https://sputnik.kg/20250220/ak-ydon-kiyevdin-kylygyna-chydabay-turgandyktaryn-aytyshty-1092172254.html
АКШ Киев бийлигинин нааразылыгына чыдабайт. Трамптын кеңешчиси үн катты
АКШ Киев бийлигинин нааразылыгына чыдабайт. Трамптын кеңешчиси үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШ Украинага бергендерин кайтарып алышы керек жана экономикалык демилгелерине Киевдин нааразы болгонуна Ак үй чыдабайт. Бул... 20.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-20T11:15+0600
2025-02-20T11:15+0600
2025-02-20T11:15+0600
дүйнөдө
акш
украина
майкл уолтц
киев
бийлик
нааразычылык
жардам
https://sputnik.kg/img/07e9/02/14/1092172799_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_be8a60c8aa822463ebd0e0be3f992a4a.jpg
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШ Украинага бергендерин кайтарып алышы керек жана экономикалык демилгелерине Киевдин нааразы болгонуна Ак үй чыдабайт. Бул туурасында Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц айтканын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды.Уолтц муну менен катар эле америкалык администрациянын АКШнын экономикалык демилгелерине Киев бийлигинин кылган мамилесинен улам көңүлү калганын белгилеген. Анын айтымында, Киев сунуштарды карап көрүүнүн ордуна Вашингтонго "айбат көрсөтүп" жооп кылды."Президент буга чыдабайт", — деген кеңешчи.Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.14-февраль күнү Washington Post гезити конгрессмендерге таянуу менен америкалык аткаминерлер Мюнхенде Зеленский менен жолугуп, АКШга Украинанын казып алына элек минералдык ресурстарынын 50 пайызын алууга укук берген документке кол коюуну сунушташкан. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске кол коюудан баш тартканын айтканын жар салган.
https://sputnik.kg/20250216/zelenskiy-aksh-ken-baylyk-kelishim-bash-tartty-1092090989.html
акш
украина
киев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/14/1092172799_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_4723be556c1048b4a45fd5910a18dad7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, майкл уолтц, киев, бийлик, нааразычылык, жардам
дүйнөдө, акш, украина, майкл уолтц, киев, бийлик, нааразычылык, жардам
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. АКШ Украинага бергендерин кайтарып алышы керек жана экономикалык демилгелерине Киевдин нааразы болгонуна Ак үй чыдабайт. Бул туурасында Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц айтканын
РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды.
"Россиянын тоңдурулган акчаларынын эсебинен пайыздык үстөгү менен кайтарып алуу үчүн европалыктардан аларга карызга акча берилип жатканын көрүп турабыз. Америкалык салык төлөөчүлөр да өз салымдарынын бир топ бөлүгүн кайтарып алууга татыктуу деп эсептейбиз", — деген ал.
Уолтц муну менен катар эле америкалык администрациянын АКШнын экономикалык демилгелерине Киев бийлигинин кылган мамилесинен улам көңүлү калганын белгилеген. Анын айтымында, Киев сунуштарды карап көрүүнүн ордуна Вашингтонго "айбат көрсөтүп" жооп кылды.
"Президент буга чыдабайт", — деген кеңешчи.
Эскерте кетсек, Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин
күтүп жатканын билдирген.
14-февраль күнү Washington Post гезити конгрессмендерге таянуу менен америкалык аткаминерлер Мюнхенде Зеленский менен жолугуп, АКШга Украинанын казып алына элек минералдык ресурстарынын 50 пайызын алууга укук берген документке кол коюуну сунушташкан. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске кол коюудан баш тартканын айтканын жар салган.