https://sputnik.kg/20250206/rossiya-tramptyn-ukrainany-natogo-tartuu-kata-bolgon-degenin-kubattajt-1091895823.html
Лавров: Россия Трамптын Украинаны НАТОго тартуу жаңылыш болгон деген сөзүн кубаттайт
Лавров: Россия Трамптын Украинаны НАТОго тартуу жаңылыш болгон деген сөзүн кубаттайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Украинаны НАТОго тартуу чоң катачылык болгон деген сөзүн кубаттайт. Бул тууралуу РФ тышкы... 06.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-06T15:46+0600
2025-02-06T15:46+0600
2025-02-06T15:46+0600
дүйнөдө
россия
сергей лавров
элчи
дональд трамп
украина
нато
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091895963_0:88:2990:1770_1920x0_80_0_0_4f2a9cc9f34ff89604ac62b29200840a.jpg
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Украинаны НАТОго тартуу чоң катачылык болгон деген сөзүн кубаттайт. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров чет элдик элчилер менен уюштурулган тегерек столдо билдиргенин РИА Новости кабарлады.Министрдин сөзүнүн урунттуу учурлары:"Чындыкты жокко чыгаруу — үстөмдүгүн сактап калуунун дагы бир айласы. Эки жума мурун Холокост күнүнө карата БУУнун Башкы Ассамблеясында баш катчы батыштагылардын айтканын кайталап, Освенцимди чынында ким бошотконун айткан жок. Кызыл армия унутта калды", — деди Лавров.
https://sputnik.kg/20250206/aksh-ukraina-boyuncha-tynchtyk-planyn-kachan-achyktajt-1091885472.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091895963_259:0:2990:2048_1920x0_80_0_0_46ae6e8c17fcb636e284bd56a433a92a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, сергей лавров, элчи, дональд трамп, украина, нато
дүйнөдө, россия, сергей лавров, элчи, дональд трамп, украина, нато
Лавров: Россия Трамптын Украинаны НАТОго тартуу жаңылыш болгон деген сөзүн кубаттайт
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва АКШ президенти Дональд Трамптын Украинаны НАТОго тартуу чоң катачылык болгон деген сөзүн кубаттайт. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров чет элдик элчилер менен уюштурулган тегерек столдо билдиргенин
РИА Новости кабарлады.
"Президент Трамп Байдендин администрациясынын украин кризисин жөнгө салуу боюнча позициясын сындап жатып Украинаны НАТОго тартуу чоң ката болгонун биринчи жолу ачык айтты. Биринчи жолу батыш лидеринин, болгондо да АКШ президентинин оозунан ушул сөз чыкты. Кубаттай турган нерсе. Биринчи жолу НАТО АКШ чындап талкуулай турган маселе экени так көрсөтүлдү", — деди Лавров.
Министрдин сөзүнүн урунттуу учурлары:
ЮНЕСКОнун жетекчиси Одри Азуле ансыз да тамтыгы чыккан уюмдун күн тартибин украинизациялоого ыктап жатат;
Батыш адилеттүү атаандаштыкты эчак эле жокко чыгарып койгон. Мексика, Панама жана Дания азыр муну жон тери менен сезүүдө;
жокко чыгаруу маданияты эми Жакынкы Чыгышка ооду: алгач Батыш жапырт Палестина маселесинде БУУнун Коопсуздук кеңешине ишеним көрсөтсө, бүгүн Трамп Газа секторунун жашоочуларын Египет менен Иорданияга көчүрүп, аймакты курортко айландырууну сунуштап жатат;
БУУнун баш катчысы Украина маселеси боюнча Батыштын жетегинде калууда.
"Чындыкты жокко чыгаруу — үстөмдүгүн сактап калуунун дагы бир айласы. Эки жума мурун Холокост күнүнө карата БУУнун Башкы Ассамблеясында баш катчы батыштагылардын айтканын кайталап, Освенцимди чынында ким бошотконун айткан жок. Кызыл армия унутта калды", — деди Лавров.