00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үшкүрүк менен жашап өткөн акын. Эрнис Асек уулун эскерүү

© Фото / из семейного архива Назиры СаалиевойКотормочу, акын жана журналист Эрнис Асек уулу жана жубайы Назира Саалиева. Архив
Котормочу, акын жана журналист Эрнис Асек уулу жана жубайы Назира Саалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2025
Жазылуу
Эрнис Асек уулу өзүнчө дүйнөсү бар, жашоого көз карашы башкалардан кескин айырмаланып турган инсан эле. Ырларын баары эле түшүнө бербейт.
Көзү тирүү кезинде дүйнөлүк классиктерге кирген 8 романды кыргызчалап, Михаил Булгаковдун "Мастер менен Маргарита" чыгармасынын кыргызчасы жакында жарык көрдү.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Эрнис Асек уулунун жубайы Назира Саалиева жана Эрнис Асек уулунун бир тууган жеңеси Асел Эшимканова болду. Биз котормочу, акын жана журналист Эрнис Асек уулунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
— Назира эже, жолдошуңуздун көзү өткөндөн кийин бир катар эмгектерин китеп кылып чыгарып жатасыздар. Ошол китептери тууралуу айтсаңыз?
Назира Саалиева: — Эрнистин көзү тирүүсүндө эки китеби чыккан. Биринде Конфуцийдин ой толгоолорун которгон. Андан кийин Мухаммед пайгамбардын (САВ) күйөө баласы Имам Али (Нахж-ул-Балаге. Купталар, каттар, афоризмдер (накыл кептер) китебин да которгон. Ушул экөөнү өзү көрүп кетти. Көзү өтөрүн сезгенсип негедир Михаил Булгаковдун "Мастер менен Маргарита" романын эки айдын ичинде шашылыш которду. Былтыр президенттин колдоосу менен чыккан 50 китептин катарында ушул эмгек да жарык көрдү. Аны көрбөй калды. Бирок мукабасынын баарын өзү даярдап кеткен. "Турар" басмаканасынын мурунку жетекчиси, маркум Тилек Мураталиев чыгарууга ниет кылып, бирок автордук укукка ээ болгон тараптан уруксат ала албагандыктан ишке ашпай калган. Автордук укук боюнча Россиядагы автордук коомдун жана Жазуучулар союзунун жетекчисине кат жаздым. Булгаковдун мураскери Сергей Шиловский-Булгаковго менин катымды жөнөтγшсө керек, андан мыйзам боюнча тираждан 10 пайыз төлөйсγңөр, типография мени менен байланышсын деген кат келди. “Улуу Тоолор” типографиясынын жетекчиси Жумадин Кадыровго каттын жообун айтсам, ал “Мастер менен Маргарита” романынын котормосуна 52 миң сом гонорар чыккан экен, аны Шиловскийге которолу дегенде анын уруксаты жок китеп чыкпай калбасын деп макул болгом. Ошондой эле ырлары ТҮРКСОЙдун колдоосу менен түркчөгө которулуп, кичинекей китепче болуп чыкты. Аталышын "Үшкүрүк" деп өздөрү койгон экен. Ушундай ыры бар. Бирок китептин мындай аталышы мага жакты. Себеби Эрнис турмушту үшкүрүк менен эле өткөрдү да. Ичиндегисин сыртка чыгарбаган, унчукпай өзүнчө жазып которо берген, бирөөгө ишин милдет кылбаган адам эле. "Кун фу зы" китеби деле Нуржигит Кадырбеков экөөбүздүн күчүбүз менен чыгып калган. Нуржигит "Ыйман" фондун жетектеп турганда бир кγнγ мага телефон чалып "ар кайсы акындардын ырларын кошуп бир китеп чыгарып жаттым эле. Эрнис байкенин ырларын салып коюңузчу" деп калды, Эрниске айтсам болбой койгон. Анан мен “Конфуцийдин осуяттарын которду эле, ошону чыгарып бере аласыңбы?” десем макул болуп, чыгарган. Бет ачарын да өткөрγп берген. Ал жерге Эрнисти алып баруу да кыйындыкка турган. “Мен автор эмесмин да, котормочумун. Конфуцийди чакырып алгыла" деп көнбөй койгон эле, араң көндγрγп алып баргам. Окумуштууларды, котормочуларды чакырыптыр, алардын арасында Эрнистин дагы орду бар экен, ал жакка отурбай, эл арасына отуруп алган. Нуржигит котормочуну чакырып коелу дегенде айла жок чыгып, сөз сүйлөгөн.
— Эрнис мырза өз чыгармачылыгына абдан сын көз менен караган инсан болгонун айтышат...
Н.С.: — Ооба, бул китептерин деле чыгармак эмес. Мен капысынан эле компьютеринен көрүп калгам. Окуп көрсөм, кыргызча куюлуштуруп абдан жакшы которуптур. Китеби чыкканда деле аябай сүйүнүп, алып-учкан жок. Мындай учурларды салкын, салабаттуу эле кабыл алчу. Дүйнөлүк адабияттын баарын окуган. Кимди сураба, баарын кызыктуу кылып айтып берчү.
© Фото / из семейного архива Назиры СаалиевойКотормочу, акын жана журналист Эрнис Асек уулу жана жубайы Назира Саалиева
Переводчик, поэт и журналист Эрнис Асек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2025
Котормочу, акын жана журналист Эрнис Асек уулу жана жубайы Назира Саалиева
— Мүнөздөмө берсеңиз. Бир учурда коомдон алыстап кеткендей да болду...
Н.С.: — Негизи Эрнисти түнт деп айтышат. Бирок ал андай эмес болчу. Мисалы, гитара чертчγ, ырдачу, манас айтчу, шахмат ойночу. Ооба, ачылчу кишиге ачылчу. Бирок баарына эле сырын айта берчү эмес, көп сүйлөчү эмес. Коомдон оолактап эле иштей берчү. Өзүнүн кесиби котормочу да. Отуруп алып эле иштей берчү. Эми майда котормолору көп, чоң котормолорунан сегиз китеп бар. Индия акылманы Жидду Кришнамуртинин Өзүңдө революция жасай аласыңбы?” деген адам таануу боюнча китебин которгон. Эмдиги жылы 55 жашка чыгат, ошол датаны утурлай чыгарып коёюн деп жатам. Эми мунун баары мага аманат болуп калды да. Жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы Нурлан Калыбеков 2020-жылдын 26-январында Эрниске жолуккан. Анда ал поэзия кечесин өткөрγγнγ сунуштаган, анда да так секирип көнбөй жатканда Нурлан экөөбγз эптеп көндγргөнбγз. 25-апрель деп датасын Эрнис өзγ койгон эле. Тилекке каршы, ага жетпей каза болуп калды. Поэзия кечесинин ордуна эскерүү кечеси болуп калды. 2021-жылы эскерγγ кечесин апамдын колдоосу, бир туугандарымдын жардамы менен өткөрдγк.
— Эрнис Асек уулунун акындыгы тууралуу сүйлөшсөк. Тирүүсүндө бааланбай калды, өзү да ага жол берген жок дешет...
Н.С.: — Эрнис өзүнүн кесиби менен кете берсе чоң жазуучу, котормочу болмок экен. Анан журналисттиги менен акындыгы да аралашты. Акындын мүнөзү оор болот тура. Эрнис көп жактыра бербей калганда "аа, илхам келип калыптыр" деп түшүнчүмүн. Көзү өтүп кеткенден кийин ырларын барактап отурсам, өлүм жөнүндө көп жазыптыр. "Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары" деп бекер айтпаптыр деп калам. Ырларын түшүнүш кыйын. "Сагындым” деген ырында: “Өмүр сени сагындым, өлүм сени сагындым" деген сабы бар. Аны атактуу эле Эл акыны (атын атабай эле коеюн эми) "өлүмдү кантип киши сагынсын" деп сындаптыр... Бул эми философия да. Кээде жашоодо жаның кыйналганда "мени тезирээк эле алып кетсе экен" деп жибересиң. Ооруп калсаң “оо кудай, өмγр бере көр” дейсиң... Ырларынын өзүнүн философиясы, катылган мааниси бар. Эскерγγ кечесинин алдында “Каалга” аттуу ыр жыйнагы чыкты. Ал ырлары поэзия кечесине делгендиктен өзү тандап кеткен эле, ага 200 ыры кирди. Дагы 200 ыры бар. “Калган ырлары өзүнө жакпаса, балким элге жагар, чыгар!” деп Нурлан Калыбеков айтып жатат. Аны чыгарууга каражат керек да, көрө жатарбыз...
— Асел айым, Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулун таланттуу ага-ини катары билебиз. Бир караганда экөөнүн турмушка философиялык көз карашы жагынан окшоштуктары байкалат.
Асел Эшимканова: — Бир эле учурда окшош, бир карасаң таптакыр эки башка адамдар эле. Экөө тең көп кырдуу талант. Эрнистин ушунчалык таланттуу экенин көп эле адамдар, анын ичинде мен да билчү эмесмин. Бирок Мелис ар дайым "Эрнис менден таланттуу" деп айтчу. Бир тууганы болгондон кийин ушинтип айтса керек деп ойлочумун. Бирок кийин жакындан таанып-билгенден кийин анын көп кырдуу талант экенин түшүндүм. Эрнис көптөрдүн колунан келбеген чыгармаларды тандап которчу. Экөө тең башкача ой жүгүрткөн, кичинесинен бери экөө тең көп китеп окуган. Чынында эле Эрнисти көп адамдар түшүнө бербейт. Ал эми Мелис Эрниске караганда эл алдындагы адам болчу. Эрнис, тескерисинче, андайды жактырчу эмес. Жалгыздыкты жакшы көрчү. Атак-даңк алайын деген жок, эч кимге айтпай иштей берген. Назира чыгарбаса бул чыгармаларын да көп киши билбей калмак.
© Фото / из семейного архива ЭшимкановыхЭрнис Асек уулунун бир тууган жеңеси Асел Эшимканова
Супруга известного журналиста Асель Эшимканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2025
Эрнис Асек уулунун бир тууган жеңеси Асел Эшимканова
— Эрнис Асек уулунун балдары чыгармачылыкка жакынбы?
Н.С.: — Ооба, уулу менен кызында тең эле талант бар. Бирок кызы Бегимай орусча жазат. Бир ирет кыргызча ыр жазып келип атасына көрсөткөндө "Кыргызча эле жаза бер, кызым" деген. Уулу да аңгеме, эссе жазат. Экөө тең атасындай болуп эч жакка чыгарышпайт. Маектерге да барууну каалашпайт. Эрнис тойлорго барганды да жактырчу эмес. "Бири-бирин мактаган эле кайталанма сөздөр, андан көрө чыгарма жаратайын" деп кетип калчу. 2018-жылы кесиптешибиз Элнура Кулуева “Биз силерди эскеребиз” аттуу иш-чара өткөрγп, чакырган. Анда да Эрнисти араң алып баргам. Анда да Мелис байке тууралуу эскерип беришин журналисттер суранса, сылык баш тартып койгон. Шаштырып, үйгө эрте кетип калганбыз. Кетип баратканда “сγйлөп койсоң болмок” деп таарынсам, "эмнени айтмак элем" деди. Анткени Эрниске Мелис байкени эскерүү оор болчу. Аябай жоктоп, арманда кылып жγрγп өттγ. Жоктоо дартын жалаң жазуу менен жеңгенге аракет кылды. Ошондон улам бир топ котормо которулуп калды окшойт.
— Эми бала чагы, ата-теги тууралуу да айтсаңыздар?
Н.С.: — Уруусун азыкпыз деп айтып калчу. Ат-Башынын Кызыл-Туу айылынан да. Мелис байкенин эскерγγлөрγндө үчүнчү же төртүнчү атадан биригерин Аскар Салымбеков айтып калат. "Мелис менен Эрнис" аттуу чакан китепти чыгарууга Аскар агабыз демөөрчү болуп берди.
А.Э.: — Мелис 7 айлык болуп төрөлүп, итий болуп, адам болобу-жокпу деп ата-энеси болгон аракетин көрөт. Бирок такыр жакшы болбойт. Акыры атасынын баласы жок агалары "силер болгон аракетиңерди жасадыңар, эми бизге бергиле, тоодо, таза абада багып көрөлү" деп алып кетишиптир. Ал кезде телефон жок же машина жакшы каттабайт. Анан бир жылдан кийин барышса кичинекей бала боз үйдүн жанында жөрмөлөп жүргөн экен. Ата-энеси аябай сүйүнүп, балага тоонун абасы жагат экен деп калтырып кетишет. Жети жашка чейин тоодо чоңоёт. Кийин шаарга келгенде автобусту, жер-жемишти биринчи көрүптүр. Орусчаны тез үйрөнүп кеткен. Ата-энеси шаарда врач экен, аябай китеп окуган адамдар болуптур.
— Назира айым, Эрнис байке кандай адам эле?
Н.С.: — Каза болгонуна беш жыл болуп калды. Ушуга чейин көзүмдүн жашы тыйылбай келе жатканынан улам кандай күйөө болгонун билсеңер болот. Бир да жолу мени кагып-силккен жок, жаман айткан жок. Бир жакка барганды жактырбагандыктан жалгыз барып, кеч келчγмγн. Чалып тынчымды алчу эмес. “Бир чалып койсоң боло" деп мен таарынып калчумун, кээде гана. Өтө зирек, билимдγγ, акылдуу эле. Ошол акылынын азабын тартып жүрүп эле өтүп кетти.
Комуз менен акын. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2025
Бүгүнкү күндү 170 жыл мурун көргөн олуя акын. Туяк Эрназар уулун эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0