https://sputnik.kg/20250221/1092193677.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө зор салым кошкон бир катар атуулдарга «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун... 21.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-21T11:00+0600
2025-02-21T11:00+0600
2025-02-21T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/15/1092193545_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_82d0ce4611eae6ef2590068e57950c56.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө зор салым кошкон бир катар атуулдарга «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик төш белгилерин тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде минкаб башчысы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдөгү тарыхый маанисин баса белгилеп, сыйлык алгандарга өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, алардын эмгеги жана берилгендиги Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди ээрчүүгө жана шыктандырууга үлгү болот. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерге класстык чендерди тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө минкаб башчысы мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн класстык чендерди берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, алардын өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеринде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет-шылуундук кылган деп 19 жаштагы баланы кармашканы кабарланды.Маалымата ылайык, 12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган. Факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы жаран кармалды. Учурда кармалган адам ИИМдин тергөө кызматында, териштирүү уланып жатат.
Кувейтке болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кувейттин соода жана өнөр жай министри Халифа Абдулла аль-Ажилдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдииршкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган «Борбор Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши» форматындагы инвестициялык форумдун алкагында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде, Халифа Абдулла Аль-Ажил кыргыз тараптын чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кувейт бизнес-форумун өткөрүү боюнча демилгени колдоду.
Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск украиналык аскерлер акча үчүн согушка жиберилип жаткандыгын, ал эми кармаштын өзү "ири коррупциялык схеманы" адалдоо болуп калганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал Вашингтондон алыс эмес жерде өтүп жаткан консерваторлордун конференциясында сүйлөп жатканда Украинада аскерлер өлүмгө жөнөтүлүп, согуштун өзү баюунун механизмине айлангандыгын белгиледи. "Бул — мен көргөндөрдүн ичинен өтө коррупциялашып кеткен схема. Чотур болуп, пара катары берилип, чөнтөктө калган акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй... Ал эми бул байкуштар акча үчүн аскерге жөнөтүлүп жатышат", — деген Маск. Ошондой эле ал муну токтотуу керектигин кошумчалаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө зор салым кошкон бир катар атуулдарга «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик төш белгилерин тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде минкаб башчысы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдөгү тарыхый маанисин баса белгилеп, сыйлык алгандарга өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, алардын эмгеги жана берилгендиги Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди ээрчүүгө жана шыктандырууга үлгү болот. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерге класстык чендерди тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө минкаб башчысы мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн класстык чендерди берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, алардын өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеринде мындан аркы ийгиликтерди каалады.ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет-шылуундук кылган деп 19 жаштагы баланы кармашканы кабарланды.Маалымата ылайык, 12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган. Факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы жаран кармалды. Учурда кармалган адам ИИМдин тергөө кызматында, териштирүү уланып жатат.Кувейтке болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кувейттин соода жана өнөр жай министри Халифа Абдулла аль-Ажилдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдииршкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган «Борбор Азия жана Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши» форматындагы инвестициялык форумдун алкагында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде, Халифа Абдулла Аль-Ажил кыргыз тараптын чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кувейт бизнес-форумун өткөрүү боюнча демилгени колдоду. Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск украиналык аскерлер акча үчүн согушка жиберилип жаткандыгын, ал эми кармаштын өзү "ири коррупциялык схеманы" адалдоо болуп калганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал Вашингтондон алыс эмес жерде өтүп жаткан консерваторлордун конференциясында сүйлөп жатканда Украинада аскерлер өлүмгө жөнөтүлүп, согуштун өзү баюунун механизмине айлангандыгын белгиледи. "Бул — мен көргөндөрдүн ичинен өтө коррупциялашып кеткен схема. Чотур болуп, пара катары берилип, чөнтөктө калган акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй... Ал эми бул байкуштар акча үчүн аскерге жөнөтүлүп жатышат", — деген Маск. Ошондой эле ал муну токтотуу керектигин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/15/1092193545_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b1fba239d9df8383e8789dbaf85ed60b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио