https://sputnik.kg/20250211/tramp-ukrainadan-500-mlrd-dollardyn-ken-baylygyn-kutup-zhatat-1091983073.html
500 млрд. долларлык кен байлык. Трамп Украинадан эмне күткөнүн айтты
500 млрд. долларлык кен байлык. Трамп Украинадан эмне күткөнүн айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Украина "кайсы бир күнү Россияныкы болуп калышы мүмкүн" болгондуктан, ага салынган Американын каражатына коопсуздук кепилдигин... 11.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-11T10:22+0600
2025-02-11T10:22+0600
2025-02-11T10:23+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
дональд трамп
атайын операция
жардам
сейрек
металл
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091982108_0:0:3068:1725_1920x0_80_0_0_9a25d6c28ae49e8f410e3bd36523cfd1.jpg
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Украина "кайсы бир күнү Россияныкы болуп калышы мүмкүн" болгондуктан, ага салынган Американын каражатына коопсуздук кепилдигин бериши керек. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.Америка лидеринин пикиринде, АКШ Украинага салган акчаны кайтарып берүү зарыл деген нерсени айтып, жеткирет."Мен аларды кайтарып алгым келет", — деген Трам акча туурасында айтып.АКШ лидери Америка Украинага "300 миллиард доллардан ашык каражат, балким 350 миллиард доллар коротконун", ал эми Европанын жумшаган акчасы 100 миллиардга чукул болгонун кошумчалады."Биздики эки эсе көп", — деген Трамп.Ал Америка Украинага салган акчалардын кайтарылышын күтүп жатканын билдирди."500 миллиард доллар турган сейрек кен байлыктарды (металлдарды — ред.) каалай турганымды айттым. Негизинен алар макул болушту. Андыктан, жок дегенде өзүбүздү акылсыз сезбей калабыз. Бизге бир нерсе алышка туура келерин аларга айттым", — деди АКШнын президенти.Муну менен катар эле ал Украинага курал-жарак берилип жатабы деген суроого так кесе жооп берген жок.Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген. Трамптын администрациясы мурдараак Батыштын Киевге жардам берүү шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгы боюнча маселени көтөргөн эле. Анда европалык союздаштарга караганда вашингтондук колдоонун көлөмү алда канча арбын экени айтылган.Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина менен АКШнын ресурстар боюнча келишими тууралуу айтылган сөздөрдөн улам бул тема талууланып жаткандыгын, бирок Киев Вашингтон менен стратегиялык өнөктөштүктү каалаарын билдирген.Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинадагы сейрек кездешкен металлдар боюнча планы коммерциялык максатта экендигин белгилеген. Ал Вашингтондун Киевге жардам бербегени жакшы иш болмоктугун жана мунусу чатактын аякташына кошкон салымы болуп каларын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20250123/aksh-ukrainaga-zhardam-berip-kantip-akcha-taap-zhatfn-1091604182.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091982108_123:0:2854:2048_1920x0_80_0_0_64105f85a315e2fa4b9af7adae61b844.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, дональд трамп, атайын операция, жардам, сейрек, металл, акча, саясат
дүйнөдө, акш, россия, украина, дональд трамп, атайын операция, жардам, сейрек, металл, акча, саясат
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Украина "кайсы бир күнү Россияныкы болуп калышы мүмкүн" болгондуктан, ага салынган Американын каражатына коопсуздук кепилдигин бериши керек. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда айтканын
РИА Новости жазды.
"Булардын жеринде сейрек кездешкен металлдардын, мунайдын, газдын жана башка байлыктардын кени абдан көп болгондуктан, ал өтө кымбат. Бала-чакабыздын коопсуздукта болушун каалайм. Себеби биз жүз миллиарддаган доллар коротуп жатабыз. Алар келишим түзүшү да, түзбөй коюшу да мүмкүн. Кайсы бир учурда Россияга карап калышы да ыктымал, ага кошулбашы да мүмкүн", — деген Трамп.
Америка лидеринин пикиринде, АКШ Украинага салган акчаны кайтарып берүү зарыл деген нерсени айтып, жеткирет.
"Мен аларды кайтарып алгым келет", — деген Трам акча туурасында айтып.
АКШ лидери Америка Украинага "300 миллиард доллардан ашык каражат, балким 350 миллиард доллар коротконун", ал эми Европанын жумшаган акчасы 100 миллиардга чукул болгонун кошумчалады.
"Биздики эки эсе көп", — деген Трамп.
Ал Америка Украинага салган акчалардын кайтарылышын күтүп жатканын билдирди.
"500 миллиард доллар турган сейрек кен байлыктарды (металлдарды — ред.) каалай турганымды айттым. Негизинен алар макул болушту. Андыктан, жок дегенде өзүбүздү акылсыз сезбей калабыз. Бизге бир нерсе алышка туура келерин аларга айттым", — деди АКШнын президенти.
Муну менен катар эле ал Украинага курал-жарак берилип жатабы деген суроого так кесе жооп берген жок.
Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген. Трамптын администрациясы мурдараак Батыштын Киевге жардам берүү шарттарын кайра карап чыгуу зарылдыгы боюнча маселени көтөргөн эле. Анда европалык союздаштарга караганда вашингтондук колдоонун көлөмү алда канча арбын экени айтылган.
Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина менен АКШнын ресурстар боюнча келишими тууралуу айтылган сөздөрдөн улам бул тема талууланып жаткандыгын, бирок Киев Вашингтон менен стратегиялык өнөктөштүктү каалаарын билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинадагы сейрек кездешкен металлдар боюнча планы коммерциялык максатта экендигин белгилеген. Ал Вашингтондун Киевге жардам бербегени жакшы иш болмоктугун жана мунусу чатактын аякташына кошкон салымы болуп каларын кошумчалаган.