https://sputnik.kg/20250218/zakharova-batysh-zhana-anyn-koygoyloru-rusofobiya-tuuraluu-1092138993.html
Захарова русофобия, Батыш жана анын көйгөйлөрү тууралуу
Захарова русофобия, Батыш жана анын көйгөйлөрү тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясы Батыш дүйнөсү демократия менен коопсуздуктун эталону болбой калганын көрсөттү. Бул... 18.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-18T17:55+0600
2025-02-18T17:55+0600
2025-02-18T17:55+0600
дүйнөдө
россия
акш
батыш
мария захарова
тим
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092139138_0:223:2940:1877_1920x0_80_0_0_7eb1d1275fea5ea7ea0d3fc156342d64.jpg
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясы Батыш дүйнөсү демократия менен коопсуздуктун эталону болбой калганын көрсөттү. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Захарова, мындан сырткары, бул күндөрү дүйнө коомчулугунда өтө көп талкууланып жаткан Россия менен АКШнын алакасы евроатлантикалык русофобдордун түн уйкусун бөлүп жатканына токтолду."Жогорку деңгээлдеги россиялык-америкалык байланыштар евроатлантикалык русофобдорду дүрбөлөңгө салууда. Сүйлөшүү процесстерине өзүнүн катышуусун таңуулаган эл аралык коомчулукта мурда кезикпеген кубулушка күбө болуудабыз", — деген ал.Эске салсак, АКШ менен Россиянын кепке келип, президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын буга чейинки телефондон сүйлөшүүсү жана Эр-Риядда эки өлкө делегацияларынын диалогуна Евробиримдик нааразы болуп турат.Блумберг буга чейин европалык эки аткаминерге шилтеме кылып, Европа эки лидердин диалогунан кабарсыз калганын айтканын жана Украинаны жактаган дагы бир аткаминердин Трамптын бул ишин "саткынчылык" катары мүнөздөп, сүйлөшүү башталбай жатып АКШ маанилүү делген талаптар боюнча Россияга макул болуп жатат деп сындап да жибергенин жазган.
https://sputnik.kg/20250218/yevropa-menen-akshnyn-suuy-bashtagan-mamilesi-1092126088.html
акш
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/12/1092139138_909:240:2940:1763_1920x0_80_0_0_ee2bc976933c3a201220bf956f46322f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, батыш, мария захарова, тим, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, акш, батыш, мария захарова, тим, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясы Батыш дүйнөсү демократия менен коопсуздуктун эталону болбой калганын көрсөттү. Бул туурасында РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова айтканын
РИА Новости жазды.
"Коопсуздук боюнча өткөн Мюнхен конференциясы биз көптөн бери айтып-деп келген Батыш эң кур дегенде эталон болууга жарабай калганын тастыктап койду. Алар коопсуздук, демократиянын эталону болууга умтулбай калды. Анын белгиси да жок", — деген тышкы мамилелер боюнча ведомствонун өкүлү.
Захарова, мындан сырткары, бул күндөрү дүйнө коомчулугунда өтө көп талкууланып жаткан Россия менен АКШнын алакасы евроатлантикалык русофобдордун түн уйкусун бөлүп жатканына токтолду.
"Жогорку деңгээлдеги россиялык-америкалык байланыштар евроатлантикалык русофобдорду дүрбөлөңгө салууда. Сүйлөшүү процесстерине өзүнүн катышуусун таңуулаган эл аралык коомчулукта мурда кезикпеген кубулушка күбө болуудабыз", — деген ал.
Эске салсак, АКШ менен Россиянын кепке келип, президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын буга чейинки телефондон сүйлөшүүсү жана Эр-Риядда эки өлкө делегацияларынын диалогуна
Евробиримдик нааразы болуп турат.
Блумберг буга чейин европалык эки аткаминерге шилтеме кылып, Европа эки лидердин диалогунан кабарсыз калганын айтканын жана Украинаны жактаган дагы бир аткаминердин Трамптын бул ишин "саткынчылык" катары мүнөздөп, сүйлөшүү башталбай жатып АКШ маанилүү делген талаптар боюнча Россияга макул болуп жатат деп
сындап да жибергенин жазган.