00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сүргүндө такшалган комиссар Аден Истамбеков. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө 100 жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР53-кыргыз атчандар полкунун комиссары Аден Истамбеков (оң жактан биринчи). Крым, 1936
53-кыргыз атчандар полкунун комиссары Аден Истамбеков (оң жактан биринчи). Крым, 1936 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2025
Жазылуу
Мындан 100 жыл мурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү менен Чек ара кызматынын башаты түптөлгөн. 1925-жылы 27-июнда Түркстан фронтунун буйругу менен Пишпекте өзүнчө Кыргыз атчандардын жарым эскадрону түзүлүп, аскердик бирикме кийин №53 кыргыз атчандар полкуна айланат.
Ошол убакта кызмат өтөгөн офицерлер менен аскерлер тууралуу маалымат көп тараган эмес. Полктун комиссары Аден Истамбековдун ишмердүүлүгү да көмүскөдө калган. 1937-жылы ал кыргыздын ичинен биринчилерден болуп 21-тоолуу атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат. Аскер иши боюнча алгачкы агартуучулардын бири Истамбековдун өмүр жолу, ишмердүүлүгү тууралуу маалымат Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун мамлекеттик архивинен, белгилүү чек арачы, жазуучу Осмон Лайлиевдин "Дети бурь" жана тарыхчы Назарбек Түнтеевдин "Красные кавалеристы Кыргызстана" китептеринен алынды.
Сүргүндө такшалуу. Аден Истамбеков 1903-жылы Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында төрөлгөн. Атасы Бекембай кедейдин баласы эле, гидротехниктер менен жер өлчөгүчтөргө жардамчы болуп, бүлөсүн багып, тил үйрөнөт. Өмүрлүк жары Үмүт да кембагалдын кызы болчу. Бекембайды 1906-жылы жалган жалаа менен сот Иркутскиге сүргүнгө кесет. Сотто Сибирге үй-бүлөсү менен чогуу кетүүнү суранып, өтүнүчү канааттандырылат. Үй-бүлө чоң кыйынчылык менен Чыгыш Сибирге жетип, Аден Иркутскиде орус, казак, татар, өзбек жана башка улуттагы туткундар менен аралашып, тил үйрөнүп, Александрск шаарындагы татар-тузем мектебинен кат-сабатын жоет. Мугалимдердин көбү татар болгондуктан ысымын Гадий деп өзгөртүп жазып, расмий документтерде Аден ушул жаңы ысым менен жазылып калган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЖумушчу-Дыйкандар Кызыл армиясынын жогорку педагогикалык мектебинин угуучусу Аден Истамбеков. Москва, 1926
Комиссар Аден Истамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2025
Жумушчу-Дыйкандар Кызыл армиясынын жогорку педагогикалык мектебинин угуучусу Аден Истамбеков. Москва, 1926
Туулган жерге кайтуу. 1911-жылы Бекембай оорудан Сибирде каза болгондон кийин Үмүт Ата мекенге кайтмак болот. Аден апасы менен туулган жерге келе жаткан эки жылдык сапарында жалданып да иштеп, жолду карай кайыр да сурап, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, 1913-жылы эне-бала Көл кылаасына келишет. Аден Ак-Суудагы орус байларына жалданып иштеп, православ чиркөөсүнүн мектебинде окуйт. Бош болуп калганда түнү менен орусча китеп окуганга жетишчү экен. Энеси экинчи ирет Ногойбай Сүйүмбаевге турмушка чыгат. 1916-жылкы Үркүндө Аден көпчүлүк менен Батыш Кытайга качууга аргасыз болот. 1918-жылы большевиктер бийликке келгенден кийин Истамбеков үй-бүлөсү менен Ата мекенине кайтат. Ал кайрадан Ак-Суу районунун Новоконстантиновка (азыркы Чоң-Жергез) жана Нововознесеновка (бүгүнкү күндө Боз-Учук) айылдарында орус кулактарга малай болуп иштейт. Аденге совет өкмөтүнүн Синьцзянда кулдукта калган кандаштарын куткарууга ири суммадагы акча бөлгөнү жана кыргыздарга тең укук берген саясаты абдан катуу таасир этет. Дал ушул себептен ал совет өкмөтүнүн иделогиясына ишенип, өмүрүн арнайт.
Аскердик жолдун башталышы. 1918-1921-жылдары Истамбеков Караколдогу башталгыч училищеде билим алган. Ал жерден кыргыздын келечектеги мамлекеттик ишмерлери Данеке Иманов, Садык Чоңбашов, Кожокан Шооруков менен жакындан таанышып, комсомол уюмуна байланыштуу тапшырмаларды аткарат. Большевиктер бийлигин чыңдоо үчүн жергиликтүү жаш мекенчилдерди армияга чакыра баштаган эле. Истамбековдун окуучусу, кыргыздын алгачкы чек арачыларынын бири жана жазуучу Осмон Лайлиев устатынын Кызыл армиянын катарына чакырылганын "Дети бурь" аттуу китебинде мындайча сүрөттөйт:
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРӨзүнчө Кыргыз атчандар эскадронуна Кыргыз автоном облусунун Борбордук аткаруу комитетинин атынан Кызыл туу тапшырылып жаткан учур. Фрунзе, 1926-жыл, 26-ноябрь
Комиссар Аден Истамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2025
Өзүнчө Кыргыз атчандар эскадронуна Кыргыз автоном облусунун Борбордук аткаруу комитетинин атынан Кызыл туу тапшырылып жаткан учур. Фрунзе, 1926-жыл, 26-ноябрь
...Истамбеков Караколдогу аскер комиссариатына чакырылат. Аны менен Ташкент шаарынан келген теги орус, улгайып калган командир маектешип, документтерин карап чыккандан кийин "сен малай болуп иштеген турбайсыңбы, шаардагы башталгыч училищени бүтүргөн экенсиң. Абдан жакшы. Ташкент шаарында теги мусулман аскерлердин ичинен жөө жоокер командирлерин даярдоо курстары ачылган. Мен ошол окуу жайдын өкүлү болом. Бизге сен сыяктуу зирек, жаш кыргыз жигиттери керек. Байкашымча, орус тилинде акценти жок мыкты сүйлөйт экенсиң" деп окуу жайга тапшырууну сунуштайт. Аден дароо макул болот. "Ташкент шаарында болдуң беле" деген суроого "Ташкент калаасы жөнүндө китептен гана окугам. Сибирде сүргүнгө айдалган өзбектердин арасында жашагам. Ошондуктан анча-мынча өзбек тилин билем. Татар-тузем мектебинде үч жыл билим алгам, татар тилин да билем" деп жооп берет. Комиссар "Нововознесеновка айылында төрт тилде мыкты сүйлөгөн малайды табам деп эч ойлогон эмесмин" деп таң калган экен.
Теги мусулман аскерлердин ичинен жөө жоокер командирлерин даярдоо курстары улуттук азчылыктардын арасынан Кызыл армия үчүн кадр камдаган аянтча эле. 1922-жылы майда бул курстардын базасында убактылуу Ленин атындагы аскер мектеби түзүлгөн. Истамбеков мектепке өтүп, алгачкы бүтүрүүчүсүнүн бири болот. 1923-жылы Адендин карындашы Жийдеш төрөлүп, беш жылдан кийин апасы Үмүт каза болот.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРАймактык башкармалыкта кызмат өтөгөн кызыл аскерлер демобилизация болуп үйлөрүнө кетип жаткан учур. Кыргыз автоном облусу, Фрунзе, 1926
Комиссар Аден Истамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2025
Аймактык башкармалыкта кызмат өтөгөн кызыл аскерлер демобилизация болуп үйлөрүнө кетип жаткан учур. Кыргыз автоном облусу, Фрунзе, 1926
1922-24-жылдары Истамбеков №813 (өзгөчө) ротанын командиринин жардамчысы, 1924-31-жылдары Ташкенттеги В.И. Ленин атындагы жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор болуп эмгектенет, 1926-жылы Москвадагы аскердик педагогика жогорку мектебине өтүп, аны 1927-жылы аяктайт. Ташкентке кайтып, В.И. Ленин атындагы Орто Азия жогорку аскер мектебинде тактика боюнча сабак берет, Борбор Азияда аскердик интеллигенцияны түптөөгө салымын кошуп, кыргыздан чыккан алгачкы офицерлерди окутат. Алардын арасында Кожобек Күзөмбаев, Асан Алиев, Осмон Ильмурадов, Жусуп Осмонбеков, Болот Мукашев бар эле. Истамбеков алар менен чогуу Чыгыш Бухарадагы басмачыларга каршы күрөшөт.
Аскердик мугалим жана Алматыдагы иши. 1928-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин тарых факультетине өтүп, аны сырттан окуп бүтүрөт. Мындан тышкары, Ташкент шаардык кеңешине депутат болуп шайланат. 1929-жылы аны Өзбекстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитети Хорезм чөлкөмүндө тартипти орнотуу тапшырмасы менен жиберет. Аден бул милдетти так аткарат. Ташкенттеги аскердик окуу жайда мугалимдигин да улантат. Теги татар, өзбек, казак курсанттар сабакты түшүнбөй калса, Истамбеков алардын тилинде түшүндүрүп берчү экен.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРКыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин президимиунун төрагасы (ортосунда) Абдыкадыр Орозбеков, Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин президимунун төрагасынын орун басары (солдо), Советтер Союзундагы улуттар кеңешинин катчысынын орун басары Чанышев. Бүткүл россиялык ХIII Борбордук Аткаруу Комитетинин 3- сессиясы. Москва, 1927
Комиссар Аден Истамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2025
Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин президимиунун төрагасы (ортосунда) Абдыкадыр Орозбеков, Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин президимунун төрагасынын орун басары (солдо), Советтер Союзундагы улуттар кеңешинин катчысынын орун басары Чанышев. Бүткүл россиялык ХIII Борбордук Аткаруу Комитетинин 3- сессиясы. Москва, 1927
1930-жылы ага Түркстан аскердик округу алкыш жарыялап, баалуу сыйлык ыйгарат. 1930-1931-жылдары Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсунда окуйт. Андан соң В.И. Ленин атындагы аскер мектебинде согуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүм башчысынын жардамчысы, парткомдун катчысы кызматында иштейт. Мындан сырткары, сүрөтчүлүгү да эскерилип кетет. 1931-1932-жылдары Истамбеков Орто Азия аскер округунун атчандар мектебинин окуу бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы болуп эмгектенет. Ак-Суу районунун Кара-Кыз айылынан кайын күтүп, келинчеги Зейнепке үйлөнөт. Аденди үзүрлүү эмгеги үчүн Өзбек ССРинин Борбордук шайлоо комитети, Түркстан аскер округу күмүш саат жана Ардак грамота менен сыйлайт.
1933-1935-жылдары Истамбеков казак атчандар полкунун комиссары болуп иштеп, Алматынын шаардык кеңешине депутат болуп шайланат. 1936-жылы Аденге батальон комиссары наамы берилген. Казакстан АССРинин түптөлгөнүнүн 15 жылдыгына карата Истамбеков №9213 төш белгиси менен сыйланат.
Ата мекенге кайтуу. 1936-жылы Кыргызстандын мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбеков Алматыга иш сапары менен барып, кокусунан Аден менен таанышып калат. Орозбеков ага дароо №53 кыргыз атчандар полкунун комиссары болууну сунуштайт. Истамбеков макул болот да, ошол эле жылы кызматка дайындалат. Ташкентте окуткан кыргыз командирлери менен улуттук аскердик, саясий жана чыгармачыл интеллигенцияны түптөө процессине кошулат. Кыргыз командирлери өздүк курам үчүн кыргыз тилинде "Тактикалык-техникалык терминология боюнча буйрук берүү" деген аталыштагы сөздүк иштеп чыгышат. Кыргызстандын саясий элитасы полкту дайым колдоп турган. Тарыхчы Назарбек Түнтеев "Красные кавалеристы Кыргызстана" китебинде "Аден ошол учурдагы кыргыз жаштарынын ичинен чыккан эң билимдүү инсан болчу" деп мүнөздөмө берет. 1937-жылы ал Ферганадагы 21-тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, Истамбеков кыргыздын ичинен алгачкы болуп мындай жогорку аскердик кызматты ээлеген адам болуп калат.
© Фото / Аксуйский районный государственный архив.Казак атчандар полкунун комиссары Аден Истамбековду Казак АССРинин түптөлгөнүнүн он беш жылдыгына карата төш белгиси менен сыйлоо тууралуу күбөлүк. Алматы, 1935
Комиссар Аден Истамбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2025
Казак атчандар полкунун комиссары Аден Истамбековду Казак АССРинин түптөлгөнүнүн он беш жылдыгына карата төш белгиси менен сыйлоо тууралуу күбөлүк. Алматы, 1935
Өмүрдү алган жалаа. Ошол эле жылы 53-кыргыз атчандар полкунун 44 командири менен бир аскерине жалган айып коюлуп, түрмөгө камалышат. Анын ичинде Аден да бар эле. Нечен кыйноодон өтүшсө да эч кимиси күнөөнү мойнуна албайт. 1939-жылы СССРдин коргоо министри Климент Ворошиловдун кийлигишүүсү менен 41 командир жана бир жоокер акталып, түрмөдөн чыгат. Тилекке каршы, НКВДнын зынданындагы кыйноодон Асан Алиев, Аден Истамбеков, Кожобек Күзембаев каза болушат.
Адендин аркасында эки уул жана бир кыз калган. Бир тууган карындашы медицина илимдеринин доктору маркум Жийдеш Истамбекова кыргыздын кыз-келиндеринин ичинен чыккан алгачкы терапевт эле. Истамбековдун айрым үзөңгүлөштөрү жана шакирттери Улуу Ата Мекендик согушта каза болушкан. 1958-жылы Истамбеков толугу менен акталат. 1992-жылы 4-августта Ак-Суу районунун кеңешинин чечими менен Аден Истамбековдун жана үзөңгүлөшү Мамыркул Чокуевдин ысымы Ичке-Жергез жана Боз-Учук айылдарындагы мектептерге ыйгарылат. Өмүрү кыска болсо да эмгеги элге сиңген Аден Истамбековдун ысымы унутулбайт.
Чыгыш Түркстан Республикасынын Коргоо министри, генерал-лейтенант Исакбек  Мониев. Кулжа, 1947 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2025
Кол баштаган Ысакбек Мониев. Кыргыздын туңгуч генералын эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0