https://sputnik.kg/20250218/ukraina-boyuncha-beyformal-sammit-zhiyyntyksyz-ayaktady-1092127578.html
Украина боюнча бейформал саммит эч жыйынтыкка жеткен жок
Украина боюнча бейформал саммит эч жыйынтыкка жеткен жок
Sputnik Кыргызстан
Парижде талкууланган маанилүү маселелердин бири Батыш аскерлерин Украинага жиберүү ыктымалдыгы болду. Эксперттер чогулгандардын бул жаатта бир пикирге келе... 18.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-18T11:02+0600
2025-02-18T11:02+0600
2025-02-18T11:03+0600
дүйнөдө
европа
акш
франция
саммит
эммануэль макрон
дональд туск
кир стармер
жоржа мелони
аскер
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092125726_0:91:3072:1819_1920x0_80_0_0_f26ff0da6457051144bc8370df2fa26a.jpg
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Европалык бир нече лидердин катышуусу менен Парижде Украина боюнча өткөн бейформал саммиттин жыйынтыгы билдирүүсүз бүтүп, Франция президенти Эммануэль Макрон прессага чыккан жок. Бул туурасында РИА Новости жазды.АКШ менен Россия сүйлөшүүлөрү болот дегенден улам Украинадагы согуш менен европалык коопсуздукту талкуулоо үчүн уюштурулган Мюнхен конференциясынан кийин Макрон чакырган бул жолугушуу үч саатка чукул созулду.Ага Германиянын, Улуу Британиянын, Италиянын, Польшанын, Испаниянын, Нидерландиянын жана Даниянын лидерлери катышты. Мындан сырткары, Парижге Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте келди.Бирок жалпы коммюнике да, Макрондун маалымат жыйыны да болгон жок. Польшанын премьер-министри Дональд Туск журналисттерге саммитте Украина боюнча эч кандай чечим кабыл алынбагандыгын билдирди.Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони дээрлик бир саат кечигип, башка лидерлер Макрон менен Елисей сарайын көздөй жөнөгөндө келип кошулду. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда ошол жердегилердин ичинен жалгыз Франция президенти аны автоунаасына чейин узатып келди. Эксперттер январда АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурацисына чакырылып, жакшы мамиледе болгон Мелони ЕБдин позициясын, анын ичинде украин чатагы боюнча Парижде айтылгандарды америка лидерине айтып берерин белгилешти.Ал жердеги маанилүү маселелердин бири Батыш аскерлеринин Украинага жиберүү ыктымалдыгы болду. Эксперттер бул жаатта чогулгандардын бир пикирге келе албагандыгын белгилешти.Туск айткандарга баам сала келгенде, ал жердегилер украин маселесин чечүүдө тыгыз кызматташуу зарылдыгына макул болушкан. Муну менен катар эле Германия канцлери Олаф Шольц учурда тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы белгисиз болгондуктан, Украинага аскер киргизүү боюнча талкуу, талаштардын болгонуна ичи чыкпагандыгын билдирди. Анын айтымында, келечекте Украинага жардам өзүнчө финансылоо каралышы керек деген чечим чыккандан кийин берилиши мүмкүн.Ал эми буга чейин Украинага аскердик күч жиберүүгө даярмын деп келген Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер Киевге канча жоокер жөнөтүү жана алардын эмне милдетти аткарары туурасында айтууга эртелик кыларын билдирди.Премьер Париж жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча сөз алып сүйлөп, Украинага европалык, мунун ичинде британиялык аскерлер жайгаштырылса, анда ал АКШ тараптын коопсуздук кепилдиги менен бекитилиши керектигин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250218/yevropa-menen-akshnyn-suuy-bashtagan-mamilesi-1092126088.html
европа
акш
франция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092125726_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_48ab2fc48e16c65cbcb2953d61b989d6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа, акш, франция, саммит, эммануэль макрон, дональд туск, кир стармер, жоржа мелони, аскер, талкуу
дүйнөдө, европа, акш, франция, саммит, эммануэль макрон, дональд туск, кир стармер, жоржа мелони, аскер, талкуу
Украина боюнча бейформал саммит эч жыйынтыкка жеткен жок
11:02 18.02.2025 (Жаңыртылды: 11:03 18.02.2025) Парижде талкууланган маанилүү маселелердин бири Батыш аскерлерин Украинага жиберүү ыктымалдыгы болду. Эксперттер чогулгандардын бул жаатта бир пикирге келе албагандыгын белгилешти.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Европалык бир нече лидердин катышуусу менен Парижде Украина боюнча өткөн бейформал саммиттин жыйынтыгы билдирүүсүз бүтүп, Франция президенти Эммануэль Макрон прессага чыккан жок. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
АКШ менен Россия сүйлөшүүлөрү болот дегенден улам Украинадагы согуш менен европалык коопсуздукту талкуулоо үчүн уюштурулган Мюнхен конференциясынан кийин Макрон чакырган бул жолугушуу үч саатка чукул созулду.
Ага Германиянын, Улуу Британиянын, Италиянын, Польшанын, Испаниянын, Нидерландиянын жана Даниянын лидерлери катышты. Мындан сырткары, Парижге Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Еврокеңештин жетекчиси Антониу Кошта жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте келди.
Бирок жалпы коммюнике да, Макрондун маалымат жыйыны да болгон жок. Польшанын премьер-министри Дональд Туск журналисттерге саммитте Украина боюнча эч кандай
чечим кабыл алынбагандыгын билдирди.
Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони дээрлик бир саат кечигип, башка лидерлер Макрон менен Елисей сарайын көздөй жөнөгөндө келип кошулду. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда ошол жердегилердин ичинен жалгыз Франция президенти аны автоунаасына чейин узатып келди. Эксперттер январда АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурацисына чакырылып, жакшы мамиледе болгон Мелони ЕБдин позициясын, анын ичинде украин чатагы боюнча Парижде айтылгандарды америка лидерине айтып берерин белгилешти.
Ал жердеги маанилүү маселелердин бири Батыш аскерлеринин Украинага жиберүү ыктымалдыгы болду. Эксперттер бул жаатта чогулгандардын бир пикирге келе албагандыгын белгилешти.
Туск айткандарга баам сала келгенде, ал жердегилер украин маселесин чечүүдө тыгыз кызматташуу зарылдыгына макул болушкан. Муну менен катар эле Германия канцлери Олаф Шольц учурда тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы белгисиз болгондуктан, Украинага аскер киргизүү боюнча талкуу, талаштардын болгонуна ичи чыкпагандыгын билдирди. Анын айтымында, келечекте Украинага жардам өзүнчө финансылоо каралышы керек деген чечим чыккандан кийин берилиши мүмкүн.
Ал эми буга чейин Украинага аскердик күч жиберүүгө даярмын деп келген Улуу Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер Киевге канча жоокер жөнөтүү жана алардын эмне милдетти аткарары туурасында айтууга эртелик кыларын билдирди.
Премьер Париж жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча сөз алып сүйлөп, Украинага европалык, мунун ичинде британиялык аскерлер жайгаштырылса, анда ал АКШ тараптын коопсуздук кепилдиги менен бекитилиши керектигин кошумчалады.