https://sputnik.kg/20250221/1092188752.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
“Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз тилиндеги жаңы мультсериалдарды тартуулайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык... 21.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-21T08:59+0600
2025-02-21T08:59+0600
2025-02-21T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/15/1092188620_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f00200af7d106837280911a4c9adaf17.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
“Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз тилиндеги жаңы мультсериалдарды тартуулайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы “Карек” балдар киносу фонду менен биргеликте кичинекей көрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык мультсериалдарды даярдады. Бул долбоорлор Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында ишке ашырылган. Мультсериалдар жаш балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана аларга пайдалуу билим берүүгө багытталган. Жакында УТРКнын “Баластан” телеканалы жана киностудиянын “Кыргызфильм анимация” ютуб каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.
Өткөн жылы жөө жүргөндөрдүн катышуусунда 2 613 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында жол кырсыктарын алдын алуу багытында жөө жүргөн адамдар арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. "Былтыр жалпы 7 102 жол кырсыгы катталды. Анын ичинен 36,8 пайызы жөө жүргөндөрдүн катышуусунда болгон. Жол кырсыгына айдоочу эмес, жөө бараткан адам себепкер болгон учурлар көп. 10-15 метр ары турган өтмөккө баскандан эринип, көрсөтүлгөн жерден өтпөстөн туура эмес жерден чуркап чыга калышат. Саатына 50-60 чакырым менен бара жаткан унаа мындай учурда токтоого үлгүрбөйт. Жол эрежесин бузганы үчүн айып салып жатсак, ушундай айып барбы деп таң калган кишилер бар. Бирок элде жылдан-жылга жол эрежеси тууралуу түшүнүк жакшырып жатат", — деди Айтикул уулу. Ошондой эле ал жөө жүргөндөр жол эрежесин бузган учурлар Бишкек жана Ош шаарында көп катталарын кошумчалады.
Бишкекте эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде 22-23-февраль күндөрү эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 28- эл аралык мелдеш өтөт. Ал СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда. Белгиленгендей, жеңүүчүлөрүнө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Катышуучулар 10 салмак ченинде күч сынашат.
Украинанын бир топ бөлүгүн көзөмөлдөп тургандыктан абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Россиянын сөзү өтүмдүү болот. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды. "Орустар согушту бүтүрүүнү каалайт. Мен чындыгында ушундай деп ойлойм. Бирок алардын колунда көзүр турат, себеби көп аймакты алып алгандыктан сөзү өйдө болот", — деген Трамп журналисттерге. Буга чейин АКШнын администрациясы чатакты жөнгө салууда дипломатиялык жолду издөө зарылдыгын айткан эле. Трамп анын командасы процессти тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жеткирүүгө жөндөмдүү экенин кошумчалаган.
“Кыргызфильм” улуттук киностудиясы кыргыз тилиндеги жаңы мультсериалдарды тартуулайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы “Карек” балдар киносу фонду менен биргеликте кичинекей көрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык мультсериалдарды даярдады. Бул долбоорлор Кыргызстанда 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында ишке ашырылган. Мультсериалдар жаш балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана аларга пайдалуу билим берүүгө багытталган. Жакында УТРКнын “Баластан” телеканалы жана киностудиянын “Кыргызфильм анимация” ютуб каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Өткөн жылы жөө жүргөндөрдүн катышуусунда 2 613 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында жол кырсыктарын алдын алуу багытында жөө жүргөн адамдар арасында байма-бай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. "Былтыр жалпы 7 102 жол кырсыгы катталды. Анын ичинен 36,8 пайызы жөө жүргөндөрдүн катышуусунда болгон. Жол кырсыгына айдоочу эмес, жөө бараткан адам себепкер болгон учурлар көп. 10-15 метр ары турган өтмөккө баскандан эринип, көрсөтүлгөн жерден өтпөстөн туура эмес жерден чуркап чыга калышат. Саатына 50-60 чакырым менен бара жаткан унаа мындай учурда токтоого үлгүрбөйт. Жол эрежесин бузганы үчүн айып салып жатсак, ушундай айып барбы деп таң калган кишилер бар. Бирок элде жылдан-жылга жол эрежеси тууралуу түшүнүк жакшырып жатат", — деди Айтикул уулу. Ошондой эле ал жөө жүргөндөр жол эрежесин бузган учурлар Бишкек жана Ош шаарында көп катталарын кошумчалады. Бишкекте эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде 22-23-февраль күндөрү эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 28- эл аралык мелдеш өтөт. Ал СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда. Белгиленгендей, жеңүүчүлөрүнө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Катышуучулар 10 салмак ченинде күч сынашат. Украинанын бир топ бөлүгүн көзөмөлдөп тургандыктан абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Россиянын сөзү өтүмдүү болот. Бул туурасында АКШ президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды. "Орустар согушту бүтүрүүнү каалайт. Мен чындыгында ушундай деп ойлойм. Бирок алардын колунда көзүр турат, себеби көп аймакты алып алгандыктан сөзү өйдө болот", — деген Трамп журналисттерге. Буга чейин АКШнын администрациясы чатакты жөнгө салууда дипломатиялык жолду издөө зарылдыгын айткан эле. Трамп анын командасы процессти тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жеткирүүгө жөндөмдүү экенин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/15/1092188620_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bb2dc6686dae8078448fb77e14f34803.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио