөшүүлөргө даяр экени канчадан бери айтылып келе жатат. Бирок эч ким эч нерсе түшүнгүсү келбейт, эч ким өткөндөн сабак да албаптыр.Эми сиз акыркы күндөрү таңуулап жаткан келишим тууралуу айтсак. Бизге анын кереги азыр канчалык? Атайын аскердик операция акырындык менен өз максатына баратат, армиябыз алдыга жылууда. Красноармейскиге (мурунку Покровск) аз эле калды, президентибиз айткандай, Одесса деле орустун шаары.Ушу тапта Россия экономикасы өрүштө, муну анча-мынча акылы бар америкалыктар деле айтып жатат. Миллиондогон жарандарыбыз атайын аскердик операцияны колдоодо, Украина менен тынчтыкка келүүнү жата калып деле колдоп кеткен жок: калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо элдин жарымы гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоого даяр экенин көрсөткөн.Андыктан опузаңызды коркок билиштерге сактап койгонуңуз оң окшойт. Амбицияларыңыз менен мүмкүнчүлүктөрүңүз төп келбейт. Өзүңүздөрдүн эле The Hill гезити "Трамптын Россияга да, Украинага да таасир эте турган эч кандай куралы жоктугун" жазды. Европалык эксперттер да "Трамп опуза, коркутуу менен тынчтыкка жетише албай турганын" айтып жатышат. Кулак төшөп коюңуз, болбосо Зеленскийдин Украинага америкалык жоокерлерди жөнөтүү талабын аткарууга мажбур болуп каласыз. Аскерлериңизди кандай тагдыр күтүп жатканын билесизби? Бул боюнча кызыктуу видеороликтерди жөнөтүп кое алабыз.Россиянын Мамлекеттик Думасы Трамп туңгуюкка кептей турган стратегияны тандап алды деп эсептөөдө. "Бизге ультиматумдун тили менен сүйлөп, тарифтер менен коркутуу — болбогон кеп, бул Россияга туура келбейт", — деди крымдык депутат Леонид Ивлев.Кремль америкалык президенттин акыркы опузалуу билдирүүсүнө көңүл бөлүп да койгон жок. Адатта таалим-тарбиялуу адамдар кишинин уят болгонун, алешем кадамын байкамаксан болот эмеспи. Бул жерде комментарий берүү да ашык сыяктуу. Мейли, АКШ президентинин деңгээлин бүт дүйнө көрсүн.Ошентсе да колдо бар материал менен иштөөгө туура келет, америкалык лидерлердин тайыздыгы өлкөдөн кол үзүп коюуга негиз эмес. Анын үстүнө Трамп ички аудиториясы үчүн өзүн кайрат-демдүү, жеңилбеген арстан кылып көрсөтүүгө аргасыз экенин биз деле түшүнүп турабыз.АКШнын 47-президенти үчүн Украинанын биротоло кыйрашын күткөндөн көрө ал жактагы жоготууларынын эсебин азыр алып койгону жакшы. Анан ошого карап чүкөсүн ойносо оң болор.Москва сүйлөшүүгө ачык, бирок ал тең ата жана өз ара сый-урматтын негизинде ишке ашуусу зарыл. Коркутуп-үркүтүү, Россиянын "алсызданып бараткан экономикасы" тууралуу нотациялар — өткөн чак. Трамптын биринчи аракетин байкабай эле коелу, мүмкүнчүлүгү дагы бар. Мугалимдер "класстан чыгып туруп, кайра кир" дечү беле...
https://sputnik.kg/20250121/tramp-prezidenttigin-bashkacha-bashtady-1091548392.html
https://sputnik.kg/20250124/chernaya-transplantologiya-zapad-zakharova-1091612531.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Виктория Никифорова
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082638801_183:0:405:222_100x100_80_0_0_c2ba56ad525738c704949fa7e475ec9e.png
Виктория Никифорова
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082638801_183:0:405:222_100x100_80_0_0_c2ba56ad525738c704949fa7e475ec9e.png
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091620004_52:0:1149:823_1920x0_80_0_0_54da5932f0ea76f1012f06984eb79c02.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Виктория Никифорова
https://sputnik.kg/img/07e8/02/0c/1082638801_183:0:405:222_100x100_80_0_0_c2ba56ad525738c704949fa7e475ec9e.png
дүйнөдө, акш, россия, украина, дональд трамп, саясат, экономика, опузалоо, атайын операция, колумнистика
дүйнөдө, акш, россия, украина, дональд трамп, саясат, экономика, опузалоо, атайын операция, колумнистика
Кремль Москва Вашингтон менен тең ата диалогго даяр экенин, тиги тараптан да ушундай эле мамилени күтөрүн, бирок бир да ишарат боло электигин билдирди. Кадыресе сөз, буга чейин далай жаңырган. Бирок бу сапар РФ президентинин маалымат катчысы бул ойду АКШнын жаңы президентинин резонанстуу билдирүүсүнөн кийин айтты.
Эмнегедир азыр Жо Байден кетип баратып Дональд Трампка катуураак сүйкөнүп же түбүн ичирип кеткен сыяктуу сезилип жатат. Жаңы президенттин соцтармакка жарыялаган сөздөрүн окуп жатып ушундай пикирге келет экенсиң дейт россиялык колумнист Виктория Никифорова. Украина боюнча кеп козгоп Россияга кайрылган ар бир посту өзүнчө эле учкул ой экени жазылат
макалада.
Алгач Трамп орус элин сүйүп-күйүп атып эле бир аздан соң шарт кое баштады. Мыңызы — орустар "бул күлкү келтирген согушту" токтотушу керек. Жөн эле боору эзилип атыптыр. Шольц деген канцлер сымал бирөө бар эле, Донбасстагы геноцидге күлө берип, азыр саясий өлүккө айланып калды.
Эгер Россия сунушка макул болбосо Трамп Тариф, Пошлина жана Санкцияларды күчөтөт имиш. Чын, ушинтип баш тамга менен балтайта жазыптыр, жүрөктү түшүрүп. Мындай акылга сыйбаган сөздү талдап отургуң деле келбейт экен, бирок Трамптын да тарапташтары бар эмеспи, жок дегенде ошолорго түшүнүк берип коелучу.
Урматтуу президент, кайсы санкция? Акыркы жылы Россияга каршы салынбаган санкция калдыбы? Россиянын экономикасы анын баарынын таш-талканын чыгарбадыбы. Ишенбесеңиз Обамадан сурап көрсөңүз, айтып берет.
Баса, ошол сиздердин санкцияларыңыздардан улам Россия ушу тапта дүйнөлүк экономикада төртүнчү орунда турат, бул чети эле. Эгер ИДПга өлкөңүздөгү баңгизаттын айлануусу менен бүтүндөй порнобизнестин үлүшүн камтысаңыз жыйынтык мындан да сонун болот.
Россия АКШ менен соодасын дээрлик жокко чыгарып койду, ошондо сиз кайсы товарга Тариф жана Пошлина киргизмекчи болуп жатасыз? Москва алда канча ишенимдүү, туруктуу, абийирдүү өнөктөштөр менен алака түзүп, ошолор менен алыш-бериш жасоодо, дүйнөлүк көпчүлүк да ошол мамлекеттер менен мамиле куруп жатат.
Сүйлөчү сөзүңүздү ким жазат, кеңешчилериңиз ким деги? Кат-сабаты жоюлуп, дүйнө таанымы кененирээк бирөөнү таап, "америкалыктарга 60 миллион кишисин жоготуп Экинчи дүйнөлүк согушту жеңүүгө жардам берген орус эли" тууралуу болбогон постторду жарыялабасаңыз болот беле?
Ири мамлекеттин лидери тарыхты жакшы билүүсү милдет эмеспи. Манераларыңыз өзүнчө сөз. Администрацияңызга Москва өз ара пайдалуу, тең укуктуу, сый-урматка негизделген сүйлөшүүлөргө даяр экени канчадан бери айтылып келе жатат. Бирок эч ким эч нерсе түшүнгүсү келбейт, эч ким өткөндөн сабак да албаптыр.
Эми сиз акыркы күндөрү таңуулап жаткан келишим тууралуу айтсак. Бизге анын кереги азыр канчалык? Атайын аскердик операция акырындык менен өз максатына баратат, армиябыз алдыга жылууда. Красноармейскиге (мурунку Покровск) аз эле калды, президентибиз айткандай, Одесса деле орустун шаары.
Ушу тапта Россия экономикасы өрүштө, муну анча-мынча акылы бар америкалыктар деле айтып жатат. Миллиондогон жарандарыбыз атайын аскердик операцияны колдоодо, Украина менен тынчтыкка келүүнү жата калып деле колдоп кеткен жок: калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо элдин жарымы гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоого даяр экенин көрсөткөн.
Андыктан опузаңызды коркок билиштерге сактап койгонуңуз оң окшойт. Амбицияларыңыз менен мүмкүнчүлүктөрүңүз төп келбейт. Өзүңүздөрдүн эле The Hill гезити "Трамптын Россияга да, Украинага да таасир эте турган эч кандай куралы жоктугун"
жазды.
Европалык эксперттер да "Трамп опуза, коркутуу менен тынчтыкка жетише албай турганын" айтып жатышат. Кулак төшөп коюңуз, болбосо Зеленскийдин Украинага америкалык жоокерлерди жөнөтүү талабын аткарууга мажбур болуп каласыз. Аскерлериңизди кандай тагдыр күтүп жатканын билесизби? Бул боюнча кызыктуу видеороликтерди жөнөтүп кое алабыз.
Россиянын Мамлекеттик Думасы Трамп туңгуюкка кептей турган стратегияны тандап алды деп эсептөөдө. "Бизге ультиматумдун тили менен сүйлөп, тарифтер менен коркутуу — болбогон кеп, бул Россияга туура келбейт", — деди крымдык депутат Леонид Ивлев.
Кремль америкалык президенттин акыркы опузалуу билдирүүсүнө көңүл бөлүп да койгон жок. Адатта таалим-тарбиялуу адамдар кишинин уят болгонун, алешем кадамын байкамаксан болот эмеспи. Бул жерде комментарий берүү да ашык сыяктуу. Мейли, АКШ президентинин деңгээлин бүт дүйнө көрсүн.
Ошентсе да колдо бар материал менен иштөөгө туура келет, америкалык лидерлердин тайыздыгы өлкөдөн кол үзүп коюуга негиз эмес. Анын үстүнө Трамп ички аудиториясы үчүн өзүн кайрат-демдүү, жеңилбеген арстан кылып көрсөтүүгө аргасыз экенин биз деле түшүнүп турабыз.
АКШнын 47-президенти үчүн Украинанын биротоло кыйрашын күткөндөн көрө ал жактагы жоготууларынын эсебин азыр алып койгону жакшы. Анан ошого карап чүкөсүн ойносо оң болор.
Москва сүйлөшүүгө ачык, бирок ал тең ата жана өз ара сый-урматтын негизинде ишке ашуусу зарыл. Коркутуп-үркүтүү, Россиянын "алсызданып бараткан экономикасы" тууралуу нотациялар — өткөн чак. Трамптын биринчи аракетин байкабай эле коелу, мүмкүнчүлүгү дагы бар. Мугалимдер "класстан чыгып туруп, кайра кир" дечү беле...