Мамытов: жасалма интеллектинин доору интернетке чекит коюшу ыктымал
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов жасалма интеллектинин келечектеги дүйнө экономикасына тийгизчү таасирине сереп салды.
Учурда жасалма интеллектини кагаз иштерине же лингвистикалык, котормочулук багытта гана колдонуп жатабыз. Анын мүмкүнчүлүктөрү кыйла кенен. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ал жасалма интеллект айыл чарба, логистика, медицина тармактарында тездик менен жайылып бара жатканына токтолду.
"Жасалма интеллект интернеттен да мурда пайда болгон десек болот. Алгачкы компьютерлер мына ушул жасалма интеллектинин башталышы болгон. Учурда анын жаңы деңгээлге көтөрүлүшү баарыбыздын кызыгуубузду жаратууда. Бирок бул жасалма интеллектинин колунан келчү иштердин чети гана деп ойлойм. Азыртадан эле ал юрист, эсепчи, журналист, котормочу деген кесиптердин ордун ээлей баштады. Башкача айтканда, азыр кагаз менен иш алып баргандар гана кооптонсо болот. Эгерде келечекте жасалма интеллект менен роботторду бириктире турган болсок, чынында көркөм чыгармаларда айтылгандай, адамзат башкаруусуна дал келбеген окуяларга күбө болушубуз ыктымал. Жасалма интеллект өзүн-өзү өнүктүрүп жана эбегейсиз чоң эс тутумга ээ болуусу менен адамдан күчтүүлүк кылууда. Анын бул сапаттары, албетте, көптөгөн жумуш орундарын кыскартып, керек болсо аскердик согуштарды да ээлеп алышы мүмкүн. Мындан улам жасалма интеллектини туура колдонуу — адамзаттын мойнундагы жоопкерчилик", — деди Мамытов.
Ал дүйнөдөгү ири компаниялар жасалма интеллектини өнүктүрүүгө каражат салып, кыска убакытта көп пайда табууну көздөгөн максаттары да анын тез өнүгүшүнө жол ачарын кошумчалады.