https://sputnik.kg/20250216/mehr-oshko-150-atajyn-tekhnika-satyp-alynaryn-ajtty-1092092730.html
"Колдонууга болбой калыптыр". Мэр Ошко 150 атайын техника сатып алынарын айтты
"Колдонууга болбой калыптыр". Мэр Ошко 150 атайын техника сатып алынарын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош шаардык кызматтарына 150дөй атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу калаа башчы Жеңишбек Токторбаев "Кабар" агенттигине берген... 16.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-16T12:29+0600
2025-02-16T12:29+0600
2025-02-16T12:29+0600
кыргызстан
ош
жеңишбек токторбаев
мэр
техника
сатып алуу
маек
https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053066829_0:56:1080:664_1920x0_80_0_0_f8e44c55a6e5d38775de979140f71465.jpg
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош шаардык кызматтарына 150дөй атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу калаа башчы Жеңишбек Токторбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.Анын айтымында, атайын техникалар Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 500 миллион сомго сатып алынмакчы.Мэр Ош шаарындагы 9 муниципалдык аймактык башкармалыктын ар бирине өз аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу (жолдорду, тротуарларды, балдар аянтчаларын оңдоо жана куруу) үчүн 30 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20250130/adylbek-kasymaliyev-transport-tekhnika-1091739392.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/01/1053066829_61:0:1021:720_1920x0_80_0_0_6c068e07be16450237ce10eb1f8e3a8e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, жеңишбек токторбаев , мэр, техника, сатып алуу, маек
кыргызстан, ош, жеңишбек токторбаев , мэр, техника, сатып алуу, маек
"Колдонууга болбой калыптыр". Мэр Ошко 150 атайын техника сатып алынарын айтты
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ош шаардык кызматтарына 150дөй атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу калаа башчы Жеңишбек Токторбаев
"Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, атайын техникалар Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн
500 миллион сомго сатып алынмакчы.
"Учурдагы техникалардын 90 пайызы эскирип, колдонууга такыр мүмкүн болбой калыптыр. 500 миллион сомго 150дөн ашык жаңы техника сатып алуу пландалууда. Алар "Ош көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты" муниципалдык ишканасына, Муниципалдык менчик департаментине, Капиталдык курулуш башкармалыгына жана "Ош шаардык жолдору" башкармалыгына берилет", — деген Токторбаев.
Мэр Ош шаарындагы 9 муниципалдык аймактык башкармалыктын ар бирине өз аймагындагы инфраструктураны жакшыртуу (жолдорду, тротуарларды, балдар аянтчаларын оңдоо жана куруу) үчүн 30 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалаган.