https://sputnik.kg/20250221/1092198128.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыккан. Бул тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө... 21.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-21T13:00+0600
2025-02-21T13:00+0600
2025-02-21T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/15/1092197996_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2de74781313974ce05e94e6b146f11a2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыккан. Бул тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов президенттик администрациянын коллегиясында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик жетекчилер жана алардын орун басарлары 591 жолу иш сапарга чыкса, алардын 128и максатсыз болгону аныкталган. Иш сапарлардын 41 пайызы республикалык бюджеттен каржыланып, бир күндүк орточо чыгым 22 миң сомду түзгөн. "Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылы 10 эл аралык иш сапар жасаган. Алардын жалпы узактыгы 32 иш күндү түзүп, бул жумуш убактысынын 16,8 пайызына туура келген. Кээ бир иш сапарлардын узактыгы жана мүнөзү рационалдуу болгон эмес", — деди Осмонов. Ошондой эле санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченконун Азербайжанда сот системасына тиешелүү иш сапарга катышуусу максатсыз деп табылган. Айыл чарба министринин орун басары Сокеев мыйзам талаптарына каршы, уруксаты жок Казакстанга барып келгени айтылды.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет-шылуундук кылган деп 19 жаштагы баланы кармашканы кабарланды.Маалымата ылайык, 12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган. Факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы жаран кармалды. Учурда кармалган адам ИИМдин тергөө кызматында, териштирүү уланып жатат.
Америка менен Россиянын расмий өкүлдөрү Эр-Рияддагы жолугушууда Украинанын аймагы боюнча маселени талкуулаган эмес, максат башка болгон. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын РИА Новости анын жакында берген интервьюсунан алып жазды. Рубио АКШ Киев жана европалык союздаштары менен консультацияларды жүргүзүп жаткандыгын да айткан. Ошондой эле ал маегинде Россия менен өз ара мамиле, кызматташуунун зарылдыгына токтолгон. Бирок азырынча тоскоолдуктар турганын белгилеген. Мындан тышкары Мамкатчы кызматташуу ар кыл жаатта болушу керектигин кошумчалаган.
Япониянын Когуро облусундагы токойдон өрт чыгып, 157 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Маалыматка ылайык, токой аймагындагы өрт тууралуу маалымат жакынкы 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учактарды ишке киргизилип, аракеттерге карабастан, өрт жайылып, 225 гектарга жакын жерди каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү өрттү өчүрүүнү улантууда.
Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыккан. Бул тууралуу Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов президенттик администрациянын коллегиясында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик жетекчилер жана алардын орун басарлары 591 жолу иш сапарга чыкса, алардын 128и максатсыз болгону аныкталган. Иш сапарлардын 41 пайызы республикалык бюджеттен каржыланып, бир күндүк орточо чыгым 22 миң сомду түзгөн. "Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылы 10 эл аралык иш сапар жасаган. Алардын жалпы узактыгы 32 иш күндү түзүп, бул жумуш убактысынын 16,8 пайызына туура келген. Кээ бир иш сапарлардын узактыгы жана мүнөзү рационалдуу болгон эмес", — деди Осмонов. Ошондой эле санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченконун Азербайжанда сот системасына тиешелүү иш сапарга катышуусу максатсыз деп табылган. Айыл чарба министринин орун басары Сокеев мыйзам талаптарына каршы, уруксаты жок Казакстанга барып келгени айтылды. ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет-шылуундук кылган деп 19 жаштагы баланы кармашканы кабарланды.Маалымата ылайык, 12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган. Факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы жаран кармалды. Учурда кармалган адам ИИМдин тергөө кызматында, териштирүү уланып жатат.Америка менен Россиянын расмий өкүлдөрү Эр-Рияддагы жолугушууда Украинанын аймагы боюнча маселени талкуулаган эмес, максат башка болгон. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын РИА Новости анын жакында берген интервьюсунан алып жазды. Рубио АКШ Киев жана европалык союздаштары менен консультацияларды жүргүзүп жаткандыгын да айткан. Ошондой эле ал маегинде Россия менен өз ара мамиле, кызматташуунун зарылдыгына токтолгон. Бирок азырынча тоскоолдуктар турганын белгилеген. Мындан тышкары Мамкатчы кызматташуу ар кыл жаатта болушу керектигин кошумчалаган.Япониянын Когуро облусундагы токойдон өрт чыгып, 157 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Маалыматка ылайык, токой аймагындагы өрт тууралуу маалымат жакынкы 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учактарды ишке киргизилип, аракеттерге карабастан, өрт жайылып, 225 гектарга жакын жерди каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү өрттү өчүрүүнү улантууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/15/1092197996_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_184753879e024123ca6266508c234910.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио