https://sputnik.kg/20250207/tramp-ehl-aralyk-kylmysh-sotuna-karshy-sankciya-kirgizdi-1091906528.html
Трамп Эл аралык кылмыш сотуна каршы санкция киргизди
Трамп Эл аралык кылмыш сотуна каршы санкция киргизди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна (ЭКС) Вашингтонго жана анын Израиль баштаган союздаштарына каршы аракети үчүн... 07.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-07T10:27+0600
2025-02-07T10:27+0600
2025-02-07T11:10+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
эл аралык кылмыш соту
израиль
санкциялар
https://sputnik.kg/img/07e9/02/07/1091907092_0:500:2751:2048_1920x0_80_0_0_be09b3aea7b2f364a3969ac76fa16f9a.jpg
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна (ЭКС) Вашингтонго жана анын Израиль баштаган союздаштарына каршы аракети үчүн санкция киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Жарлыкта мүлктү жана активдерди бөгөттөө, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун мүчөлөрүнө, алардын үй-бүлөсүнө АКШга кирүүгө тыюу салуу жазылган. Мындан тышкары, ЭКСтин америкалык жарандарды жана анын союздаштарын кармоо, жоопкерчиликке тартуу, иликтөө жүргүзүү аракеттери "улуттук коопсуздукка жана тышкы саясатка коркунуч" катары кабылданары айтылды.Белгилей кетсек, 2024-жылы ноябрда ЭКС Газа секторундагы аскердик кылмыштары үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурунку коргоо министри Йоав Галантты кармоо боюнча ордер берген.Ал эми 2023-жылдын мартында Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы РФ президенти Владимир Путинди "кармоо" боюнча ордер бергени маалым. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков ЭСК койгон маселе насилинде туура эмес экенин, Москва бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын, демек, анын чечимдеринин баары укук жаатында эч нерсеге арзыбастыгын айткан.
https://sputnik.kg/20250206/gazaga-asker-zhonotuu-zhakynky-planda-zhok-1091884532.html
акш
израиль
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/07/1091907092_0:536:2016:2048_1920x0_80_0_0_bcb3be944bc648ec3d24a2e23efd630c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, эл аралык кылмыш соту , израиль, санкциялар
дүйнөдө, акш, дональд трамп, эл аралык кылмыш соту , израиль, санкциялар
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна (ЭКС) Вашингтонго жана анын Израиль баштаган союздаштарына каршы аракети үчүн санкция киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Мен, Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти, Рим статусунун негизинде түзүлгөн Эл аралык кылмыш соту Америкага жана биздин жакын союздаш Израилге каршы жана негизсиз аракеттерди көргөн деп чечтим", — деп айтылат Ак үй тараткан документте.
Жарлыкта мүлктү жана активдерди бөгөттөө, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотунун мүчөлөрүнө, алардын үй-бүлөсүнө АКШга кирүүгө тыюу салуу жазылган. Мындан тышкары, ЭКСтин америкалык жарандарды жана анын союздаштарын кармоо, жоопкерчиликке тартуу, иликтөө жүргүзүү аракеттери "улуттук коопсуздукка жана тышкы саясатка коркунуч" катары кабылданары айтылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылы ноябрда ЭКС Газа секторундагы аскердик кылмыштары үчүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурунку коргоо министри Йоав Галантты кармоо боюнча ордер берген.
Ал эми 2023-жылдын мартында Эл аралык кылмыш сотунун сотко чейинки палатасы РФ президенти Владимир Путинди "кармоо" боюнча ордер бергени маалым. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков ЭСК койгон маселе насилинде туура эмес экенин, Москва бул соттун юрисдикциясын тааныбай турганын, демек, анын чечимдеринин баары укук жаатында эч нерсеге арзыбастыгын айткан.